Кыргызстандагы балдар лагерлери. Тизме, акысы, шарты жана даректери

© Sputnik / Табылды КадырбековАркан тартыш ойногон балдар. Архив
Аркан тартыш ойногон балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан быйыл Бишкек, шаардын чет жакасындагы жана Ысык-Көл жээгинде уюштурулган жайкы лагерлердин тизмесин кайрадан жаңылады.
Жайкы каникулдун экинчи айы башталды. Саратан, көлмөлөрдө суу жылыды. Ата-энелер балдарын эс алууга жөнөтүүгө жай издеп турган убак.
Sputnik Кыргызстан балдар лагерлерин тизмелеп, эс алуу акысы жана шарттары тууралуу билип чыкты.
"Флиппер" жайкы лагери
  • 14 күндүк акы — 5 500 сом;
  • шарттары: 6дан 12 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт жолку тамактануу;
  • дарек: Матросов көчөсү, 51/2, Скрябин көч. менен кесилишет;
  • телефону: (0555) 15-55-33.
"Сказка" ("Жомок") жайкы лагери
  • Бир айлык акысы — 10 000 сом;
  • шарттары: алты жаштан тогуз жашка чейинки балдар кабыл алынат;
  • дареги: Лебедев-Кумач көч., 36;
  • телефон номерлери: (0555) 98-78-42, (0771) 71-55-66, (0550) 71-55-66.
"Светоч" жайкы лагери
  • Бир айлык акы — 8 500 сом;
  • шарттары: 6 жаштан 11 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
  • дареги: 3-кичирайон, № 29 үй ("Улуу-Тоо" чайханасынын жанында);
  • телефону: (0558) 90-90-20.
"Абитуриент" роботлагери
  • Он күндүк акысы — 10 000 сом;
  • шарттары: 6 жаштан 11 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Үч ирет тамак берилет;
  • дареги: Исанов көч., 4;
  • телефону: (0551) 40-41-42.
"Точка роста" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 10 000 сом. Убактысы — 9.00дөн 18.00гө чейин;
  • шарттары: 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Көк-Жар айылы, Егимбаев көч., 151а;
  • телефону: (0554) 46-61-16.
"Дино" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 13 000 сом;
  • шарттары: 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар кабыл алынат;
  • дареги: Майкопский тар көч., 6;
  • телефону: (0555) 90-57-56.

Бишкектин четиндеги лагерлер:

"Билимкана" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 12-15 миң сом;
  • шарттары: 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Чоң Кемин району, Шабдан айылы, "Билимкана-Шабдан" мектеби;
  • телефону: (0555) 63-00-22.
Беш-Күңгөй айылындагы жайкы лагерь
  • Эки маал тамагы менен 5 жана 10 күндүк күндүзгү эс алуу (10.00 – 18.00) — 4 000 жана 7 500 сом, суткасына — 1 100;
  • Беш жолку тамагы менен 5 жана 10 күндүк эс алуу — 4 800 жана 9 000 сом;
  • шарттары: 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынат;
  • дареги: Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылы;
  • телефону: (0558) 50-86-98.

Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлер:

"Tisan" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 12 миң сом;
  • шарттары: 8 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Барскоон айылы;
  • телефону: (0559) 21-69-60.
Jetigen жайкы лагери
  • 11 күндүк эс алуунун акысы — 17 миң сом, эс алган соңку агымдын акысы — 14 миң сом;
  • шарттары: 9 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы;
  • телефон номерлери: (0557) 78-77-00, (0770) 78-77-00, (0703) 78-77-00.
Cambridge Schooll жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — агымга жараша 7 000 – 9 500 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар, англис тили тереңдетилип окутулат;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Чоң Сары-Ой айылы;
  • телефону: (0553) 55-22-98.
Hollywood Camp жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 10 000 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Тору-Айгыр айылы; Бишкек: Исанов көч., 118;
  • телефон номерлери: (0502) 02-26-22, (0999) 02-26-22.
AMERICAN SCHOOL жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 10 000 – 11 000 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт жолу тамак берилет;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы;
  • телефону: (0500) 90-84-59.
Саламаттык сактоо министрлигинин "Ден соолук" балдар лагери
  • 12 күнгө — 7 500 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы бар;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары;
  • телефону: (0559) 35-58-73.
"Жалын" ден соолукту чыңдоочу балдар борбору
  • Он күндүк акысы — агымга жараша 7 250дөн 8 440 сомго чейин;
  • шарттары: 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Беш маал тамак берилет;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары;
  • телефон номерлери: (0550) 56-05-40, (0312) 51-87-04.
"Барчын" ден соолукту чыңдоочу балдар борбору
  • Он күндүк акысы — 13 500 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Беш маал тамак берилет;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Чоң Сары-Ой айылы;
  • телефону: (0555) 57-85-78.
"Орлёнок" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 6 000 – 7 000 сом;
  • шарттары: 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамак берилет;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Сары-Ой айылы;
  • телефон номерлери: (0550) 54-50-94, (0707) 54-50-94.
Ички иштер министрлигинин "Дзержинец" жайкы лагери
  • Он күндүк акысы — 8 000 сом;
  • шарттары: 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы камтылган;
  • дареги: Ысык-Көл облусу, Чок-Тал айылы;
  • телефон номерлери: (0707) 54-50-94, (0550) 54-50-94.
Жаңылыктар түрмөгү
0