Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековЖубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Былтыр турмуш курган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы биринчи жолу никеге тургандар.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылдын башына карата статистика боюнча калктын 3,3 миллиону аялдар. Алардын саны эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк болуп 50,4 пайызды түзөт.
Улуттук статистика комитети Аялдардын эл аралык майрамына карата берген маалыматын сунуштайбыз.

Ош, Жалал-Абадда кыздар аз төрөлөт

Аялдардын үчтөн экиси же 64 пайызы айыл тургундары. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыздарга караганда, эркек балдар көбүрөөк төрөлөт.

Аялдар көп иштеген тармактар

Улуттук кийимчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Канчадасың, чырагым?.. Кыз-келиндин кыжырын кайнаткан 7 суроо

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48 пайызы иш менен камсыздалган. Ал эми экономика тармагында иштеген аялдардын орточо курагы 39 жаш. Өлкө экономикасы боюнча багыттагы ар бир алтынчы аял 25тен 29 жашка чейинки куракта. Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана жана ресторандар, соода сыяктуу багыттар негизинен "аялдардын чөйрөсү" болуп саналат.

2019-жылы жогорку билимге ээ аялдардын 27 пайызы, эркектердин 18 пайызы кесиби боюнча иштеп жатканы белгилүү болгон. Ал эми орто кесиптик билим алгандардын арасында бул көрсөткүч 17 жана 8 пайызды түзөт.

Кыргызстандык кыздар көбүнчө канча жашында турмушка чыгат

2020-жылы турмуш курган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Кыргызстандык кыздар 18-25 жашында үй-бүлө курууга ниеттенишет.
Жыйындын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Элетте туруп киреше табыңыз. Ишкер аялдарды колдогон акция башталды
Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Алар эркектерге караганда узагыраак жашайт.
Ошондой эле аялдардын болжолдуу жашоо узактыгы 76 жаш, эркектердики 68 жаш деп белгиленген. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору экени аныкталган.
Орточо статистика боюнча аялзаты 24 жашында биринчи перзентин жарыкка алып келет. Бир аял негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18-19 жана 25-29 жаш курагында болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0