00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Канчадасың, чырагым?.. Кыз-келиндин кыжырын кайнаткан 7 суроо

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен кыз. Архив
Улуттук кийимчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Бирөө менен таанышып калсаң дароо эле жашыңды сурайт. 25тен өтүп калганыңды айтсаң так секирип "кара далы болуп бараткансың го" деген сөздөр дарегиңе жаай баштайт. Айрымдары андан башка да көп сөз айтканга жетишет.
Кыз-келиндерди ушул сыяктуу дагы кандай суроолор кыжырын кайнатып, "кан басымын көтөрүп" жиберет? Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.
Канчадасың? Бул кыз-келиндердин жанын кашайткан суроолордун алдыңкы сабында турат. Кокус жигиттерге жашың 25тен өткөнүн айта турган болсоң, "көптү көргөн" же "карышкыр" турбайбы деп ойлошу мүмкүн. Айрымдары "тарс" эле бетке айтып салышат. 30га чамалап же андан өйдө болсо так секиришет. Ал куракка чейин турмушка чыкпай жатканынын ар кандай себеби болушу мүмкүн да. Балким ал кыз буга чейин турмуш куруп ажырашып кеткендир же жакшы көргөн жигити менен жолу болбой кайгыда жүргөндүр. Анын үстүнө азыр заман башка. Баарын белендеп, окуп-чокугандан кийин турмушка чыкпаса кор болуп калышы ыктымал. Азыр билимдүү, үй-бүлө менен жумушту бирдей алып кеткен аялдар бааланып баратат. Күйөөсүнө, кайын журтка деле өзүнө тың кыздар жакса керек.
Камыр жайып жаткан келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Кайнагасы менен өбүшүп учурашып... Келин кайнененин кыжырын кайнаткан 8 учур
Качан турмушка чыгасың? Бул суроону бойго жеткен кыздарга баары берет. Мектепти аяктаган жылы бул тема көп козголбойт. Анан бир-эки жыл өтүп, жашың 20дан өйдөлөй баштаса эле кичинесинен чоңуна чейин сурап кирет. "Күйөөгө тийбегиле!" деп үндөгөн жерибиз жок. Болгону турмушка чыга элек кыздарга бул суроону берип тажата бербегиле! Ал да "жакшы адамга турмушка чыгайын" деп карап, ойлонуп, байкап жүргөндүр. Күйөө деп эле колун сурап же кат жазган биринчи адамга кете берсе жашоо кандай болот? Ушул суроодон тажап, эптеп эле бир күйөөгө тийип алгандар да жок эмес. Бирок андайлардын аягы жакшы бүткөнү аз.
Андан көрө "кайсы маалда турмушка чыкса да өзүңө жаккан, ишенимдүү адамды тапсын" деп тилейли...
Качан төрөйсүң? Кыз бала турмушка чыккандан кийин эле кайын журту да, төркүнү да ичин аңдып отурушат. Бизде негизи бир айдан кийин "боюңда барбы, качан төрөйсүң?" деген суроого ар бир келин даяр болушу кажет. Ар бир аялзат балалуу болууну каалайт. Баланы ким жерисин? Балким боюнда болбой кыйналып жүргөндүр. Аны билбей, түшүнбөй келиндин жарасына туз сепкендер бар. Ошол себептен суроону өтө этияттап берүү керек. Боюнда болсо өздөрү сүйүнчүлөйт, айтат. Ага чейин чыдап тургула!
Экинчисин качан анан? "Дарыгер ден соолугуңду калыбына келтирип, андан кийин төрө деди" десең болбой, "ал айта берет, удаа-удаа төрөп ал" деп медик болуп кетишет...
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2019
Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп
Эмне толуп кеткенсиң? Бул аялдарга өтө катуу тие турган суроо. Силер айтпасаңар деле толуп баратканын өзү билет. Кокус оорудан улам семирип жаткандыр. Адамды жакындан билбегенден кийин олдоксон суроолорду берүү туура эмес. Ар бир суроонун, сөздүн, сунуштун жөнү болушу керек.
Эмне жүдөп калгансың? Бул суроону көбүнчө турмушка чыккандан кийин беришет. Боёнбой калсаң эле жүдөгөн болуп эсептелеби? Албетте, баары кыз кездегидей болбойт. Күйөөгө тийип, балалуу болгон соң көп нерсеге жетишпей калышың ыктымал. Шиш таканын ордуна өзүң эле бала менен ыңгайлуу бут кийим кийгиң келип калат. Анан да "азыр эле келем да" деп дүкөнгө чыга калат эмеспизби. Дал ошол башыңды жуубай, боенбой, атам замандан берки курткаңды жонуңа сала калып чыккан маалда сөзсүз илгерки таанышыңа, классташыңа, курсташыңа, айтор, көптөн бери көрө элек адамга жолугуп айлаң кетет...
Канча айлык аласың? Өтө деле жакын эмес адамдардын ушул суроосу жанды иренжитип жиберет. Менин тапкан акчам менен иштери канча? Билип алып эмне кылышат дейм да. Өздөрү деле эмне максат менен сурап жатканын билеринен күмөнүм бар, ай...
P.S. Ар бир кыз, ар бир аял жаш курагына карабай бактылуу болууга акылуу!
Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0