Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог

Жазылуу
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев узакка созулган оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салып, кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин аппараты тараткан некрологдо жазылган.

Анда Кулуев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин эл мугалими, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири экени белгиленген.

"Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган некрологдо.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог
1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, "Кыргыз туусу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары" ыр жыйнактары, "Мидин минткен экен" сатиралык аңгемелер жыйнагы, "Эл-жер баяны", "Өмүр издери" публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0