ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог

© Фото / пресс-служба синобразования и науки КРМинистр образования и науки КР Каныбек Исаков
Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, 150дөн ашык илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо жазылат.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган.

Эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда иштөөдөн баштаган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Педагогикалык ишмердикти 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу болуп иштөөдөн баштап, аталган окуу жайда улук окутуучу, декандын орун басары, проректор жана ректор кызматтарына чейинки баскычтарды басып өткөн. 1995-жылы студенттик "Нур" гезитинин башкы редактору болуп дайындалып, студенттердин билим алуусу менен бирге чыгармачылыгын да өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаган. 

© Фото / Facebook / Каныбек ИсаковКыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович

Идеяга бай, эмгекчил, ынтызарлык сапаттарынын аркасында 1997-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары, 1998-жылы аталган окуу жайда ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы кызматтарын аркалаган. 2000-жылы ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында эмгектенген. 2005-жылы ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.

Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Эңсеткен эне мээрими, ай жарыгындагы муз. Профессор Каныбек Исаковдун айылга каты
2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болгон. Бул жылдары ОГПИ педагогика тармагындагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалып, бул окуу жайын 2019-жылга чейин жетектеген.

ОшМУда окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын киргизүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарына кирген.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Бул учурда да өлкөбүздүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр болгонуна коомчулук күбө болду.

Ал илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, 150дөн ашык илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон, ошондой эле бир нече көркөм-адабий китептери жарык көргөн.

Каныбек Исаков коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөбүздө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКаныбек Исаков 51 жашында дүйнөдөн кайтты
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Исаков 51 жашында дүйнөдөн кайтты

Үзүрлүү эмгеги үчүн 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги", 2006-жылы "Кыргыз тили" төш белгилери, 2007-жылы Ч. Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги, 2010-жылы Япониядагы Сока-Гаккай университетинин "Ардактуу профессору", Түркиядагы Кастамону университетинин "Ардактуу профессору", 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Үч кыз, бир уулга татыктуу тарбия берген.

Кыргызстандын илимий чөйрөсү, интеллигенциясы жана жалпы эле Кыргызстандын эли Исаков Каныбек Абдуваситовичтин жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

  • С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков,
  • А. Э. Новиков, Э. Ж. Сурабалдиева, Р. А. Сабиров, С. С. Касмамбетов,
  • Б. А. Аманбаев, Г. С. Калиева, У. А. Марипов, Г. С. Молдобекова,
  • А. С. Токторов, Т. З. Зулпукаров, А. Т. Сулайманов, А. М. Эргешов,
  • Н. И. Ишекеев, А. Б. Бейшеналиев, Н. К. Кадырбеков, А. С. Бейшеналиев, К. К. Ташиев, З. Ж. Эргешов, М. М. Мамытов, М. С. Джуматаев, К. Б. Базарбаев, Ж. О. Абдураимов, Ж. У. Саралаева, У. А. Усеков,
  • З. П. Жапаров, Ж. А. Ташиев, Н. С. Жусупбекова, Н. К. Омуров,
  • А. И. Мусаев, П. Б. Туркбаев, Т. И. Першина, С. Б. Абдрахманова,
  • М. Б. Базаркулов, А. Н. Зырянова, А. Сманбаев, Ж. Б. Жанузаков,
  • Т. С. Сайпидинова.
Жаңылыктар түрмөгү
0