Бир суткада 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 3 479 бейтап, амбулатордук шартта 3 488 киши дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкөдө беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 139;
  • Ош – 23;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 25;
  • Нарын облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 31;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 125.

Айыккандар:

  • Бишкек – 65;
  • Ош шаары – 41;
  • Чүй облусу – 46;
  • Ош облусу – 76;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 62.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 57 276 адамга жетип, анын ичинде 48 637 бейтап ооруну жеңген. Бир суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, каза болгон учурлардын саны 1 138 болду.

Азыркы тапта ооруканаларда 3 479 бейтап, амбулатордук шартта 3 488 киши дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар:

  • Бишкек шаары – 1;
  • Ош облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти

Ошол эле маалда 12 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0