БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 568 адамдан коронавирус аныкталып, 380 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Оору жуктуруп алгандар борбор калаада жана Жалал-Абад, Баткен облустарында көбүрөөк катталууда.
- Бишкек - 159;
- Баткен облусу - 129;
- Жалал-Абад облусу – 120;
- Чүй облусу – 56;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Ош - 29;
- Ош облусу - 17;
- Талас облусу - 16;
- Нарын облусу - 4.
Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны 56 738ге жетти.
Күндөн-күнгө азаюуда. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын саны
Ошол эле учурда 380 бейтап ооруну жеңип чыккан:
- Ош облусу – 86;
- Жалал-Абад облусу – 86;
- Бишкек – 67;
- Баткен облусу – 41;
- Чүй облусу – 34;
- Ош шаары – 29;
- Ысык-Көл облусу – 16;
- Талас облусу – 11;
- Нарын облусу – 10.
Ушуну менен 48 223 адам коронавирустан сакайды.
Тилекке каршы, бир күндө эки киши бул илдеттин кесепетинен каза болду. Жалпысынан алганда 1 136 кыргызстандык ажал тапты.
Азыркы тапта ооруканаларда 3 398 бейтап жатат, ал эми үй шартында 3 454 адам дарыланууда.