10:10 31 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1180 0 0

Азыр дүйнөнүн ар бир бурчунан кыргызстандыктарды табууга болот. Кай бирлери жумуш издеп кетсе, айрымдары минтип койгон кыял-максаттарынын артынан барып, ийгиликти багынтып отурат. Арасында бактысын тапкандар да аз эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги музыка менен Американы багынткан кыргыз кызы Нурмира Салимбаевадан маек алган.

Нурмира Салимбаева виолончелде мыкты ойнойт. АКШдагы музыка жана искусство жаатында дүйнөгө белгилүү университеттин магистратурасын аяктаган. Учурда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарында жашайт.

— Өзүңүз тууралуу кыскача окурманга маалымат берсек?

— Бишкек шаарында туулгам. Апам көп жылдан бери Мамбет Мамакеев атындагы республикалык ооруканада врач болуп эмгектенет. Атам кесиби боюнча инженер. Тогуз жашымда ата-энем мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка алып келип киргизишкен. Ал жактан үнүмдү текшерип "музыканы кабыл алып, байкоосу жакшы. Манжалары узун, колдору чоң экен. Чоңураак музыкалык аспапта ойносун" дешип колума виолончелди карматып коюшту. Алгач виолончель көзүмө менден да чоң көрүнүп, ыйлаганым эсимде. Бирок бул аспаптын жагымдуу үнүн угаарым менен аны сүйүп калгам. Мугалимим Фёдор Якунин азыр деле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта сабак берет. Бул адамдын колунан 17 жашыма чейин билим алдым. Алгачкы устатым абдан мыкты окутуучу. Кийин Улуттук консерваторияда окудум. Ал жактагы окутуучум Зинона Бегалиева да музыканы сүйүүгө чоң түрткү берип, бар күчүн жумшап аябай мыкты билим берди. Консерваториянын акыркы курсунда окуп жүргөндө "Мээрим" фондунун стипендианттары фонд менен бирге Москваны, Түркияны, Швейцарияны кыдырып концерт койгон элек.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Алгач виолончель өзүмдөн да чоң көрүнүп, ыйлаганым эсимде. Бирок бул аспаптын жагымдуу үнүн угаарым менен аны сүйүп калгам.

— Америкага кандайча барып калдыңыз?

— Котормочу болуп иштеген тууган агам АКШга бир конференцияга кетип жатып, барып "виолончель ойноп бересиңби?" деп сурангандан дароо макул болдум. Ошол кезде 21 жашта болчумун. Америкада мага атайын тур уюштуруп беришип, виолончелим менен көп концерттерге катыштым. Кийин менин музыкалык аспапта ойногонум жергиликтүү музыканттарга жагып, Америкада калып билим алуума сунуштар түштү.

— Окууга өттүңүзбү?

— Алгач Нью-Йорктогу музыка жана искусство чөйрөсүндө дүйнө жүзүнө белгилүү Жульард (Juilliard School — ред.) музыкалык консерваториясына сынак тапшырдым. Виолончель жана музыка боюнча эки сынактан өтүп, англис тилинен TOEFL тапшыра албай койдум. Тил билбесең бардык эшиктер жабык экенин түшүнүп, ошондон кийин болгон күчүмдү тил үйрөнүүгө жумшадым. Башында кыйналдым. Төрт жыл англис тилин аябай окуп, күнүнө алты-жети сааттан курстарга барып турдум.

Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек

— Өзүңүз концертке катышууга барып эле АКШда калып калсаңыз. Чоң шаар, бөтөн элде кантип жан бактыңыз?

— Ал убакта жанымда акчам да жок, бөтөн жерде эч кимди тааныбайм же тил билбейм. Колумда виолончелим менен бир чемоданым эле боло турган. Баарын башынан башташ керек болду. Албетте кыйналдым. Бир гана кудайга ишендим. Мени чоң музыкант болуу кыялым жана талбаган эмгек абалдан сууруп кетти деп ойлойм. Курска баруу үчүн алгач бала багуучу, ит сейилдетүүчү, театр жана үй тазалоочу болуп иштеп жүрдүм. Кичинеден окууга акча чогулта бердим. Бир күнү Жульард мектебинин мугалими чалып: "Нью-Йорк абдан кымбат шаар. Бул жактан сегиз сааттык аралыкта жайгашкан Рочестер шаарындагы Рочестер университетинин Истмен музыка мектебине (Eastmen School of Music— ред.) барып тапшыр. Ал дагы дүйнөгө белгилүү жана музыкалык аспаптар жаатында абдан күчтүү консерватория", - деген кеңешин берди. Албетте, бул сунушту туура кабыл алдым, анткени Жульард мектебинин окуусун төлөөгө менде каражат жок болчу.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Кыргызстанда музыканттарды баалап, көңүл бурушпайт. Музыкант болуу чоң эмгекти, казып окууну, терең билим алууну талап кылат.

— Анан кантип Америкада ийгиликтүү музыкант болууга жетиштиңиз?

— Америкада ийгиликтүү музыкант болуу үчүн белгилүү бир окуу жайын аяктоо өтө маанилүү. Ошол себептен мыкты университетке өтүүгө болушунча жан үрөдүм. Буга чейин Кыргызстанда деле чоң концерттерде ойноп, бир нече мамлекетти кыдырып концерт берсек да бул жактан баарын башынан баштоого туура келди. Нью-Йоркко дүйнө жүзүнөн менмендеген музыканттар келет. Андыктан көп эмгектенүү абзел. Анан да сонун адамдардын моралдык колдоосу болду. АКШдан таанышкан Эний жана Лима Күнөрдүн үй-бүлөсү менен абдан жакындашып, өз кишилердей болуп калдык. Окуумдан эс алууга чыккан сайын алардын үйүнө барчумун. Ошондой эле классикалык музыканы баалаган көп адамдарга жолуктум. Алар мага жаңы виолончель сатып алуума да жардамын аяган жок.

— Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз?

— Истмен музыка мектебинин магистратурасында окуп, оркестрда ойноп жүргөндө жолдошум бизге дирижёр болуп келди. Ал мени биринчи көргөндө эле жактырып калыптыр. Бирок япон кызы деп ойлоп, өз алдынча япон тилин үйрөнүп жүргөн экен. Бир жолу орусча сүйлөп жатканымды угуп, Борбордук Азиядан экенимди баамдаптыр. Себеби кичинесинде балдар хорунда ырдап көп мамлекеттерди кыдырган. Кыргызстан тууралуу да билчү экен. Андан кийин таанышып, сүйлөшүп кеттик. Жолдошум америкалык еврей. Абдан таланттуу музыкант жана англис тилинен тышкары үч-төрт тилде эркин сүйлөйт.

Ошол магистратураны аяктап жатканда апам АКШга үч айга келип, мени Кыргызстанга алып кетмек болгон. Ата-энемдин Кыргызстандан турмушка беребиз деген ойлору бар эле. Бирок Клей (жолдошу Клей Гринберг) апамдан колумду сурап, калтырып кетүүсүн өтүнүп туруп алды. Акыры ата-энем макулдугун берип, апамдын кетерине үч күн калганда тоюбузду бердик. Дароо эле Нью-Йоркко көчүп келип, Манхэттен Чембр Мюзик (Manhattan Chamber Music — ред.) оркестринде, Опералык Хауста (опералык театр), Бродвей шоуларда (англ. Broadway theatre же жөн гана Бродвей — ред.) виолончель ойноп жүрдүм. Ошондой эле Нью-Йорктогу эки белгилүү музыкалык мектеп жумушка алышты. Балдарга виолончелден жана скрипкадан сабак берип иштедим. Клей Кыргызстанды абдан жакшы көрөт. Эли меймандос, мээримдүү деп көп айтат.

Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

— Үч баланын ата-энеси болупсуздар...

— Ооба, улуу кызыбыздын аты Софья-Айсулуу 10 жашта, уулубуз Элайже-Ильяз сегиз, ал эми кичүү кызыбыз Амилия-Сайкал бешке чыкты. Апамдын аты да Сайкал болгондуктан небересине таенесинин ысымын ыйгарганбыз. Балдарым абдан жайдары, боорукер. Балдарды тарбиялоодо кыргызча менталитетти да колдонуп алгач улууларды жана өзүн сыйлоого үйрөтөбүз. Экинчиден, бирөөгө бой көтөрүү жаман адат экенин билишет. Күйөөм экөөбүз балдарды башка балдарга салыштырбайбыз. Бул, менимче, туура тарбия. Анан да биз, ата-энелер, балдарды көбүнчө "ыйлаба" деп урушабыз. Бул бир аз туура эмес. Себеби балдардын ыйлап алуусуна, оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мен өзүмдү балдарымдын адвокатымын деп коём. Аларга дайыма жакшы көрөрүмдү айтып турам.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Котормочу болуп иштеген байкебиз АКШга конференцияга жөнөп жатып, “барып, виолончель ойноп бересиңби?” деп суранганда дароо макул болгом.

— Кыргызстанда музыканттар анча бааланбайт эмеспи. Америкада бул жагы кандай?

— Кыргызстанда музыканттарды баалап, көңүл бурушпайт. Музыкант болуу чоң эмгекти, казып окууну, терең билим алууну талап кылат да. Эсимде 17 жашымда Кыргызстанда өткөн республикалык сынакты утуп алдым. Анан ошол эле жылы мугалимим Зинона Бегалиева Москвадагы консерваторияга алып барып, өзүнүн окутуучусу Мария Чайковскаяга музыкалык сынак (прослушивание) тапшырткан эле. Кыргызстандан барган үчөөбүз тең өтүп кеттик. Кайра келгенде материалдык жактан мүмкүнчүлүк жоктугунан окууга барбай калгам. Апам жардам сурап барбаган жери калган жок. Маданият министрлигине барса, жардам берүүдөн баш тартып коюшуптур. Натыйжада ошол үчөөбүздүн ичинен бирөө эле Москвага окууга кеткен. Ошондо аябай ызаланып ыйлап, биздин өлкөдө өзүңө гана ишенүү керек экенин түшүнгөм. Үч-төрт жылдан кийин аталаш агам "Америкага жүрү" дегенде эч нерсени карабай, бир-эки саатта эле чемоданымды чогултуп кете бергенимдин себеби да ошол болду окшойт. Бирок чет жерде кыйынчылыктар көп эле болду. Башында Кыргызстанды, нанынын жытын, абасын, эл-журтту сагынып жүрдүм. Ыйлаган күндөрүм көп болду. Азыр дагы музыка тармагында гана эмес, Кыргызстандагы кырдаалга да жүрөгүм ооруйт. Өлкөдө реформа болушун каалайм.

Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

— Кыргызстандык жаш музыканттарга эмне айтар элеңиз?

— Музыкасыз жашоо — бул караңгыда калгандай. Кандай күнгө туш болсоңор да токтоп калбагыла. Кыялыңарга карай эмгектене бергиле. Музыканын жараатыңды айыктыра турчу сыйкыры бар. Алгач эмне үчүн музыканы тандап алганың тууралуу ойлон, өзүңө суроо бер. Бирөөгө жагуу же белгилүү болуу үчүн эмес жан дүйнөнү толтуруу үчүн тандасаң ийгилик болот.

Виолончелистка из Кыргызстана Нурмира Салимбаева, которая проживает в Нью-Йорке
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
Нурмира Салимбаева: Кыргызстандык музыканттар Нью-Йорктогу белгилүү маданий жайларда кыргыз композиторлору Калый Молдобасановдун, Муратбек Бегалиевдин, Абдылас Малдыбаевдин классикалык музыкаларын ойноп турабыз.

— Нью-Йоркто Азамат Сыдыков аттуу кыргызстандык белгилүү пианист жигит да жашачу эле...

— Ооба, азыр Азамат (Сыдыков) кыргызстандык музыканттарды колдоо боюнча атайын фонд ачкан. Ошол фонддун иштерине катышып турам. Кыргызстандык музыканттар Нью-Йорктогу белгилүү маданий жайларда кыргыз композиторлору Калый Молдобасановдун, Муратбек Бегалиевдин, Абдылас Малдыбаевдин классикалык музыкаларын ойноп турабыз. Америкалыктарга кыргыз обондору абдан жагат. Анткени назик, терең, тарыхы бай, кооз болот. Кыргыз күүлөрүн ойногондо эл кээде туруп алып кол чабышат. Америкада дагы бир мыкты музыкант, комузчу Перизат Копубаеванын атын айта кетким келет. Ал дагы Мукаш Абдраев атындагы мектепти бүткөн. Жолдошу белгилүү ырчы Эрлан Андашев. Мындан тышкары, Кайыр Кошоева деген пианист, Назгүл Бектурова аттуу виолончелде ойногон кыз бар. Баарыбыз катышып, бирге концерт коюп, кыргыз күүлөрүн Америкада жаңыртып турабыз.

Тема боюнча

Студенттерди чет өлкөгө окууга даярдаган ишкер: 5 нерсени эстен чыгарбаш керек
Кыргыз кыздар чет элдиктерден эмнеси менен айырмаланат? Суктандырган жигиттин маеги
Белгилер:
Кыргызстан, жумуш, музыка, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ