Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Баткен
Рабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Баткен  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынан улам оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине атайын буйруктун негизинде компенсация төлөп берүү жагы көрүлгөн.

Учурда бул жаатта мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, төлөө тартиби каралып жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги медиктерге компенсация төлөп берүү эмнеге кечеңдеп жаткандыгына жана бул жаатта кандай маселелер бар экендигине кызыгып көрдү.

Буга чейин өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине 200 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.

Мындай буйрукка ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Медиктердин компенсациясы канча сомго көбөйдү? Түшүндүрмө

Анда кызматтык милдетин аткарып жүрүп коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ушундай шартта иштеп жүрүп каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай компенсация бекитилген.

Бул акчаларды төлөөдө алгач Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, алар кызматтык териштирүү жүргүзүп, анын негизинде гана конкреттүү медицина жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация берилери айтылган.

Бирок илдетти тастыкташ үчүн ар бир медицина кызматкеринен эпидемиологиялык тастыктоочу документ, акт жана башка бир нече документ талап кылынат. Эпидемиологиялык корутунду облустардагы ар бир медикке өз-өзүнчө даярдалышы зарыл.

Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине компенсация төлөөгө бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнгөн.

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVУчурда өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 3 006 медицина кызматкери оору жуктуруп алганы, ал эми 73 ак халатчан каза болгону маалым.
Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Учурда өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 3 006 медицина кызматкери оору жуктуруп алганы, ал эми 73 ак халатчан каза болгону маалым.

Пневмония менен ооруп жана каза болгон медиктерге да компенсация каралганбы?

Негизинен жумуш учурунда коронавирус жуктурган жана андан каза болгон медиктерге гана компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынган. Пневмония буга кирген эмес.

Алгач Кыргызстанда коронавирус менен пневмония илдети эки башка каралып, кийинчерээк гана пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы катары белгиленип, бир статистикага алынды.

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти

Компенсацияны караган комиссиянын катчысы Индира Жумабаеванын айтымында, аймактарда пневмониядан каза болгон медиктердин жакындары да документ тапшырышкан. Бирок акча (компенсация) коронавирустан жабыркаган кызматкерлерге гана берилет.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев COVID-19 тастыкталбаган медиктердин ооруганы юридикалык жактан коронавируска чалдыкты деп эсептелбей турганын билдирди.

"Пневмония менен ооруган медикте коронавирус тастыкталбаса, анда ага компенсация төлөнбөйт. Экөөнүн дарылоо иши да эки бөлөк. Пневмония коштоочу оору болгондуктан, ал COVID-19га кирбейт", — деди юрист.

Төрт эле дарыгерге компенсация берилди

Коронавирустан каза болгон дарыгерлер Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына гана бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилген. Ал эми оору жуктургандардын ичинен Ош облусундагы төрт дарыгерге гана 200 миң сомдон төлөнгөн.

"Медиктердин компенсация алуу үчүн жиберилген документтери туура эмес толтурулгандыктан, кайра кайтарып жатабыз. Кызматтык иликтөөнүн корутундусу жана ооруну каяктан жугузган жагдайлары жөнүндө акт талапка ылайык толтурулбай жатат. Бүгүнкү күндө төрт эле документ каралып, акчасы төлөндү. Биз юридикалык жактан баарын тактап туруп бербесек, эртең текшерүү келгенде жооп берип калабыз. Ошол себептен компенсация төлөө жагы кармалып жатат", — деди комиссиянын катчысы Жумабаева.

Көз жумган ыктыярчы Адинайдын жакындарына 1 млн сом төлөнөбү? Комиссиянын жообу

Аймактардан тапшырылган документтердин саны төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусу боюнча 115 документ келген, туура эмес толтурулгандыктан баары артка кайтарылган;
  • Нарын облусунан 40 документ келсе, 37си кайтарылды. Анын үчөө жарактуу деп табылган;
  • Ош облусунан 40 документ келген. Анын төртөөнө компенсация төлөнүп берилип, 36 документ артка жөнөтүлгөн;
  • Баткен облусунан үч документ келип, туура эмес толтурулгандыктан кабыл алынган эмес;
  • Жалал-Абад облусунан келе элек;
  • Талас облусунан 10 документ келип, бирок туура эмес толтурулгандыктан кайра жиберилген.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевСаламаттык сактоо министрлигинин кызматтык териштирүүсүнөн кийин гана конкреттүү медицина жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация берилери айтылган.
Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык териштирүүсүнөн кийин гана конкреттүү медицина жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация берилери айтылган.

Министрлик: оору жугузган медиктерге эми компенсация төлөнбөйт

Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин социалдык пакетин камсыздаган мыйзамды демилгелеп, бекитип беришкен.

"Буга чейинки атайын буйруктун негизинде жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алгандыгы тастыкталып, 200 миң сом алгандар бар. Каза болгондорго миллион сом төлөнүп келген. Ал эми "Медиктердин статусу жөнүндө мыйзамдын" 11-1 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, оорунун очогунда иштеген дарыгерлер маянасынан төрт эсе көп төлөм алат деп жазылган. Эгер оорунун кесепетинен медик майыптык алып калса, мыйзам боюнча ага да социалдык пакет каралды. Бирок жаңы мыйзам боюнча оору жугузуп алган медиктерге компенсация төлөнбөйт", — деди Жумакеев.

Юрист учурда жаңы төлөмдөрдүн жол-жобосун Финансы министрлиги менен макулдашып, тактап жатышкандыгын айтты.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

"Пандемияга чейин мындай мыйзам жок болчу. Ошол себептен эпидемиологиялык абал жаралганда көп медицина кызматкери "оору жуктурбоого кепилдик жок" деп иштөөдөн баш тарткан. Ошондон кийин депутаттар "Медиктердин статусу жөнүндөгү мыйзамга" өзгөртүүлөрдү киргизди. Учурда жаңы төлөмдөрдүн жол-жобосун Финансы министрлиги менен макулдашып, тактап жатабыз. Төлөө тартибин иретке келтирип алган соң 200 миң сом компенсация берүү боюнча буйрук жокко чыгарылат. Анткени мыйзам буйруктан жогору турат", — деди Жумакеев. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБирок илдетти тастыкташ үчүн ар бир медицина кызматкеринен эпидемиологиялык тастыктоочу документ, акт жана башка бир нече документ талап кылынат. Эпидемиологиялык корутунду облустардагы ар бир медикке өз-өзүнчө даярдалышы зарыл.
Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Бирок илдетти тастыкташ үчүн ар бир медицина кызматкеринен эпидемиологиялык тастыктоочу документ, акт жана башка бир нече документ талап кылынат. Эпидемиологиялык корутунду облустардагы ар бир медикке өз-өзүнчө даярдалышы зарыл.

Юрист белгилегендей, бирок мыйзам бекигенге чейин оору жуктуруп алгандыгы далилденген медиктерге 200 миң сом компенсация төлөнүп берилет.

"Мыйзамга жоболор такталып, токтом чыккан күндөн тартып дарыгерлер ушул өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде компенсация алышат. Оорунун очогунда иштеп жүрүп, каза болуп калган медицина кызматкерлеринин жакындарына берилүүчү компенсация жаңы мыйзам боюнча дарыгердин орточо айлыгы менен эсептелгенде эки миллиондон ашып жатат. Анткени медиктин орточо айлыгын алып, анын 20 жылдык эсебинен жүргүзүлөт. Мисалга, орточо маянасы 4 800 сом болсо, андан 20 жылдык маянасынын орточо эсебин чыгарып компенсация берилет. Ал эми оорунун очогунда иштеген бардык дарыгерлердин бир айлык акчасы төрт маянадан кем эмес белгиленет", — деди ал.

Жумакеев мыйзамга мындай өзгөртүүлөр он жыл мурда эле кабыл алынып, медиктердин социалдык пакети каралышы керек болчу деп эсептейт.

Учурда өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 3 006 медицина кызматкери оору жуктуруп алганы, ал эми 73 ак халатчан каза болгону маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0