Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек

© Фото / из семейного архива ИсмаиловыхКара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов
Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Альберт Исмаилов ага COVID жугуп каларына ишенгиси келген эмес. Өзү иштеген медицина тармагына, кесиптештеринин башына түн түшүп турганда ишин таштап кетүүнү туура көргөн жок.

2-июнь күнү коронавирус инфекциясынын кесепетинен Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жаш курагында каза болгон. Бул COVID жайылгандан бери медицина кызматкерлеринин арасындагы экинчи учур.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам көз жумган дарыгердин баласы Исхак Альберт уулу менен байланышты.

— Атаңыздын арты кайырлуу болсун... Алгач Альберт Жумабековичтин уулу катары кандай ата, кандай адам болгондугун эскере кетсеңиз?

— Социалдык тармактарда атамды тааныгандар жана кесиптештери да "барбалактаган киши эле" деп эскерип жатышат. Негизинен тамашакөй, сөзгө чечен, кесиптештеринин арасында кандайдыр бир майрамдык кече болуп калса тамадалык кыла коймою бар активдүү адам эле. Шайыр-шатман жүрчү. Бирок үйдө тартипти катуу сактачу. Бизди да ошондой, талапты катуу коюп тарбиялады.

© Фото / из семейного архива ИсмаиловыхИсхак Альберт уулу: 23-24-майда атамдын дене табы көтөрүлүп калды. Алгач атам деле, биз деле кадимки грипп деп кабыл алганбыз. Оорунун белгилери сасык тумоодой эле болду.
Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Исхак Альберт уулу: 23-24-майда атамдын дене табы көтөрүлүп калды. Алгач атам деле, биз деле кадимки грипп деп кабыл алганбыз. Оорунун белгилери сасык тумоодой эле болду.

— Ал киши коронавирус жуктуруп алгандыгын кантип билип калдыңар?

Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
36 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Исмаиловго жазылган некролог
— 23-24-майда атамдын дене табы көтөрүлүп калды. Алгач атам деле, биз деле кадимки грипп деп кабыл алганбыз. Оорунун белгилери сасык тумоодой эле болду. Ошол себептен беш күндөй үйдө жатып калды. Негизи буга чейин анча-мынча ооруп калганда өзү эле үйдөн дарыланып алчу. Бул жолкусунда такыр эле жылыш болбогондон райондук ооруканага жаткырдык. Анда деле илдет жуккандыгынан шек санаган жокпуз. Атам да "тамагым бир аз ооруп жатат, бронхитим бар эмеспи, ошого жөтөлүп жатам" деп койду. Көп өтпөй эле рентгенге түшкөндө пневмония экени билинди. Анан анализ тапшыртканда алгач коронавирус жок деп чыккан. Биз дагы көңүлүбүз тынчып, атабыз да жакшы болгонсуп калган. Эртеси дарыгерлер кайра "агай, сизден коронавирус чыгып калды" деп өзүнө айтышыптыр. Ошондо вирустун абдан күчөп жаткан маалы болчу. Атам психологиялык жактан даяр эмес болгондуктан, анализдин жыйынтыгын оор кабыл алыптыр. Андан кийин оорусу күчөй баштаганда Ошко алып кетишти. 1-июнда күндүз жакшы эле жатып, түндө кыйналып, үч жолу тамчылатма ийне куюшкан экен. Эртеси, 2-июнда, биз менен сүйлөшкөндө "түндө плазма куюшкандан кийин жеңилдеп калдым" деп айткан. Ошол эле күнү түштөн кийин бир тууган инисине "мени реанимацияга алып кетип бара жатат, телефондон кабарлашып тур" деп жандандыруу бөлүмүнө кирип кеткен боюнча чыкпай калды... Кечинде 17:40та үзүлүп кетиптир...

— Капыл-тапыл эле жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетсе, абалы бир паста эле начарлап кеткен экен да...

— Биз дагы азыр өзүбүзчө анализ чыгарып, ойлонуп жатабыз. Плазма куйганда күчтүү антибиотиктерди берсе керек. Ошолорду көтөрө албай калдыбы?.. Кант диабети да бар эле, ал дагы таасирин берди го. Билбейм...

© Фото / из семейного архива ИсмаиловыхИсхак Альберт уулу: Атамдын абалы кескин начарлап кеткенин жана үзүлгөнүн да врачтар ошол абама айтышкан экен. Анан ал бизге телефондон кабарлады. Укканда эңгиреп эле нес болуп туруп калдым. Сөз менен айтып жеткире албайм...
Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Исхак Альберт уулу: Атамдын абалы кескин начарлап кеткенин жана үзүлгөнүн да врачтар ошол абама айтышкан экен. Анан ал бизге телефондон кабарлады. Укканда эңгиреп эле нес болуп туруп калдым. Сөз менен айтып жеткире албайм...

— Суук кабарды кандайча уктуңуз?

— Атам он бир туугандын улуусу эле. Азыр экинчи иниси Ошто жашайт. Ал абам атам Ош облустук ооруканасына түшкөндө эле кабар алып, дарыгерлер менен да байланышта болду. Атамдын абалы кескин начарлап кеткенин жана үзүлгөнүн да врачтар ошол абама айтышкан экен. Анан ал бизге телефондон кабарлады. Укканда эңгиреп эле нес болуп туруп калдым. Жаман болдук. Сөз менен айтып жеткире албайм... Атабызды өлүп калат деп эч ойлогон эмес элек... Айыгат деген үмүтүбүз бар болчу. Дайыма "ата, бери дегенде сексенге чыгыңыз" деп көп айтчубуз. 59 жашында өтүп кетти...

— Өнөкөт оорулары бар экенин билип туруп деле иштей бердиби?

Жузумкан Кокумбаева уулусу Максат Султакеев менен - Sputnik Кыргызстан
Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек
— Атамдын кант диабети болгондуктан кооптонуп, "коронавирус өнөкөт ооруларга өч экен, жумуштан убактылуу бошоп туруңуз" деп айттык. Мен да бир канча ирет "ата, абайлаңыз, иштебей эле туруңузчу, кант диабетиңиз да бар" десем да ушунча иштеп, кыйынчылык келгенде жумуштан чыгып кеткенден намыстанды. "Эми балам, азыр чыгып кетип калсам уят го. Андай жаман сөздөрдү айтпа, баары жакшы болот. Кудай сактасын" деп эле койчу. Атам мурда райондук кургак учукка каршы күрөшүү боюнча диспансерде башкы дарыгер болуп иштечү. Негизги кесиби инфекционист. Райондогу пневмония, кургак учук болобу, деги эле жөтөлгөндүн баары атама барып, күнүнө он-он беш адамды карачу. Анан вирустун кайдан, кимисинен, качан жукканы белгисиз.

— Коронавирус башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн чыккан жокпу?

— Жок, кудайга шүгүр, эч кимибизге жукпаптыр. Азыр эле апамдын үчүнчү анализинин жыйынтыгын айтышты. Жок экен. Ооруканада бирге иштешкен кесиптештери менен жанында отурган медайымдын да анализи таза чыкты.

© Фото / из семейного архива ИсмаиловыхИсхак Альберт уулу: Райондогу пневмония, кургак учук болобу, деги эле жөтөлгөндүн баары атама барып, күнүнө он-он беш адамды карачу. Анан вирустун кайдан, кимисинен, качан жукканы белгисиз.
Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Исхак Альберт уулу: Райондогу пневмония, кургак учук болобу, деги эле жөтөлгөндүн баары атама барып, күнүнө он-он беш адамды карачу. Анан вирустун кайдан, кимисинен, качан жукканы белгисиз.

— Үй-бүлөңүздөр тууралуу айта кетсеңиз?

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
— Биз төрт бир тууганбыз. Үч уулу тең үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганбыз. Мен колундагы кичүү баласы элем. Эң кичүү карындашыбыз быйыл жогорку окуу жайын бүтүп, Бишкектен жаңы келди. Апабыз Анаркан Кыдырбекова кесиби боюнча мугалим. Мектепте башталгыч класстарга сабак берип иштеп келе жатат. Атам менен апамдын жети небереси бар. Эң улуусу 11 жашта. Атам биз кичине кезибизде бирөөңөрдү медик кылам деп калчу. Бирок чоңойгондо ар кимибиз өзүбүзгө жаккан тармакты тандап кетип, эч кимибиз медик болгон жокпуз. Бирок азыр бул кесиптин канчалык керек экенин сезип жатабыз. Экинчи келини Ошто дарыгер.

— Атаңыздын жерге берүү зыйнатына туугандар эле катышты да?

— Ооба, он беш чакты жакын туугандарыбыз эле катышты. Алыскы туугандарды деле чакырган жокпуз. Келебиз дегендерди өзүбүз токтотуп, карантин бүтүп, бир жаңсыл болсун дедик. Талаптарды бузбайлы деп сөөк коюу зыйнатын жергиликтүү бийликтин айтканы менен жасадык.

Жаңылыктар түрмөгү
0