Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Семетей" стационары
Семетей стационары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Өкмөт "Семетей" стационарын ("Ганси") жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова провела выездное совещание на базе военно-полевого госпиталя "Семетей"
Өкмөт Семетей стационарын (Ганси) жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өкмөт "Семетей" стационарын ("Ганси") жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова провела выездное совещание на базе военно-полевого госпиталя "Семетей"
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова Семетей аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова "Семетей" аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова провела выездное совещание на базе военно-полевого госпиталя "Семетей"
Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.
1/3
Өкмөт "Семетей" стационарын ("Ганси") жугуштуу илдеттер ооруканасы кылууну пландап жатат
2/3
Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова "Семетей" аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү
3/3
Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.

Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова "Семетей" аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.

Алар «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталды.

Оорукананы бошоткон бейтаптар көбөйүүдө. Бишкектеги орундардын тизмеси

“Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулар күчөп кетерин эске алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык көйгөйлөрдү чечүү маселеси кабыл алынды”, — деп айтылат билдирүүдө.

«Семетей» обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу илдеттер ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду. Биз анда бейтаптар үчүн 1000ден ашуун орун даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лаборатория ачууну пландап жатабыз. Эгерде биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу илдеттер ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири инфекциялык оорукана болмок», — деди Исмаилова.

Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт

Белгилей кетсек, аталган жай алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0