Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды
Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары пайдаланылып келген.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской областиСтационар для больных коронавирусом открытый в здании детского сада в Джалал-Абаде
Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды
Стационар для больных коронавирусом открытый в здании детского сада в Джалал-Абаде
Маалыматка ылайык, ооруканага айландырылган имарат буга чейин Шүдүрүм аталышындагы бала бакча катары иштеп келге - Sputnik Кыргызстан
2/4
Маалыматка ылайык, ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары иштеп келге
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской областиСтационар для больных коронавирусом открытый в здании детского сада в Джалал-Абаде
Ал эми тиешелүү жабдуулар менен облус бийлиги камсыздаганы айтылат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал эми тиешелүү жабдуулар менен облус бийлиги камсыздаганы айтылат
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Джалал-Абадской областиСтационар для больных коронавирусом открытый в здании детского сада в Джалал-Абаде
Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары дагы коюлган. Эми бул жай Облустук жугуштуу оорукананын филиалы катары кызмат кыла баштайт. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары дагы коюлган. Эми бул жай Облустук жугуштуу оорукананын филиалы катары кызмат кыла баштайт.
1/4
Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды
2/4
Маалыматка ылайык, ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары иштеп келге
3/4
Ал эми тиешелүү жабдуулар менен облус бийлиги камсыздаганы айтылат
4/4
Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары дагы коюлган. Эми бул жай Облустук жугуштуу оорукананын филиалы катары кызмат кыла баштайт.

Маалыматка ылайык, ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары иштеп келген.

"Бул бала бакча жергиликтүү тургунга таандык болчу. Үч кабаттуу имарат бир кездери Жалал-Абад шаарындагы "Нур" акционердик коомунун профилакториясы катары иштеген. Кийин менчиктештирүү саясаты башталганда жеке тараптар сатып алган. Азыркы кырдаалдан улам ишкер Исматуллаев да өз салымын кошуу максатында имаратын оорукана катары акысыз пайдаланууга берди", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абаддагы ооруканага 20 млн. сом бөлүнүп, ичи оңдоло баштады

Ал эми тиешелүү жабдуулар менен облус бийлиги камсыздаганы айтылат. Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары дагы коюлган. Эми бул жай Облустук жугуштуу оорукананын филиалы катары кызмат кыла баштайт.

Облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов бүгүн ооруканага барып, анын даярдыгын көрүп кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0