Ош облусунун бийлиги 6 айга жетерлик дарынын запасы камдалганын айтты

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Ошской областиОш облусунун бийлиги дарынын запасы камдалганын айтты
Ош облусунун бийлиги дарынын запасы камдалганын айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун жайылып кетишине бөгөт коюу максатында облуста жалпы 5 700 орундуу стационарлар ачылган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Азыркы тапта Ош облусунда алты айга жетерлик дары-дармектин жана үч айлык жеке коргонуу каражаттарынын кору бар. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, коронавирустун жайылып кетишине бөгөт коюу максатында жер-жерлерде жалпы 5 700 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационарлар ачылган.

Асрандиев: дары-дармек сатып алууга каражат жетиштүү, маселе башкада

"Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев стационарларды жеке коргонуу каражаттары жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо тапшырмасын койгон", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ облус жетекчисинин биринчи орун басары Байыш Юсупов Кара-Суу районундагы күндүзгү стационарлардан кабар алган. Ошондой эле ал райондук оорукананын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектеринин корун көрүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0