АКШ талап кылган биометрикалык паспорт Кыргызстанда качан бериле баштайт?

© Sputnik / Табылды КадырбековСдача биометрических данных КР
Сдача биометрических данных КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы биометрикалык паспорт бериле баштаган. Бирок Мамкаттоо жетекчилиги бланк сатып алуу тендерин мыйзам бузуу менен өткөрө коюп, иш үзгүлтүккө учураган. Мунун айынан АКШга жашап, иштөөгө баргысы келген кыргызстандыктар виза алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан баштап берилет. АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык визага чектөө коюшуна дал ушул документтин жоктугу себеп болуп жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Адилет Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
Эске салсак, 1-февралда Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Ага чейин КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ бийлигинин мындай чечимине Кыргызстандын биометрикалык паспорт колдонбогону себепкер экенин айткан эле.

Кыргызстан эмне себептен буга чейин өз жарандарын биометрикалык паспорт менен камсыз кыла албаганын маалымат катчы түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, кеп буга чейин айрым жарандарга берилген көк түстөгү ID-кард эмес, биометрикалык жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуучу) тууралуу болуп жатат.

"План боюнча бул паспортторду 2020-жылы бермекпиз. Бирок бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу чуу 2018-жылдын аягында башталган ишке тоскоолдук кылып койгон. 2019-жыл толугу менен соттук териштирүүлөр менен өтүп, ага декабрь айында гана чекит коюлду. Жогорку сот тендер туура эмес жүргүзүлгөн деген чечимге келип, күнөөлүүлөр жазаланды. Эми жол ачылып, ишке кириштик. Жарандар 2021-жылдан тарта жалпы жарандык биометрикалык паспорт ала баштайт", — деди Бейшеналиев.

Маалымат катчы билдиргендей, мындай паспортту элдин баары эмес, документтин бул түрү талап кылынган өлкөлөргө баргандар эле алса болот.

"Элдин баары жалпы жарандык биометрикалык паспорт алсын деген талап жок. АКШ, Араб же Европанын айрым өлкөлөрү сыяктуу, биометрикалык маалыматтар керек болгон мамлекеттерге барчулар гана алса болот", — деди ал.

Жаңы паспорт азыркысындай эле бир нече барактан турган китепче түрүндө чыгат. Болгону бир барагына ээсинин сүрөтү жана манжаларынын издери түшүрүлгөн чип тагылат.

Малыматка караганда, 3-февраль күнү ведомство жетекчиси Алмаз Мамбетов АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, пикир алышты.

Паспорт чыры

Флаги США на здании посольства США - Sputnik Кыргызстан
АКШ качан жана кандай шартта визалык чектөөнү алышы мүмкүн. Консулдун жообу
2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ведомствонун жетекчилик кызматтарындагы жогоруда аты аталган өкүлдөрү камакка алынган

Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") ылайык күнөөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен айып пулга жыгылды. Тагыраагы, төрага орун басары Руслан Сарыбаев — 270 миң сом, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев — 270 миң сом, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-секретары Данияр Бакчиев — 230 миң сом төлөп бермей болгон.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0