Чүйдө стационарга оор абалдагылар көп кайрылууда, эми медиктер үймө-үй кыдырат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев. Архив
КР Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын көпчүлүгү үйүндө өз алдынча дарыланып, оору өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы стационарларга оор абалдагы бейтаптар көп кайрылып жаткандыктан үймө-үй кыдырып оорулуулар аныкталат. Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кол коюп, акимдер менен медициналык мекемелердин жетекчилерине тапшырма бергени айтылат.

"Коронавирус жана пневмония менен ооругандарга карата жүргүзүлгөн анализ Чүйдөгү ооруканаларга түшкөн бейтаптарды басымдуу бөлүгү оор абалда келгенин көрсөткөн. Көпчүлүгү үйүндө өз алдынча дарыланып, оору өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылат. Мындай кырдаалда дарыгерлер ар бир өмүрдү сактап калыш чоң күч жумшоого туура келүүдө. Буга байланыштуу облус жетекчиси үймө-үй кыдырып, оорулууларды аныктоо жана медициналык кеп-кеңештерди берүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өз билемдик дарылануунун кооптуулугу жана убагында медиктерге кайрылуу боюнча WhatsApp, Telegram тайпалары аркылуу маалымат таратылмакчы.

Бишкектеги күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 27 миң кишини кабыл алды

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда коронавируска чалдыккан адамдардын саны 2052ге жетти. Өткөн суткада 87 жаңы учур катталган. Тилекке каршы, бул дарттан 36 адам ажал тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0