https://sputnik.kg/20200707/medikterdin-koshumcha-akysy-kobojot-1048933438.html
Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат
Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун... 07.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-07T14:49+0600
2020-07-07T14:49+0600
2021-12-15T22:40+0600
https://sputnik.kg/img/104893/40/1048934087_0:196:3077:1935_1920x0_80_0_0_b63e7b98ca16a909723778c0f1212573.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104893/40/1048934087_0:99:3077:2032_1920x0_80_0_0_0bdc3564fc5492b8894c63162b092312.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, кубатбек боронов
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, кубатбек боронов
Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат
14:49 07.07.2020 (Жаңыртылды: 22:40 15.12.2021) Өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун аракетин көрө баштады.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктердин айлык маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун аракетин көрө баштады.
Аймактарда Бишкектегидей көрүнүш кайталанбасын! Бороновдун тапшырмалары
"Медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелерде иштеп жаткан башка адистерге төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Мисалы, буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вирусологиялык лабораторияда, обсервацияларда жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге бир күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Ошондой эле буга чейин дарыгерлер бир айда 14 күн изоляцияда болсо, эми аны жети күнгө кыскартуу сунушу киргизилди. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо жогорку категориядагы дарыгер 29 күн үчүн жалпы 72 миң сомго чейин кошумча акы ала баштайт", — деди Боронов.
Өкмөт башчы буга чейин жогорку категориядагы дарыгерлер 47 миң сомго чейин кошумча акы алып жатканын кошумчалады.