06:12 13 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.8563
  • EUR91.4695
  • RUB1.0631
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
236400

Айбек Баеков — мурда Баш прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы, андан сырткары ЖКнын биринчи вице-спикери болгон Чолпон Баекованын уулу.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. ИИМдин Октябрь райондук Күзөт кызматынын күзөт бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Баеков каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Баеков 50 жашта эле. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, пневмониядан каза болду деп айтылат.

Айбек Баеков — мурда Баш прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы, андан сырткары ЖКнын биринчи вице-спикери болгон Чолпон Баекованын уулу.

Эске салсак, Кыргызстанда учурда COVID инфекциясын жуктуруп алган жана пневмонияга кабылгандар арбыды. Өткөн суткада бул эки илдеттен 33 адам каза тапты.

Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)

Тема боюнча

Билим берүү жана саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары көз жумду
Белгилер:
өлүм, пневмония, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ