"Ысык-Көл" кемечилиги мүлкүн аукционго коюп сатып, карызынан кутулду. Сүрөт

© © Sputnik"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин мүлкү
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл кемечилигинин мүлкү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көл" кемечилигинен салыкты өндүрүп берүү боюнча кайрылып, сотко берген. Жыйынтыгында ишкана банкрот деп жарыяланып, сатыла турган болгон.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин бир катар мүлкү аукционго коюлуп сатылды. Бул туурасында аталган ишкананын жетекчиси Надырбек Бекжанов Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, баржа, кран, катер, шаланда, грейфер, копер, трактор өңдүү керектен чыккан, өз мөөнөтүн өтөп бүткөн техникалар, ар кыл жүктөгүчтөр, станоктор тоорукка коюлган.

© © Sputnik"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин мүлкү
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл кемечилигинин мүлкү - Sputnik Кыргызстан
1/8
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин мүлкү

2/8

3/8

4/8

5/8

6/8

7/8

8/8

2018-жылдын башында өкмөттүн токтому менен Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көл" кемечилиги мамлекеттик ишканасы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөн. Бекжанов 2018-жылы октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, толук кандуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын филиалы болуп эсептелерин билдирди.

© © Sputnik"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилиги
Ысык-Көл кемечилиги мүлкүн аукционго коюп сатып, карызынан кутулду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилиги

"Ысык-Көл" кемечилиги ишканасынын ал убактагы кредитордук карызы 24,5 миллион сомду түзүп, андан сырткары, салык карыздары болгон.

"Кыргыз көмүргө" өткөнгө чейин карыздарына байланыштуу салык кызматы салыкты өндүрүп берүү боюнча сотко кайрылып, кемечиликти сотко берген. Жыйынтыгында банкрот жарыяланып, сатылуу чечими кабыл алынган. Мамлекет бул ишкананы сактап калуу максатында "Кыргыз көмүргө" өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.

Сот аткаруучулар аталган ишкана менен макулдашып, керектен чыккан, өз мөөнөтүн өтөп бүткөн техниканы тизмелеп, аукционго коюшкан.

© © SputnikАукционго коюлган "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин мүлкүнун тизмеси
Ысык-Көл кемечилиги мүлкүн аукционго коюп сатып, карызынан кутулду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Аукционго коюлган "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл" кемечилигинин мүлкүнун тизмеси

Балыкчы шаардык сот аткаруу кызмат бөлүмүнүн ага сот аткаруучусу Бакыт Иманбеков ишкана мүлкү 22-июнда аукционго коюлгандыгын айтты.

"Ысык-Көл" кемечилиги ишканасы мамлекетке 6 458 564 сом төлөмөр болгон. Бул боюнча аткаруу ишин жүргүзүүдө карызкорго таандык кыймылдуу мүлк камакка алынган. Ага ылайык сотко арыз менен кайрылганбыз, арыз канааттандырылып, шаардык соттун аныктамасынын негизинде 2020-жылы апрель айында камакка коюлган мүлктү сатуу жолу менен аткарууга чечим кабыл алынган. 7 киши соода-сатыкка арыз беришип, 22-июнда аукцион өткөрүлдү. Анда нарк айтылган баасынан көбүрөөк болуп, 6 528 663 сомго жетти", — деген ал.

Тактап айтканда, аукциондо мүлк 700 миң сомго кымбатыраак соодаланган.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл облустук филиалына тиешелүү 3 порт, 13 маяк жана 2 пристань бар. Анын бир порту Каракол шаарында, ал учурда ишсиз турат. Жай мезгилинде мүмкүнчүлүккө жараша ижарага берилет. Ал эми Балыкчыда эки порт бар. Алар убактылуу көмүр сактоо жайы катары иштеп жатат. Ошондой эле темир жол вагондоруна көмүрдү жүктөп берип турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0