Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирус илдетин жуктуруп алып каза болгон дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын уулу Максат Султакеевди кепке тартты. Карантинге байланыштуу аны менен телефондон баарлашууга туура келди.
Эске салсак, коронавирус инфекциясынын кесепетинен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал 2-май күнү ооруканада дарыланып жаткан жеринен үзүлгөн.
— Максат, апаңыздын арты кайрылуу болсун!
— ...Апамдын жок экенине дагы эле ишене албай жатам...
— Адатта коронавирусту бейтаптар менен байланышта болгон медиктер жуктуруп алып жатты эле. Апаңыз №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектечү экен. Вирус ал жакка кантип жетип, кайдан жуктуруп алыптыр?
— Апам бейтапканада үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектечү. Иш бөлмөсүндө медайымы экөө эле отурчу экен. Бирок ал жактан мобилдик топтор коронавируска шектелгендерден анализ алганга чыгып турат. Анализ алып келгенден кийин өзүнчө обочолонбой, бейтапканадагы дарыгерлер менен эле чогуу иштеп жүрө беришерин буга чейин апам айтчу. Ал тургай апам бул маселени көтөрүп, комиссияга мобилдик топторду өзүнчө бөлүүнү сунуштаган.
Акыркы жолу ал киши менен ошондо көрүшүптүрмүн. Андан кийин жүзүн көрө алган жокмун...
— Үйдө башка киши жок беле?
— Өзүм эки бир тууганмын. Карындашым турмушка чыккан, өзүнчө турат. Атамдын көзү өткөнүнө көп болду. Үйдө апам, мен, анан таежемдин кызы болуп турчубуз. Ал кыздан, бактыга жараша, коронавирус табылган жок. Эки жолу анализ алышты, экөө тең таза чыкты.
— Ооруканада жатканда апаңыздын абалынан кабар алып турчусуз да. Акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?
— Апам 1-майда кечки саат тогуздарда үзүлүптүр. Ага чейин аны менен саат 18:30дарда телефон аркылуу сүйлөшкөм. Көрсө, ошондо акыркы сөзүн, керээзин айтыптыр. Алгач мессенджерден мага кат жазган окшойт. Анысы кетпей калып анан чалыптыр. Эптеп сүйлөдү, дем жетпей жатканы сезилип турду. Мен ага "апа, мага сарсанаа болбоңуз, жакшы болуп калдым, өзүңүздү жакшы караңыз" деп айтканга эле жетиштим. Шашкансып бат эле сүйлөп анан өчүрүп койгон. Бирок андан айрылып калам го деп ойлогон эмесмин. Ошону менен апамдын үнүн уккан жокмун...
(Бир саамга чейин респондент менен сүйлөшө алган жокпуз. Андан кийин "апам абдан жакшы ырдачу. Бул видео апрелдин аягында тартылган" деп апасынын ырдап отурган видеосун жөнөттү)
— Коронавирус мага да жукканы апамды катуу ойго салды окшойт. Апам мени Макыбай дечү. Вирус аныкталганын угуп, Тез жардам кызматы келгиче кийимдерди салыштырып жатканбыз. Ошондо "Макыбай, карасаң менден сага да жугуп калганын" деп аябай өкүнгөн эле. Үзүлөрдө дагы "балам кандай болуп калды, анализи жакшы чыктыбы?" деп дарыгерлерден улам-улам сураптыр. Аны кийин айтышты. Байкушум мага жугузуп алганына аябай кайгырып, ошол да оорусуна кошул-ташыл болгон окшойт.
— Сиз да коронавирус менен алышкан турбайсызбы. Дарт кандай формада өттү? Айрымдарында эч кандай белгиси жок өтүп кетет экен.
— Мен жөнөкөй эле палатада болдум. Бирок дем жетпей, кислород алып жаттым. Пневмония деп күчтүү дарыларды берип жатышты. Учурдан пайдаланып коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирет элем. Үй бетин көрбөй иштешет экен. Кийген кийимдеринин бир жеринде жылчык жок. Тердесе терин аарчый алышпайт. Көз айнектери бууланып кетет. Бейтаптарды карап чыккыча ажатканага да барышпайт окшойт. Аларды көрүп аябай боорум ооруду. Апамдын арбагы деле ыраазы болсун, кийин ага куран окутканда дарыгерлерди да чакырам.
— Дарыгерлер чалып "коронавирус аныкталды" деп айтканда оюңузга эң биринчи эмне келди?
— Дүйнө салганын ооруканадан уккан турбайсызбы?
— Ооба, суук кабарды ооруканадан уктум. Ыйлай албай, ишене албай эле нес болуп отуруп калдым. Кучактап ыйлап алайын десең жаныңда жакындарың жок, жаман экен. Эртеси күнү эле дарыгерлер кайра анализ алып таза чыкканын айтышты. Эң башкысы, апамдын жаназасына турганга, өз колум менен топурак салганга жетишип калдым. Жүзүн көрбөй калсам да топурак салдым. Азыркы күнгө чейин анын каза болгонуна ишене албай жатам. Эшиктен кирип келип эле "апа, мен келдим" деп айткым келет...
— Коронавирусту жуктуруп алып каза болгондорду буга чейин 10 чактыдай эле киши койгону айтылган. Сиздерде да ошондой болдубу?
— Апамды эл катары үн чыгарып, мал союп, боз үй тигип узата алган жокпуз... Моргдон сөөгүн кепинге ороп, сыртынан коргоочу пакетке салып беришти. Ал жактын автоунаасы түз эле мүрзөгө алып барып, жаназасын окууру менен жерге бердик. Жаназага турганга 10дон ашык киши келбесин деп мэрия талап койгон. Бирок 15тей киши болду окшойт. Сөөктү жерге берери менен баргандар куран окуп үйлөрүнө тарады. Баарынын тең көзүндө кооптонуу байкалып турду. Айтор, баары башкача өттү. Жаназага тургандарды үйгө алып барып куран окута алган жокпуз. Анткени үйдөн коронавирус чыккандыктан 14 күн карантин, ага чейин эч ким киргенге болбойт. Азыр карындашым экөөбүз эле калдык.
— Жумушка чыкканда сизден кесиптештер кооптонот деп корккон жоксузбу?
— Эл менден корксо, мен элден коркуп жатам. Анткени күчтүү дарыларды сайгандыктан, биздин иммунитет түшүп кетет экен. Дарыгерлер "абайлап жүр, башкаларга сенден вирус жукпайт, сага кайра жугуп калышы ыктымал" деп айтышкан. Ошондуктан обочолонуп жатам.
— Бул суроонун берген өзү одоно болсо керек, бирок ошентсе да сурай кетейин. Компенсация маселеси боюнча бийликтен бирөө-жарым чалдыбы сизге? Эмне деп жатышат?
— Чынын айтсам, бул темада сүйлөшкүм келген жок. Бийлик өкүлдөрүнөн эч ким деле чала элек. Мен үчүн акча башкы нерсе эмес. Ушуну учурдан пайдаланып айтып коёюнчу. Апамдын каза болгондугу тууралуу маалымат сайттарга чыккандан кийин айрым адамдар анын алдына "акча үчүн өлдү, жуктурду" деген сөздөрдү жазышыптыр. Бул мага абдан катуу тийди. Бардык нерсени убакыт көрсөтөт.