Ситуация в Чуйской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы COVID-19: абал боюнча акыркы кабарлар, фото, видео

Жазылуу
Бүгүндөн тарта коронавирус кооптуулугунан улам өзгөчө абал Кыргызстандын дагы бир шаары менен районуна киргизилди. Коменданттык сааттын тартибине кабылган мурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары болсо, эми Нарын калаасы, ал эми райондордон Ат-Башы кошулду.

Акыркы маалыматтар боюнча, республикада коронавирус чыккан 430 учур катталган. Алардын арасында каза болгондор бар. Оору жаш балдарга жана дарыгерлерге, медицина жайларынын кызматкерлерине да жуккан.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:12 15.04.2020

Путин эртең, 16-апрелде, курулуш, андан соң авиа өнөр жай, авто өнөр жай жана башка дагы бир топ тармактар боюнча кеңешме өткөрө тургандыгын айтты.

АБР дает $20 млн на развитие инвестклимата в КР  - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 менен күрөшүүгө бюджеттик резервдеги 827 млн. сом да жумшалат
20:52 15.04.2020
16:22 15.04.2020
14:17 15.04.2020
14:15 15.04.2020

Комендант дезинфекция иштери шаардын чет-жакасына чейин уланарын айтты. Ал эми өткөрмө уруксат кагазына муктаждар  электрондук арыз менен кайрылып, ала тургандыгын кошумчалады. 

14:11 15.04.2020
14:10 15.04.2020
14:09 15.04.2020
12:46 15.04.2020
12:32 15.04.2020

Нурдинов: Буюрса, орто ченине келип калдык. Кооптонуу бар. Аны туура түшүнүңүз. Керек болсо, банктарга барганда сантиардык,  сактануу эрежени сактаңыздар. Жарандык милдетиңиз катары - кошуналарды, тегерек-четтегилерди да бет кап тагынууга, тартипти сактоого чакырыңыздар. Өзүңүз да режимди карманыңыз.

12:20 15.04.2020

Нурдинов: Экстремисттик багыттагы уюмдарды мүчөлөрүбү же башкалар болсо, аларды аныктап, тактап, тартип коргоо органдарынын жардамы менен алып келип обсервацияга жаткырабыз. Эгерде адам ооруп, анысын жашырып жүргөн болсо өзү үчүн жаман. Ал эми башкага жугузса, кылмыш иши козголот. Обсервацияга жеткирилгенден кийин дагы айтып коеюн, өз чөнтөгүнөн төлөп жатат.

12:20 15.04.2020

Нурдинов: Ноокаттын айрым айылдары күчөтүлгөн карантинге алынган. Андыктан ал Ош шаарынан ошол айылдарды аралап  башка райондогу кичи мекенине барам дегендер карманып турсаңыздар

12:20 15.04.2020
12:13 15.04.2020
12:13 15.04.2020

 Каратаев: Өзгөчө абалдын уланышы коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында болгонун түшүнүп турасыздар.

Тес-системалардын, реагенттердин жетишпегендигине байланыштуу оорулар менен байланышта болгондорду өз учурунда таба албыай калдык.

12:12 15.04.2020

Нурдинов: Коменданттык саат кечки саат 9:00дөн эртеңки мененки саат 6:00гө чейин өзгөргөнүн дагы кайталайм.    

Бул боюнча жер-жерде иштеп жаткан аскер кызматкерлерине, карантиндик-санитардык посттордо тургандарга коменданттык сааттык эрежеси өзгөргөнү боюнча маалымат жеткирилди.

12:12 15.04.2020
12:05 15.04.2020

 Дарыгерлер – 27
Орто медперсонал – 43
Кенже медперсонал – 23
Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5

12:03 15.04.2020

 Бишкек ш. – 33
Ош ш. – 28
Жалал-Абад облусу – 8
Ош облусу – 20
Баткен облусу – 2
Чүй облусу – 1
Нарын облусу – 6

 

12:02 15.04.2020
11:59 15.04.2020
11:23 15.04.2020
11:22 15.04.2020
10:57 15.04.2020

“Эми ар бир аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп, даректүү иш-аракеттерди жасайбыз. Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында, айрым субьектилерге уруксат берүү мүмкүнүчүлүгү каралат.  Бирок, коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режимди колдонууга барабыз. Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөөнү улантабыз. Мындай чектөөлөр облустар, райондор арасындагы карым-катташка да тиешелүү. Бул тартипти жалпы дүйнөдөгү кырдаал жакшырганга чейин сактоого мажбур болобуз”, - деди Жээнбеков.

 

10:48 15.04.2020

“Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдерин колдонобуз. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет. Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар”, - деди Жээнбеков.

10:44 15.04.2020
10:43 15.04.2020
10:40 15.04.2020
10:37 15.04.2020

"Башкы нерсе, жарандардын өмүрүн сактап калуу. Бул үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз. Өзгөчө абалды 30-апрелге киргизүү чечимин кабыл алдым. Бул оңой чечим болгон жок. Күнүмдүк жашоосуна акчаны күнүмдүк иши менен таап жатканынан кабарым бар. Кырдаал тараза ташына койду. Мындай чечимге ойлонуу менен бардым", - деди Жээнбеков.

10:33 15.04.2020

Бүгүн ЖК саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова ант берди.

"Жоопту кызматка киришип жатасынар, берген антыңарга бекем туруп, элге күнү-түнү кызмат кылат деген ишенимдемин", - деди Жээнбеков.

10:31 15.04.2020
10:30 15.04.2020
10:29 15.04.2020

"Бүгүн абал бир аз жакшы. Өлкөгө жүк алып кирген  чек ара пункттары ачылгандыктан улам, медиктердин коргонуу үчүн пайдалана турган кийимдер келе баштады. Жүктү түшүрбөй туруп, аймактарга ооруну дарылап жаткан медиктерге жөнөтүп жатабыз", - деди Үсөнбаев.

10:28 15.04.2020
10:26 15.04.2020

Үсөнбаев: Бишкектен ал жакка 4 дарыгер жөнөтүлүп, иштеп жатат. Оорунун очоктору пайда болуп, алар менен байланышта болгондорду таап, көзөмөлгө алуудабыз.  Ошол иштеген координаторлор менен байланышта болуп, кем-карчыларын тескеп, жардам ал жакка жиберген аракет кылып жатабыз. Гуманитардык экинчи партиясы келгенде жарымын, түндө келген жардамды складдан дароо эле Нарынга жөнөттүк. Биздин ал жердеги мекемелерге таратып берилет.

10:13 15.04.2020

“ооруну жугузган 98 медиктин арасында оперативдүү штабда иштеп жаткан кызматкерлер да бар. Биринчи бейтап катталганда эле министрликтин жүзгө чукул кызмат курамын толук текшердик. Ал жерден кайтарып отурган милиционер да жугузуп алган. Эпидемияга каршы иш-чаралар чукул түрдө каралды. Бүгүнкү күндө министрликтин толук курамы кароодон өтүп жатат. Бир катарлары үйдөн иштеп жатышат. Бирок баарын кетирип койгонго болбойт”, - деди Үсөнбаев.

10:13 15.04.2020

“Жуктуруп алып бирок сакайып кеткендер жалпы шарт менен жүрө берсе болот”, - деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

10:10 15.04.2020
10:09 15.04.2020
10:07 15.04.2020


Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

10:06 15.04.2020

Бишкек шаарында – 3
Ош облусунда - 2
Ош шаарында – 10  кызматкер. 

10:04 15.04.2020
10:03 15.04.2020
09:54 15.04.2020
09:54 15.04.2020
09:54 15.04.2020
09:52 15.04.2020
09:46 15.04.2020
09:36 15.04.2020

Уланбек Аалиев 1974-жылы 30-майда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу

1997 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде аймактык тескөөчү;
2000 — Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыйгарым укуктуу өкүлү. Андан соң ага ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген;
2003 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
2004-2007 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин башчысынын орун басары;
2007-2008 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын (УККББ) бөлүм башчысы;
2008-2011 — Кемин РИИБнин башчысынын орун басары;
2011-2013 — Чүй ОИИББнин УККББнын башчысы;
2013-2014 — ИИМдин УККББнын бөлүм башчысы;
2014-2016 — ИИМдин УККББнын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2016-2017 — Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары;
2017-жылдын декабрынан тарта Нарын ОИИББдин башчысы.
2020-жылы 14-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты.


 

Назначенный комендантом города Нарын и Ат-Башинского района Уланбек Аалиев - Sputnik Кыргызстан
09:33 15.04.2020

Sputnik Кыргызстан агенттиги элге белгилүү спортчулар менен байланышып, үй шартындагы машыгууларынын видеосун бир кадрга топтоду. Кээси окурмандар үчүн эксклюзивдүү тасмаларды салды.

Айрым көнүгүүлөр жөнөкөй адамдарга ылайыкталгандыктан, карап көрүп жасоого болот. Кээ бир атлеттердин профессионалдык ыкмалары мастер-класс болуп бермекчи.

 

09:27 15.04.2020

Ээ-жаа бербей, жулунуп, полициянын айласын кетирген. Андан соң аялды Тез жардам кызматы менен алып кетишкен. 

 

09:24 15.04.2020

Окумуштуу-офтальмологдору коронавирус пандемиясы жүрүп жаткан маалга карата көз айнек жана линза тагынгандарга кеңеш беришти.

 

Ситуция в Сеуле по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кадимки көз айнек вирустан коргобойт. Офтальмологдордон 5 кеңеш
09:21 15.04.2020

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматы төмөнкү сандарды билдирди. 

14-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 934 583кө жетти.

Анын ичинен 120 миңден ашык адам каза болду.

 

09:19 15.04.2020

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн маалымат жыйын учурунда пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр кандай шартта токтотуларын айтты.

 Мамлекет төмөнкү шарттарды так аткарууга тийиш:

Саламаттык сактоо системасы вирус жуктуруп алган жана аны менен байланышкан бардык жарандарды көзөмөлгө алууга чама-чаркы жетиши керек;
Оорукана, мектеп сыяктуу мекемелерде жана коопсуз жайларда дени сак адамдар вирус жуктуруп албоо үчүн коопсуздук чаралары көрүлүшү зарыл;
Өлкөгө сырттан вирус алып келүүгө бөгөт коюлушу кажет.


 

Жаңылыктар түрмөгү
0