Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты

© Фото / пресс-служба ЖКМинистрлер жана өкмөт кызматкерлери. Архив
Министрлер жана өкмөт кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйгө киргенде балдарыбызды кучактай албайбыз, кээде жумушта түнөп калабыз. Мамлекеттик органдарда бюрократия азайды, убагында жасаганда азыр кыйналмак эмеспиз. Бул сабак болду, ушундан кийин экономикада чоң секирик болушу ыктымал. Министрлер азыр ушинтип ойлонуп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстанга өзгөчө кырдаал, айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Учурда мамлекеттик органдар башкасын токтотуп коронавирусту жеңүүнүн жолун издеп жаткан чагы. Түзүлгөн жагдай аткаруу бийлигинде иштегендерди сынап жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ар тармакты башкарган министрлердин абалын сурап, кандай шартта иштеп жатканын жана айла-амалдарын билип көрдү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдын кызматкерлеринин 70-80 пайызы үйүнөн иштөөгө өткөн. Жетекчилер жана эң керектүү делген кызматкерлер гана кеңседе отурууда.

Кээде жумушта түнөп калат

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун иш графиги тууралуу маалымат катчысы айтып берди.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Министр өзгөчө абалда өзгөчө график менен иштөөдө. Күнү-түнү тынбайт, 24 саат бою өлкө жетекчилиги менен байланышта. Кээ бир күндөрү үйүнө барбай жумушта калып иштөөдө. Кызматкерлерге талапты катуу коюп, иштин сапатына көңүл буруп жатат. Ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү дагы кадимкидей жумушта болот.

Бүгүнкү оор кырдаалда өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз байланышуу, жардам, чек ара, чет жактагы жарандардын көйгөйү, ыкчам маалымат алмашуу орчундуу маселе болуп турат. Андыктан министрге дем алууга убакыт жок.

Милиция кандай коркунуч жаралбасын, баарына даяр

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин да күнү-түнү иштеп жатканын билдирди маалымат кызматы.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Биздин бардыгы так жана туура көрсөтүлгөн атайын иш пландарыбыз бар. Милиция кандай гана коркунуч жаралбасын, баарына даяр. Ошондуктан ал күч түзүмдөрүнүн катарында. Эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Бул — биздин иш. Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоо үчүн дайыма даярбыз.

Өлкөдөгү обсервация жайларын кайтаруу, посттордо турган кызматкерлерге шарт түзүү, медициналык каражаттар менен камсыздоо, жөө жана автопатрулдардын ишин жогорку деңгээлде уюштуруу, айтор, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагындагы иштердин баарын министр өзү координациялап турат.

Бул бизге жакшы сабак болду

Юстиция министри Марат Жаманкуловдун жумушу эртең менен саат 9.00дө башталып 20.00дө бүтөт. Кээде түнкү саат 12ге чейин да отуруп каларын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министри Марат Жаманкулов
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Албетте, үй-бүлөм кооптонбой койбойт, кичинекей үч балам бар. Үйгө келгенде келинчегим тосуп алып кийимдеримди балконго чыгарып, бут кийимимди хлор менен тазалап жатат. Колумду жууп анан кирем. Бардык эрежелерди сактап, кудай сактасын деп жүрөбүз.

Кырдаалга жараша ыкчам чечимдер кабыл алынууда. Биз баарына укуктук анализ жүргүзүп, талдап чыгабыз. Мурда жөнөкөй тартипте иштеген органдар азыр көп маселени ыкчам чечип, бюрократия болбой калды. Башка мекеме туура эмес же сапатсыз жасап койсо "биздин жумушубуз эмес" дебей, "мамлекеттин жумушу" деп жардамдашып жатабыз. Бул дагы жакшы сабак десем болот. Көп документтерди электрондук форматка өткөрдүк. Учурда борбордук аппаратта 10-15 эле адам калды, кээ бир иштерди кызматкерлерге тапшырбай өзүм эле оңдоп-түзөп жөнөтүп жатам.

Менин оюмча, ушундан кийин дүйнө өзгөрөт го. Жакында "футболчу жана башка спортчулар, артисттер миллиондогон акча таап, ал эми дарыгер, укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматкерлер көп деле маяна алышпайт" деген билдирүүнү окуп калдым. Эми аларга башкача көз караш менен карап калабыз деп ойлоп жатам.

Мындай кырдаалга биз даяр эмес болчубуз

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева иш күндөрү эле эмес, дем алыш күндөрү да күн сайын эртең менен саат 9.00дөн кечки 21.00гө чейин, кээде андан да кеч калып иштеп жатканын айтат.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы министри Бактыгүл Жээнбаева
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Негизи өзгөчө абал режими киргизилгенге чейин деле күн сайын иштегенге көнүп калгам, андыктан мага көп деле кыйынчылык жараткан жок. Бирок жалпы министрлик боюнча алганда кыйынчылыктар бар. Ушул кезде биздин министрликке артылган жүктүн салмагы оорлошуп, жоопкерчилигибиз ого бетер күчөдү.

Мындан улам тобокелдиктерди алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүп, өзгөчө бюджеттин долбоорун даярдоого кириштик. Андан тышкары, эң төмөнкү пайыздык чен менен узагыраак мөөнөткө жеңилдетилген насыяларды гранттык элементтери менен кошо тартып келүүгө аракет жасап жатабыз. Ошону менен бирге приоритеттүү эмес чыгымдарды каржылоону убактылуу токтоттук.

Чындыгында дүйнө жүзүнө COVID-19 инфекциясынын мынчалык тездик менен жайылып кетерин эч ким күткөн эмес. Пандемиянын кесепети оор болууда. Мындай кырдаалга биз даяр эмес болчубуз.

Биринчиден, республикалык бюджетти аткарууда жаралган кыйынчылыктарды кыйгап өтүү үчүн резервдик каражат каралган эмес эле. Эгер резерв болгондо, бюджетти ички ресурстарыбыздын эсебинен толтурууга мүмкүн болмок. Демек кийинки жылдын бюджетин даярдап жатканда муну сөзсүз түрдө эске алышыбыз керек.

Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?
Экинчиден, тобокелдиктерди эске алуу менен бюджеттин ар кандай варианттары иштелип чыккан эмес. Бул практика бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө да кеңири жайыла элек. Мындан улам бюджеттин долбоорунун бир нече вариантын алдын ала даярдап коюшубуз керектигин даана түшүнүп отурабыз.

Үчүнчүдөн, бардык деңгээлде бюджеттик чыгашаларга тыкыр анализ жүргүзүлгөн эмес болчу. Азыр бул дагы орчундуу маселеге айланып отурат. Демек бюджеттик каражаттын кандай жумшалып жатканын, натыйжалуулугу канчалык экенин жакшылап талдап чыгышыбыз зарыл.

Төртүнчүдөн, азыркыдай кырдаалда бардык жумушту аралыктан аткарууга толук адистеше электигибиз, тийиштүү шарттар түзүлө электиги кашкайып көрүнүп калды. Мындан кийин келечекте кандай гана кырдаал болбосун, үзгүлтүксүз иштей берүү үчүн өз кызматкерлерибизди жаңы маалыматтык технологияларга окутууну, аралыктан иштөөгө үйрөтүүнү тез арада колго алып, тийиштүү шарттарды түзүп беришибиз керек.

Деги эле биздин мамлекет өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эртерээк өздөштүрүп, дээрлик бардык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү тездетүү зарыл экенин бүгүн баарыбыз даана түшүндүк деп ойлойм.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачышы ыктымал

Экономика министри Санжар Муканбетов иш ордунда саат 9.00дөн 21.00гө чейин болуп жатканын билдирди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Экономика министри Санжар Муканбетов
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Санжар Муканбетов

Азыр биз экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн иштеп жатабыз. Бүгүн эле бешинчи жолугушуудан чыктым. Мурдагы финансы, экономика министрлери менен жолугуп, ой-пикирлерин чогултуп бир программа даярдап жатабыз. Учурда биринчи ден соолук, экинчиден экономика негизги маселе болууда. Бирок ушул кырдаалдан кийин өлкө экономикасынын жаңы орду пайда болуп, өзүн-өзү баккандай жана экспорттун потенциалын жогорулатууда секирик жасоого жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылабы деген ой бар. Ошол жагын карап жатабыз.

Мурда үй-бүлөгө көп убакыт бөлө алчу эмес элек, азыр дем алышсыз иштегендиктен такыр эле бошобой калдык. Эми алар да кырдаалды түшүнүп жатат. Үйгө келгенде балдарымды учураштырбай токтотуп, колду самындап жууп, антисептик сээп анан кирем.

Азык-түлүк импорттон көз каранды болбош керектигин түшүндүк

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев мындан ары тамак-аш коопсуздугуна мамлекет өзү кам көрүшү керектигин белгилейт.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев

Жумушка мурункудан эрте келип кеч кетмей. Күнүгө үйдөн иштеген кызматкерлер жана региондор менен WhatsApp, Skype аркылуу байланышабыз. Мурунку жумада премьер-министр менен Ош, Жалал-Абадга барып келгенден кийин үч күн үй карантининде болдум. Анализ башында эле таза чыккан, бирок эрежени сактадык. Ал учурда үйдөн иштеп жаттым.

Бүгүнкү күндө Материалдык резервдер фондунун абалын көрүп турабыз. Билесиздер, ЕАЭБге киргенде буудайдын аянтын кыскартууга барганбыз. Ошол кезде бийлик ушундай саясат жүргүзүп 343 миң гектардан 240 миңге чейин азайтылган. Жаныбыздагы кошуналарга ишенип, алар бизди арзан, сапаттуу ун менен камсыз кылат деген негиз болгон. Быйыл буудайдын аянты 5000 гектарга кеңейтилди. Азык-түлүк боюнча импорттон көз каранды болбоо зарыл экенин баарыбыз түшүнүп калдык. Аны үчүн Айыл чарба министрлигине көп функцияларды бериш керек экен. Андан тышкары, жергиликтүү бийлик эле чечип коё турган маселелер да бизге жүктөлүп калганын көрүп жатабыз.

Улгайган ата-энем менен чогуу жашайм, кооптонуу бар

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жумушка эртең менен саат 8.30да келип, 20.00дөн кийин кете турганын айтат.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов

Мен мурдагыдай эле режимде иштеп жатам. Күнү-түнү иштеген штаб, нөөмөт уюштурулган. Ошондой эле жүк ташуучулар ассоциациясы менен сүйлөшүп медиктерди ташууга, гуманитардык жардамдарды жеткиргенге жардамдашып жатабыз.

Албетте, кооптонуу бар, анын үстүнө мен ата-энем менен чогуу турам. Алар 80ден ашып калган кишилер. Саламаттык сактоо министрлиги айткан эрежелерди сактоого аракет кылып жатабыз.

Үйгө киргенде балдарым кучактай албайт

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров саат 8.00дө жумушка келип, кээде түнкү 2.00гө чейин отурарын билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров

График менен кызматкерлерди экиге бөлүп күнү-түнү иштөө режимине өткөнбүз. Көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялоо, гуманитардык жардамдарды кабыл алып жеткирүү, обсервация жайларын даярдоо, жаткандарга тамак-аш уюштуруу бизге жүктөлгөн. Ошол эле учурда экинчи үй-бүлөм болгон кызматкерлериме шарт түзүп, тамак-ашын берип, маянасын кечиктирбей төлөп өзгөчө көңүл буруп карашым керек. Бул Кыргызстан эле эмес, дүйнө үчүн сыноо болуп жатат.

Үйгө барып бала-чаканы көргөнгө деле убакыт болбой калды. Ашып баратса беш саат уктап эле иштеп жатабыз. Кээде эки-үч саат болуп калат.

Көбүнчө өзүм кооптоном, балдарым кичинекей, үйгө киргенде кучактайын десе "ары тургула" дейм. Ушундай тартипке өттүк. Сырттан кагынып-силкинип, кийимдерди эшиктин оозуна илип, антисептиктерди себинип, бир сыйра чайканып чыгып анан бала-чака менен өбүшүп-жытташабыз.

Азыр кол куушуруп отура турган убак эмес

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков иш ордуна саат 7.30да келип, 20:00гө жакын коменданттык саат башталганча чыгып кетерин айтат. Бүтпөгөн иштерин үйүнө барып улантат экен.

© Фото / пресс-служба ОшГУБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков

Азыр ыкчам чечим чыгарып, күтүлгөн да, күтүлбөгөн да кырдаалга даяр туруп, ачык жана так иштей турган мезгил болуп жатат. Тез арада мектеп, лицей, колледж, жогорку окуу жайларын дезинфекциялап, санитардык нормаларга ылайык тазалоо иштерин жүргүздүк. Окуу жайларыбыздын бир топ жатаканаларын обсервацияга даярдадык.

Билим берүү системасынын антикризистик планын иштеп чыкканбыз. IV чейректи дистанттык түрдө окутуу үчүн кыска мөөнөттүн ичинде 1400 видео сабак тартылды. Буга өлкөдөгү 200дөн ашуун алдыңкы мугалим катышты. Ошол эле убакта кемчиликтердин үстүнөн да иштеп жатабыз. Азыр кол куушуруп отуруп калбай, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып кырдаалдан татыктуу чыгышыбыз керек.

Кесиптештерибиздин коронавирус жуктуруп алганы тынчсыздандырат

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жумушу эртең менен саат 6.30да эле башталып, түнкү бир-экиге чейин созулат.

© Фото / пресс-служба правительства КРСаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп калганбыз. Министрликтин ыкчам штабынын башында өзүм туруп, бир катар көйгөйлүү маселелерди чечип жатабыз.

Бүгүнкү күндө тоңдурулган үлгүлөрдүн баарын ПЦР-диагностикадан өткөрүп, жыйынтыктары белгилүү болду. Ошону менен катар эле күнүгө келип түшкөн анализдерди лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүдөбүз.

Ситуация в Бельгии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Ал эми ооруканада дарыланып жаткан ар бир бейтап боюнча толук маалымат биздин базага киргизилген. Клиникалык белгилери бар бейтаптар менен өзүнчө, лабораториялык изилдөөлөр аркылуу тастыкталган адамдар менен өзүнчө иштеп жатабыз.

Бизди медицина кызматкерлеринин коронавирусту жуктуруп алышы жана алардын саны өсүп жатканы тынчсыздандырууда. Кесиптештерибиздин саламаттыгы дайым көзөмөлдө болот. Медиктерди колдоо үчүн эпидфонддон кошумча эмгек акы төлөнүп берилген. Мындан тышкары, атайын ачылган эсептен март айы үчүн алган маянасына кошумча төлөмдөр эсептелип, мурунку жумадан тарта которула баштады.

Эл аралап гуманитардык жардам таратууда

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов эртең менен саат 8.00дө келип, 20.00гө чейин иштеп жатканын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Министр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов

Маданий мекемелер жабылып, иш-чаралар токтогон. Бирок башка органдар менен биргеликте "Жардам" штабын ачканбыз. Ошол жакта күнү-түнү иштеп жатабыз. Келинчегим кош бойлуу, ал аябай кооптонот, анткени күнүгө элге аралашып ар кандай жардамдарды жеткирип жүрөбүз да. Ал жакта кимиси кандай экени белгисиз. Биз жардам көрсөтүп барган райондо бирөөдөн коронавирус чыгып калса, ал күнү тест тапшырып анализи чыкканча үйгө барбай, кабинетте эле түнөп калам.

Жамандыктын арты менен жакшы иш бүтүп жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жумушка эртең менен саат 9.00дө келип, кечки 20.00гө чейин болот. Кээде андан дагы көпкө кармалып каларын айтат.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Көп нерсеге көзүбүз жетти. Министрлер коронавирустан кандай сабак алганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Азыр көбү үйдөн иштеп жаткандыктан кол алдымда киши аз болууда. Кырдаалга байланыштуу жардам сурагандар аябай көбөйүп кетти. Мисалы, бир саат жыйында отуруп чыкканча эле WhatsApp аркылуу 300дөй кат келет, телефон тынбайт. Мурда план менен жайбаракат иштесек, азыр бүт тараптан активдешип кетти.

Бул кырдаал мамлекеттик органдардын масштабдуу иш-чараларга даяр эместигин көрсөтүп койду. Штаттан сырткаркы учурларда иштөө алгоритмин даярдап коюу керектигин түшүндүк. Муну ачык айтышыбыз керек. Ошондон улам муктаждарга жардам берүүнү тез арада бир нукка салууга мүмкүнчүлүгүбүз болбой калды. Мына азыр ыкчам телефондорду, автоматтык түрдө жооп берүүлөрдү ишке киргизип жатабыз. Жайбаракат жашоодо жасабаган маселелерге көңүлүбүздү буруп, аз кызматкер мурдагыдан көп ишти бүтүрүп жатат.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Ажы тойдон коронавирус жугузган. Боронов медиктерден кечирим сурады
Бирок орустар "без худа нет добра" деп коёт эмеспи, азыр канча деген адам Соцфонддо, Салык кызматында каттоосу жок, күнүмдүк тиричилик үчүн иштеп жатканын аныктап жатабыз. Бизге кайрылганына жараша көмүскө сектордогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү системага киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ушунун арты менен баарын каттоого алып алсак, ким эмне менен жан багып жатканы такталып, толук картина көрүнүп калат.

Кенен отурууга убакыт жок, иш үстүндө эле тамактанып калдык. Бирок ага даттанып же милдет кылбайбыз. Биз эл үчүн иштейбиз, ысык-суугун тартабыз деп жүктү мойнубузга алып келгенден кийин иштөөгө дайым даярбыз десем болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0