Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек

© Sputnik / Мирбек СакеновЧүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ал күнүнө 30 литр сүт берген асыл тукум уйларды, салмагы 7,5 килограммга чейин жеткен үндүктөрдү багып, жеке чарбасын жолго салган.

Көпчүлүк элеттиктерге үлгү болгон 28 жаштагы жаратман менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Мал чарбачылыгы менен алектенгениңизге канча болду? Эмне багасыз?

— Кичинекей кезибизден эле мал менен чоңойдук, жети жылдан бери ата-энемдин ишин улантып келем. Өзүбүздүн чарбада каз, өрдөк, тоок, үндүк, уй, жылкы кармайбыз. Эки жылдан бери үндүк бага баштадык. Башында 2-3 айлык жөжөлөрдү 500 сомдон алып иш баштаганбыз. Аларды учурда 2000 сомдон сатып жатабыз. Буюрса үндүктөрдүн санын 3500гө жеткирели деп турабыз.

© Sputnik / Мирбек СакеновЧүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат

— Азыр бул өнөр жаңыдан өздөштүрүлө баштабадыбы. Үндүк багып өстүрүүдө эмнелерди эске алуу керек экен?

Предприниматель, гид Максат Айткулов - Sputnik Кыргызстан
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек
— Былтыр 320 жөжө алгам, жакшы карасаң көлөмү чоң эле болот экен. Бир жаштагыларынын салмагы 7-7,5 килограммга чейин жетти. Кичинекей кезинде көк чөптү майдалап, жемге дары-дармегин кошуп берип жүрдүк. Балапандардын бат чоңоюшуна эт жакшы жардам берет экен. Биз мал сойгон жайлардан жылкынын, бодо малдын ичеги-кардын алып келип бышырып, аны туурап жемге аралаштырып бердик. Үч айдан кийин өз алдынча талаадан курсагын тойгузганга жарап калды. Үндүктү көп санда багуу үчүн кенен жер болгону жакшы.

— Саны көбөйүп, кичине чоңоюп калганда талаада койдой эле жайылып жүрүп калат экен да?

— Ооба. Кадимкидей эле ат минип алып эки киши карайт. Алгач өзүбүздүн эле кичинекей огородго чыгарабыз. Чоңойгондо 12 гектар бедеге коё беребиз. Кышкысын сыртка чыгарбай багууга туура келет. Себеби үндүк кар жесе ооруп кыйналат экен.

© Sputnik / Мирбек СакеновЖеке ишкер Күлчоро Аксакалов: "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз.
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жеке ишкер Күлчоро Аксакалов: "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз.

— Көп сандагы мал, канаттууларды кармоого ошондой тоют кетет эмеспи. Иштеткен айдоо жериңер да көп болсо керек?

— Өзүбүздүн жерди жана ижарага жер алып иштетебиз. Жыл сайын беде, арпа, буудайды кенен эле жыйнайбыз. Гиссар кой, "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз.

— Чарбаңыздар чоң экен. Айылда канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?

— Жети үй-бүлө иш менен камсыз болгон, жалпы ондон ашык адам иштейт. Жумушчуларыбыз 15 миң сомдон жогору айлык алат. Жыл аягында кой, торпок белек кылабыз, аларга жакшы шарт түзүп бергенбиз. Мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканын онлайн көз салып турам. Себеби малга жем, чөбүн өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып туруш керек. Чарбада уй сааган киши жок, түркиялык аппарат колдонулат.

© Sputnik / Мирбек СакеновЖеке ишкер Аксакалов: сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканын онлайн көз салып турам. Себеби малга жем, чөбү өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып туруш керек. Чарбада уй сааган киши жок, түркиялык аппарат колдонулат.
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жеке ишкер Аксакалов: сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканын онлайн көз салып турам. Себеби малга жем, чөбү өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып туруш керек. Чарбада уй сааган киши жок, түркиялык аппарат колдонулат.

— Анан кантип эс аласыздар?

— Малдын курсагы тоюп, иш жүрүп турса эле эс алат экенсиң. Эртеден кечке чейин эле ошол жакта жүрмөй.

— Кыргызстандагы бир топ эле малчыларга үлгү экенсиз. Аларга кандай кеңеш бересиз?

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган Жайна. Ишкер менен маек
— Негизи айылда деле ишкерлик менен алектенсе болот, мүмкүнчүлүктөр кенен. Биз, кыргыздар, аябай жалкообуз. Уктаганды жана тойго барганды жакшы көрөбүз. Ишибиздин майын чыгарсак эле көп нерсеге жетишмек элек. Кээде кыргыздар талаага бедени айдап, сугарбай эле жамгырды күтүп деле жата берет. Эгер өзүбүздүн жеке чарбабызга ошондой мамиле кылсак, көңүл жылытарлык жыйынтык болбойт да. Айыл жана мал чарбасында иш кылуу үчүн көп эле акча талап кылынат. Ошол эле маалда сарпталган каражатты бат эле чыгарып, киреше көрө албайсың. Эгер короткон акчаң эки-үч жылдан кийин киреше алып келсе, анда жакшы жыйынтык деп билсе болот. Эң негизгиси мээнет талап кылынат. Аракет көрүп бир нерсе башташ керек.

© Sputnik / Мирбек СакеновКүлчоро Аксакалов: үндүктүн бат чоңоюшуна эт жакшы жардам берет экен. Мал сойгон жайлардан жылкынын, бодо малдын ичеги-кардын алып келип бышырып, аны туурап жемге аралаштырып бердик. Үч айдан кийин өз алдынча талаадан курсагын тойгузганга жарап калды. Үндүктү көп санда багуу үчүн кенен жер болгону жакшы. Кадимкидей эле ат минип алып эки киши карайт.
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Күлчоро Аксакалов: үндүктүн бат чоңоюшуна эт жакшы жардам берет экен. Мал сойгон жайлардан жылкынын, бодо малдын ичеги-кардын алып келип бышырып, аны туурап жемге аралаштырып бердик. Үч айдан кийин өз алдынча талаадан курсагын тойгузганга жарап калды. Үндүктү көп санда багуу үчүн кенен жер болгону жакшы. Кадимкидей эле ат минип алып эки киши карайт.

— Буюрса алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Мисалы, биздин сүттү кайра иштетип, ага өзүбүз бакчада өстүргөн кара өрүктү кошсок йогурт болуп калат экен. Алдыда даяр продукт өндүрүүгө кадам таштайлы деп турабыз. Чет өлкөдөн асыл тукумдуу мал алып келели деген ниеттер бар. Австралиядан страус алып келейин деп жатам. Учурда өзүбүздүн канаттуу, малды кармаган сарайларды оңдоп-түздөп, тоют ала турган аянттарды көбөйтүүдөбүз. Андан сырткары, мал багууда адам күчүн аз пайдалануу максатында жаңы техникаларды колдонуу максаттарыбыз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0