Жүк ташуучу унааны дезинфекциялоо - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирустун 22-күнү: видео, сүрөт, тексттик баян

Жазылуу
Кыргызстанда учурда эпидемиологиялык абал татаал. Учурда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 200дөн ашты. Каза тапкандар да жок эмес.

Анткен менен дарыгерлер айыгып кеткендер бар экенин айтууда. Дарыгер демекчи, коронавируска кабылган медиктер да жок эмес. Алардын саны учурда – 19.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Калган жерлерде өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:41 08.04.2020
19:22 08.04.2020

Талас облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө: 73 тонна 850 кг. ун, 2 тонна 100 кг. макарон, 850 литр өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг. күрүч, 100 пачка чай жана жарым тонна кумшекер таркатылды.

Жалпысынан облуста демөөрчүлөрдөн 1 988 үй-бүлө жардам алышты. Мындан тышкары медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг. хлор, 65 180 даана бет кап берилди.

1 403 литр антисептик, 670 коргоо костюмдары, 3 705  кол кап тапшырылды. Облус боюнча көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 304,6 миң сомду түздү.

18:56 08.04.2020
18:47 08.04.2020

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген шартта кыргыз өкмөтүнүн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен ири шаарлардын мэрияларынын аппараты кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан билип көрдү.

 

Деятельность мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү, мэриялар кандай тартипте иштеп жатат. Байланыш жолдору
18:41 08.04.2020

Жалал-Абад шаарында 70 окуучунун үйүнө онлайн сабактарды өтүү үчүн мектептердеги сыналгылар орнотулуп берилди. Маалыматка ылайык, учурда шаар аймагындагы 20 мектепте онлайн сабактар башталды. 

Шаар аймагындагы 20 мектепте 23 миңден ашык окуучу билим алат.

Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

18:37 08.04.2020
18:23 08.04.2020

Нарын облусунда бүгүн 8-апрелде коронавирустун жаңы беш учуру катталган. Булардын төртөө дааваттан келсе, бир аял дааваттан келген агасынан жуктуруп алган. Бул туурасында аталган облустук штабдан кабарлашты.

“Ат-Башы районунан илдетке чалдыккандар 20-21-март күндөрү Ош жана Баткен облустарында дааватта болуп келишкен. Бирок дааватта болуп келгенин эч кимге айтышкан эмес. Жергиликтүү тургундардын айтуусу менен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дааватта болуп келгени аныкталып, эки жаран тең 29-мартта обсервацияга жаткырылып, биринчи анализдери таза чыккан. Экинчи анализинен COVID-19 аныкталган”, - деп билдиришти облустук штабдан.

Алар менен жакын байланышта болгон 21 адам изоляцияга, 63 адам үй карантинине алынган.

Ал эми Жумгал районундагы илдетке кабылган эки жаран 15-мартта Индиядан дааваттан келсе, Кочкор районундагы кыз Пакистандан дааваттан келген агасына Бишкек шаарына учурашканы барып жуктуруп алган.

Индиядан келген адамдар үч күн Бишкек шаарында обсервацияда болуп, Жумгалга келери менен ооруканага жаткырылган. Эч ким менен байланышта болгон эмес.

17:54 08.04.2020

Соода жайларын кыдыруу учурунда айрым азыктарга болгон баалардын жогорулагандыгы маалым болду. Аны соода жайларынын жетекчиликтери акыркы убакытта доллардын курсунун көтөрүлгөндүгүн жүйө келтиришти.

16:41 08.04.2020
16:38 08.04.2020

Өзгөчө абал режими кирген аймактарда иштеп жаткан милиция кызматкерлери жана аскер адамдарына кошумча маяна төлөнөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген учурда иштеген аскер адамдарына жана башка адистерге кошумча эмгек акы берүү боюнча атайын токтом бар. Ошонун негизинде баарына төлөнөт. Азырынча суммасы атала элек", - деди ал.

 

 

16:25 08.04.2020

"Талапты жогорку денгээлде коюуга аракет кылып жатабыз. Кээ бирлери кызматтан сырткаркы учурда жуктуруп алган учурлары бар. Медиктердин ооруп калганы боюнча атайын иш алып барылып, баа берилет. Бир райондо эки оорулууну карайбыз деген медициналык жети кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталып отурат. Ошондуктан жетекчисин кызматтан алууга, анын ишине баа берүүгө туура келди",  - деди Боронов.

"Талапты жогорку денгээлде коюуга аракет кылып жатабыз. Кээ бирлери кызматтан сырткаркы учурда жуктуруп алган учурлары бар. Медиктердин ооруп калганы боюнча атайын иш алып барылып, баа берилет. Бир райондо эки оорулууну карайбыз деген медициналык жети кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталып отурат. Ошондуктан жетекчисин кызматтан алууга, анын ишине баа берүүгө туура келди",  - деди Боронов.

16:16 08.04.2020

Боронов: Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт.
Ошондой эле эгерде каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди.

16:14 08.04.2020

Өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамкаттоо кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын иши 31-марттан баштап абал турукташтырылганга чейин токтотулду: ЦОНдор, унаа каражаттарын каттоо, почта кызматтары, архивдик кызматтар убактылуу иштебейт.
 

16:12 08.04.2020

Финансылык институттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:
- Эл аралык валюта фонду – $120,9 млн. (келди),
- Дүйнөлүк банк МЭП аркылуу – $12 млн. (50% – насыя, 50% – грант) ,
- Германиянын GIZ уюмунан (гум жардамга €550 миң грант чечти),
- Азия өнүктүрүү фонду – $100 млн. (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат),
- ЕБРР – $100-150 млн. (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат),
- Ислам өнүктүрүү банкы – $11 млн. (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат).
----------------------

15:43 08.04.2020

“Буудайдын запасы жетиштүү. Учурда Казакстан, Россия менен буудай алуу боюнча келишимдер бар. Жакында Россиядан дан келет”, - Материалдык резервдер фондусунун жетекчиси Каныбек Айдаров.

15:42 08.04.2020

Кыргызстан сыртта жүргөн жарандарын чартердик каттам менен алып келүүгө аракет кылып жатат. 20-марттан тарта  4769 жаранды алып келинди.

Түркиядагы, Дубайдагы, Россиядагы жарандарыбыз туурасында кабарыбыз бар. Бардык мамлекеттер сырттагы жарандарын кайсы мамлекетте болбосун, коронавирустун активдүү фазасы өтүп кетмейин чыкпай күтүп турууга кеңеш берип жатат.

Биз да ошондой кеңеш бермекчибиз, бирок алып келебиз дегендер болсо аракет кылабыз.

15:38 08.04.2020

Боронов: Медициналык кызматкерлер арасында оорунун жугуп калганы алардын кээ бир талаптарды аткарбай калганынан байланыштуу деп эсептейм. 

Кыргызстанда 32 медицина кызматкери коронавирусту жуктуруп алган. 

15:33 08.04.2020

Боронов: Кээ бир учурда медициналык кызматкерлер иш учурунда эмес, сыртта жуктуруп алган фактылар кездешүүдө. Ал медкызматкер умрага барган кошунасы чайга чакырганда барып, ал жактан жуктуруп алган. Аны билбей, кесиптештерине аралашкан.

15:28 08.04.2020

Боронов: кредит алгандар, тагыраагы төлөм милдеттери барлардын мөөнөтүн жылдыруу боюнча маселени өкмөттүн экономикалык блогу карап жатат.

15:26 08.04.2020
15:23 08.04.2020

Боронов: 55747 үй-бүлөгө тамак-аш таратып берилди.

15:21 08.04.2020
15:18 08.04.2020
15:18 08.04.2020

 "Оорунун тез таралышы карантинди, коопсуздук эрежелерин сактабагандык, - деди биринчи вице-премьер-министр Боронов. 

15:17 08.04.2020
14:58 08.04.2020
14:49 08.04.2020

"Биз бир гана медиктердин кеңешин угушубуз керек. Мугалим окуучуларды окутат, ички иштер органынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүп, тартипти сактайт. Андан башка маалымат бере албайт. Ал эми медицина тармагында 10 жылдай окуган дарыгерлер ушул илдеттен бизди куткаруу үчүн ооруканада иштеп жатат. Ошондуктан айрымдарыңарды медик болбогула деп айтмакмын. Биз бул илимди билбейбиз", — деди Нурдинов.

 

14:47 08.04.2020

 "Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү кырдаалдан улам 2019-2020-окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимим чыгарган. Бүгүн 8-апрелде республикабыздын бардык региондорунда окуу башталды”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

14:34 08.04.2020
14:27 08.04.2020

Кытай коронавирус өз аймагында жайылып жатканда ал тууралуу маалыматты жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартылуусу керек. Мындай талапты Улуу Британиядагы "Генри Жексон коому" бирикмеси айтып чыкты.

"Эгер Кытай инфекция тууралуу эртерээк маалымат бергенде, вирус анын аймагынан чыкпай эле жок кылынмак. Эл аралык санитардык эрежелерге ылайык, көпкө созулуп, дүйнөгө тарай турган патогендер тууралуу бүткүл дүйнөгө так жана өз маалында маалымат берилиши керек эле", — деген аталган уюм. 

 

 

 

Повседневная жизнь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дан жабыркагандарга Кытай 4 трлн. доллар төлөсүн! Британияда коюлган талап
13:39 08.04.2020
13:38 08.04.2020
13:37 08.04.2020

Буга комендант Жоробеков  “баары кырдаалга жараша болот”, - деп жооп берди

13:23 08.04.2020

Пенсия боюнча берилген суроого Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин айткандарын жайгаштырабыз. 

 Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган пенсионерлердин акчасын почта кызматкерлери таратып берет.

"Өзгөчө абал кирген Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда пенсионерлердин акчасын банк аркылуу алчу. Эми аны убактылуу почта кызматы таратып бермекчи", — деген Ирсалиев.
Ал ошондой эле эгерде буга чейин пенсиясын почта аркылуу алып жүргөн жаран кокустан ошол учурда үйүндө жок болуп калса, пенсиясын кийинкиде, эки айдыкын бир кылып аларын белгиледи.

 

13:21 08.04.2020

Жоробеков: Санитардык-ветеринардык кызматтан жана айыл өкмөттөн алынган документ болсо, өтө аласыз. Автоунаага да өткөрмө кагаз алыш керек. Посттон тиешелүү уруксат документтери болсо, өткөрөт. Болгону кагазды алыш үчүн эртерээк кайрылышыңыздар керек.

13:14 08.04.2020

Жоробеков: облус аймагы боюнча 22 кылмыш катталып, баары ачылды.

13:14 08.04.2020
12:57 08.04.2020
12:55 08.04.2020

“Кечээ бир райондо тазабыз, өзүбүз жакшы эле турабыз деп дарыгерди укпай койгон адамдардын колун кайрып алып келип жаткырдык. Силер медик болбогондон кийин билбейсинер. Андыктан дарыгерлерди угуп, мыйзамга, тартипке баш ийгиле. Оорунун таралышы светти жандырганда жарык тарагандай эле тездик менен жайылып кетиши мүмкүн. Андыктан, айтканды уккула”, - деди Нурдинов.  

12:48 08.04.2020

"Ал изоляцияда. Аялы да ооруканада жатат. Байланыш түзгөн адамдан 7-8 кишиге жугузган. Жуктуруп алган ошол 7-8 адам башкалар менен байланышта болгон. Андыктан, адамдын өзүнүн жарандык гана этияттыгы керек болуп жатат”, -  деди комендант Нурдинов.

12:42 08.04.2020

Нурдинов: Күчөтүлгөн карантинде иштеп жатабыз. Кайсы зоналарды катуу кармаш керек деген жерлерди билебиз, себеби, ал жерден бир адам чыкпайт. Шаарды толук жаап салуу болбойт.

12:27 08.04.2020

Нурдинов: Судья жоопко тартылат. Кармалган учурда эле протокол түзүлүп, 17 миң айып төлөнөт. Андан сырткары жетекчисине кабарланат.

12:26 08.04.2020

Сарыбашев: Муниципалдык кызматтагыларга, медиктерге, тартип сактоочуларга да коргонуучу атайын кийимдерди берип жатабыз.

12:22 08.04.2020
12:18 08.04.2020

Нурдинов: Элге үйгө отургула деп күнү-түнү айтып жатабыз. Ал балдарынын коопсуздугун да караш керек. Андай адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул сыяктуу фактыларды бизге билдирип турганыңарга рахмат. 

12:15 08.04.2020

Сарыбашов: Азык-түлүк жетиштүү, баалар мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик менен көзөмөлдө. Шаарда муниципалдык кээ бир кызматтар иштеп жатат.

12:11 08.04.2020

Нурдинов: Шаар жана облус аймагында коомдук кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө.

12:05 08.04.2020
11:50 08.04.2020

Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөргөн Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Окуя 7-апрелде кечинде болгон.
Ош облустук сотунун судьясы мас болуп коменданттык сааттын шарттарын бузганы айтылды. 

Бул туурасында Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдирди.

11:32 08.04.2020

Жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу органдары, элдик кошуун жана жаштар менен биргеликте 13 айыл өкмөтүндө санитардык-карантиндик посттор уюштурулган. Кирип чыккан адамдарга зарыл болбогон учурларда үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

11:31 08.04.2020
11:27 08.04.2020

 Бишкек комендатурасына 2-7-апрель күндөрү өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 213 электрондук арыз келип түшкөн.

Орозалиев алардын ичинен 725 арызга канааттандырылгандыгын айтты.

11:26 08.04.2020

“Посттордо турган биздин кызматкерлер тамак-ашсыз калган жок.Мындан сөздөр чындыкка туура келбейт”, - деди Орозалиев.

Ал милиционерлерге тамак берилип жатканын өзүм көзөмөлдөп турганын кошумчалады

11:20 08.04.2020

Орозалиев: Коронавирустун жаңы учурлары улам көбүрөөк катталып жаткандыктан, жакынкы 1-2  жумада үйдө отурууну суранабыз.

11:19 08.04.2020

Орозалиев: Бишкекти аймагында дезинфекция иштери жүргүзүлүп, көчөлөргө жаңы тосмолор коюлуп, карантиндик зона аймагы кеңейди.

11:19 08.04.2020

Түндө коменданттык сааттын эрежесин 58 киши бузду. Алардын 50сү  эркек, 8и аял киши.

11:03 08.04.2020
10:49 08.04.2020
10:41 08.04.2020


• Бишкекте – 4,
• Ош облусунда – 20,
• Жалал-Абад облусунда – 7,
• Баткен облусунда – 1.

10:30 08.04.2020

Дарыгерлердин бири Бишкек шаардык санитардык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери.

"Ош облусундагы жугуштуу оорулар боюнча шаардык ооруканасынын сегиз кызматкер бар. Алардын ичинен төртөө дарыгер, төртөө медициналык кызматкер. “Азия Кардиодон” экөө, анын бири дарыгер, бири медайым. Андан сырткары облустук бир ооруканада бир кичи медициналык персонал",  - деди министр Абдикаримов.

Бирок, ал 13 деп айткан сан чыккан жок. 

10:30 08.04.2020
10:23 08.04.2020

Ош облусунда – 97, ал эми Жалал-Абадда -  81 адамга жетти.

10:14 08.04.2020

Ош облусунда – 97
Ош ш. – 33
Жалал-Абад облусунда – 81
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Бишкек ш. – 35
Ысык-Көл облусунда – 3

10:07 08.04.2020

Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял.  
Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 24
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 5

10:06 08.04.2020
10:04 08.04.2020
10:04 08.04.2020
09:57 08.04.2020
09:57 08.04.2020
09:56 08.04.2020
09:39 08.04.2020
09:34 08.04.2020

Түндө Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин бузган 92 киши кармалды.

 Ал эми алардын ичинен Ноокат районунда түн ичинде бейчеки баскан адам болгон эмес. 

Коменданттык сааттын эрежесин Бишкек шаарында 58, Ош шаарында 5, Жалал-Абад шаарында 12, Сузак районунда 15, Кара-Суу районунда 2 киши бузган. 

Буларды ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0