76 күн изоляцияда турган Ухань шаары өткөн түнү эшигин ачты

© REUTERS / MARTIN POLLARDУхань шаарынын аэропортундагы жүргүнчүлөр
Ухань шаарынын аэропортундагы жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-апрелге караган түнү жолдогу тосмолор алынып, шаардагыларга сыртка автонуаа менен чыгууга уруксат берилди.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кытай бийлиги коронавирус чыккан Ухань шаарынын кире беришиндеги тосмолорду алды. Калаа 76 күндөн бери сырт менен байланышын токтотуп, изоляцияда турган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

8-апрелге караган түнү жолдогу тосмолор алынып, шаардагыларга сыртка автонуаа менен чыгууга уруксат берилди.

Гонконгтун метро станциядагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок
23-январь күнү COVID-19 вирусунун айынан Ухань шаарында транспорттун бардык түрү токтотулган. Ошондой эле калаадан чыгууга тыюу салынган болчу.

Темир жол каттамдарга алынган билеттердин санына караганда, ушул эле 8-апрель күнү шаардан 55 миңден ашуун киши чыгып кетет.

Автобекет, аэропорт жана темир жол вокзалдары дезинфекцияланып, ар бир кишинин ден соолугу тууралуу маалым каттар текшерилип жатат.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

8-апрель эртең мененки маалыматка ылайык, дүйнө боюнча коронавирусту 1 430 141 адам жуктуруп, анын 301 130у вирусту жеңди. Ал эми көз жумгандардын саны 82 119 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0