Шалаакыларга катуу чара көрүлөт! Боронов айрым мекемелердин ишин сынга алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик жана мекемелердин жетекчилери, облус башчылары коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берген.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда Республикалык ыкчам штабдын жыйынын онлайн-режимде өткөрдү.

Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук жана башкаруу иштеринин чабалдыгын сынга алды.

"Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук жаатында кемчиликтерин көрүп турабыз. Бул биз тараптан да, калктын да нааразылыгын жаратпай койбойт. Анын баары жоюлат, дарыгерлердин керектөөлөрүн камсыздоо, ӨА режиминде автоунаа, уруксат маселелери да чечилет. Алдыңкы катарда иштеп жаткан лаборанттар, вирусологдор, эпидемиологдор үчүн тоскоолдуксуз жана коопсуз иштөөнүн бардык шарттары түзүлөт. Калган мамлекеттик жана жергиликтүү органдар буга жардам көрсөтүшөт", — деди Боронов.

Мындан сырткары, ал Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн да сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөөгө тапшырма берди.

Биринчи вице-премьер жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү жана Бишкекке кирип-чыккан автоунааларды дагы дезинфекциялоону тапшырган.

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов провел заседание Республиканского оперативного штаба, в котором в онлайн режиме приняли участие полномочные представители Правительства Кыргызской Республики в областях.
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда Республикалык ыкчам штабдын жыйынын онлайн-режимде өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда Республикалык ыкчам штабдын жыйынын онлайн-режимде өткөрдү
© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов провел заседание Республиканского оперативного штаба, в котором в онлайн режиме приняли участие полномочные представители Правительства Кыргызской Республики в областях.

Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук жана башкаруу иштеринин чабалдыгын сынга алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук жана башкаруу иштеринин чабалдыгын сынга алды
© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов провел заседание Республиканского оперативного штаба, в котором в онлайн режиме приняли участие полномочные представители Правительства Кыргызской Республики в областях.
Мындан сырткары, Кубатбек Боронов Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн да сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөөгө тапшырма берди - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындан сырткары, Кубатбек Боронов Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн да сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөөгө тапшырма берди
1/3
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда Республикалык ыкчам штабдын жыйынын онлайн-режимде өткөрдү
2/3
Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук жана башкаруу иштеринин чабалдыгын сынга алды
3/3
Мындан сырткары, Кубатбек Боронов Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн да сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөөгө тапшырма берди

Коронавирус Кыргызстанда

Бүгүн Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0