Медициналык дарыгер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан

COVID-19 каптаган 11-күн. Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама. Видео, сүрөт

Жазылуу
Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал, өлкөнүн эки облусунун райондоруна,  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө абалдагы окуялар туурасында маалымат берип турабыз.

Кыргызстанда коронавирустун катталганына бүгүн 11-күн болду. Алгач 3 адамдын анализи COVID-19 вирусун жуктуруп алганын тастыктаса, 27-марттагы маалыматтарга караганда, алардын саны 58 кишиге жетти.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:25 29.03.2020
20:02 29.03.2020

Облустук бийлик төмөнкү эскертүүнү таратты:

Кимде-ким кандай маселе болбосун чет жакка чыгып келген болсо медициналык кароодон өтүп, текшерилип коюуңуздар зарыл.
Сыртка чыгып келген же дааваттан келген адамдар менен бир жерде чогуу болуп, же байланышкан болсоңуздар 5-14-75, 5-08-76 ишеним телефондоруна чалып облустук штабга билдирүүңүздөр керек. 

 

Ситуация в Пакистан из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон
19:31 29.03.2020
18:01 29.03.2020
17:01 29.03.2020

Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылган.

29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлардан (бир күндүк эмгек акы) атайын эсепке 3 475 934 сом которулду.

16:45 29.03.2020

Жергиликтүү бийлик менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү аймак тургандарына эскертүү берип, мүмкүн болсо жолго чыкканды азайтууга кенеш беришти.  

16:44 29.03.2020
15:36 29.03.2020
15:19 29.03.2020
15:11 29.03.2020
13:36 29.03.2020
13:23 29.03.2020
12:26 29.03.2020
12:23 29.03.2020

Чүй облусу  - 2

 Бишкек – 4

  Нарын шаары  – 1

  Ош – 6

Жалал-Абад облусунда – 13 адам.

12:22 29.03.2020
12:18 29.03.2020

Мамбетов: Обсервацияда 4888 адам, 3308 киши үй карантинде турат

12:15 29.03.2020
12:14 29.03.2020
12:13 29.03.2020
11:52 29.03.2020

Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында 28-марттан 29-мартка караган түнү коменданттык саат убагында коменданттык эрежелерди 76 адам бузган.

Төрт автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулган.

 Жалал-Абад облусу боюнча 16 кылмыш иши катталып, бардыгы ачылган. Анын ичинен бирөөсү такталбаган жалган маалымат тараткан учур болгон.

Бул мааламатты  Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жоробеков билдирди. 

11:17 29.03.2020
10:51 29.03.2020
10:43 29.03.2020

Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түздү.

 

Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: элден түшкөн акчаны бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлдү
10:40 29.03.2020
10:39 29.03.2020
10:37 29.03.2020
09:25 29.03.2020

Маалыматка караганда, Чикаго шаарындагы ымыркай бир жашка дагы толо элек болчу.

 

Госпиталь центра Hautepierre в Страсбурге - Sputnik Кыргызстан
АКШда коронавирустан ымыркай чарчап калды
09:19 29.03.2020

Бишкек шаарынын комендантынын брифинги аяктады.

09:19 29.03.2020

Комендант Бишкектин ичинде жүрүүгө бериле турган уруксат кагаздары жакынкы күндөрдөн тарта электрондук түрдө берилерин айтты.

"Форс-мажордук абалда да иштеп жатабыз, эгерде кандайдыр бир кемчилик кеткен болсо, аны оңдоого аракет кылабыз”, - деди Орозалиев.

09:19 29.03.2020

Орозалиев шаар тургундарына улгайган ата-энелерин же жакындарын азыркы шарттан улам карап, байкап  турууну эскертти. Комендант бул вирус жашы өтүп калгандар үчүн кооптуу экенин эске салды.

"Коронавирус биринчи иретте дал ушул адамдарга жугушу мүмкүн", - деди ал.

09:17 29.03.2020

Түндө Бишкек шаары боюнча 28 кылмыш катталып,  анын ичи 21и ачылды. Ал эми коомдук жайларда кылмыш катталган жок.

09:15 29.03.2020

Орозалиев: Миңден ашуун милиция кызматкерлери, куралдуу күчтөрдүн, ИИМ ички  аскерлери болду. Коменданттык саат учурунда 119 адам кармалды, 104 эркек, 15 аял болду. Алардын ичен бешөө чет элдик жаран.

09:12 29.03.2020

Орозалиев: Кырдаал жана жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Бишкек шаары боюнча 120 пост иштеди. 

09:12 29.03.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0