00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
18:10
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:10
53 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамкызматкерлерди жумушка ташуу үчүн транспорт уюштурулат

© Sputnik / Виталий БелоусовПодготовка пассажирского транспорта к летнему сезону
Подготовка пассажирского транспорта к летнему сезону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Мындан улам троллейбус менен автобустан башка бардык коомдук транспорттор токтотулду.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлерди жумушка жеткирүү үчүн транспорт уюштурулуп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калысбек Ахматов брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Мындан улам троллейбус менен автобустан башка бардык коомдук транспорттор токтотулду.

"Бул маселени кечээ штабдын ыкчам жыйынында козгогонбуз. Мамлекеттик кызматкерлерди жана аткаминерлерди жумушка жеткирүүгө транспорт уюштурулуп жатат", — деди Ахматов.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Дом ассоциации в Париже - Sputnik Кыргызстан
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай экенин Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0