ИИМдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда өлкөдө абал кандай

Жазылуу
Азыркы тапта Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 12ге жетти. Алар Сузак, Ноокат жана Баткен райондорунан.

Кыргыз өкмөтү коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. 

Ушу тапта республика аймагында эмне болуп, кандай чаралар көрүлүп жатканын биздин тексттик трансляциядан биле аласыз.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:02 21.03.2020

Ушу тапта сыртта жүргөн кыргызстандыктар да бар. Индиядагы КР жарандары үчүн бүгүн түндө учак учат. Саат 22.00гө чейин аэропортко келип катталуу керек.

Самолет в небе над Москвой - Sputnik Кыргызстан
Индиядан Кыргызстанга акыркы учак 21-мартта түндө учуп чыгат
20:01 21.03.2020

Калктуу конуштар, көчөлөр жана чоң жолдор дезинфекцияланып жатат.

19:57 21.03.2020

Чүйгө киргендер ушинтип текшерилип атат. Боом капчыгайынын кире беришине жана Сосновка менен Суусамыр айылдарына блокпосттор коюлган. Мындан тышкары, облустун чоң шаарларына дагы блокпост коюу маселеси каралууда.

19:42 21.03.2020

Индиянын Хайдарабад шаарында 11 КР жараны карантинге алынды. Алар азыр изоляцияга алынып, коронавируска текшерилет. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

19:26 21.03.2020
19:11 21.03.2020

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов Бишкек — Ош жолу сыяктуу облустар аралык автоунаа каттамдары жабылбай турганын билдирди.

Бирок өкмөт өзгөчө кырдаал режими киргенден кийин бир шаардан экинчисине каттоо кыскартыларын айтып, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. 

"Башка мамлекеттерде адамдардын катнашын азайтуу менен вирустун жайылышын токтотуп жатат. Ошондуктан муктаждык жок болсо эки жакка каттабай, үйдө отуруу зарыл. Ал эми мамлекеттик органдардын ишине, бизнес чөйрөсүнө, сатып алуу же кайсы бир регионго азык-түлүк ташыгандарга тыюу болбойт”, — деди Боронов.

Перевал Тоо-Ашу на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
18:58 21.03.2020

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган акыркы эки адам – 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер. Франциядан учуп келген 24 жаштагы КР жараны “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан. Ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайткан 26 жаштагы КР жараны Бишкек ш. “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган.

18:53 21.03.2020

Cоода жана көңүл ачуучу борборлор, азык-түлүк сатпаган дүкөндөр жана башка эл көп топтолгон объектилердин бардыгы жабылат.

Ошондой эле 23-марттан баштап ири “Дордой” соода базары дагы жабылары маалымдалды.

Шаар ичинде азык-түлүк саткан дүкөндөр, супермаркеттер жана дарыканалар иштей берет.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды кыймылды азайтып, үйдө болууга чакырат.

18:38 21.03.2020

“Өзгөчө кырдаал режиминде ар бир органда иш-чаралар планы бар, алар коронавирустук инфекциянын жугушун жана жайылышын минималдаштыруу максатында планда көрсөтүлгөн чараларды аткарууга даяр”, — деди Боронов.

18:18 21.03.2020

Ушу тапта үндү катуу чыгаруучу жабдуу менен элди үйдөн чыкпай отурууга үндөгөн автоунаалар кыдырып жүрөт.

18:03 21.03.2020

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жуктургандардын бири Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

18:02 21.03.2020

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаал режими 22-марттан тарта бир айлык мөөнөткө киргизилет.

17:59 21.03.2020

Бишкек мэриясы шаарда троллейбустар гана жүрө турганын, автобус менен маршруткалар каттабай турганын билдирди.

Новый троллейбусный маршрут № 6 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте троллейбустар иштей бермей болду
17:57 21.03.2020

"Чет жактан товар алып келүүдө эч кандай маселе болбойт, андыктан эл азык-түлүк менен дары-дармектин тартыштыгына тушукпайт", — деди премьер. 

17:55 21.03.2020

Алгач Бишкек менен облустарга блокпосттор коюлуп, биринчи кезекте зарыл болгон товар менен дары-дармектин маршрутун аныктайт.

Өзгөчө көңүл Бишкек менен Ошко, ошондой эле коронавирус аныкталган аймактарга бөлүнмөкчү. 

17:53 21.03.2020

Өзгөчө кырдаал учурунда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр коюлат. Бирок экономикалык жана ошол сыяктуу башка иш-чаралар акырындык менен ишке аша берет. Элдин күнүмдүк турмушу уланат, бирок зарылдыгы болбогон учурда ары-бери каттап, коомдук жайларга баруусуна, топтошуп чогулууга тыюу салынат.

Ситуация в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалдын айырмасы эмнеде. Түшүндүрмө
17:50 21.03.2020

Алдыдагы төрт жума өкмөт дем алышсыз иштемей болду.

17:49 21.03.2020

Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12ге жетти. Анын сегизөө Сузак районунан, үчөө Ноокаттан, ал эми бирөө Баткенден.

17:49 21.03.2020

Буга чейин Коопсуздук кеңеши премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушун берген. 

“Борбор калаага жана башка облустарга блокпостторду коюу, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды жана медикаменттерди жеткирүүнүн жол-жобосу аныкталды. Өлкө ичиндеги авиакаттамдардын жана коомдук транспорттун, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардын иштөө тартиби бекитилди. Ар бир аймактын жетекчиси киргизилген режимдин так сакталышына жооптуу болот. Эң биринчи калкты тамак-аш менен камсыздоо маселесин чечүү шарт. Бизде чет өлкөдөн товар ташып келүүдө эч кандай тоскоолдук жок. Андыктан элибизде тамак-аш жана медикамент тартыштыгы жаралбашы керек”, — деди Абылгазиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0