00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:07
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалдын айырмасы эмнеде. Түшүндүрмө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАскерлер блокпостун жанында. Архив
Аскерлер блокпостун жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаал учурунда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр коюлат. Бирок экономикалык жана башка ошол сыяктуу иш-чаралар акырындык менен ишке аша берет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өзгөчө кыдаал өзгөчө абалдан эмнеси менен айырмаланаарын биринчи вице-премьер-министр, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов түшүндүрүп берди.

Эске салсак, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адам бар. Алар жашаган Сузак районуна жана Баткен облусуна караштуу Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киргизилди. Коопсуздук кеңеши болсо премьер-министрге Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

Бороновдун айтымында, өзгөчө кырдаал өзгөчө абалдан бир аз жеңилирээк болуп, чектөөлөр салыштырмалуу аз.

"Өзгөчө кырдаал учурунда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр коюлат. Бирок экономикалык жана ошол сыяктуу башка иш-чаралар акырындык менен ишке аша берет. Элдин күнүмдүк турмушу уланат, бирок зарылдыгы болбогон учурда ары-бери каттап, коомдук жайларга баруусуна, топтошуп чогулууга тыюу салынат", — деп түшүндүрдү Боронов.

Ал эми өзгөчө абал кризистик учурларда киргизилет. Мисалы, эпидемия, эпизоотия, эпифитотия жаралса. Бул учурда катардагы жарандардын жүрүм-туруму жана бийлик органдарынын аракеттери тууралуу Sputnik агенттигинин макаласынан кененирээк окуп алыңыз.

Коронавирус Кыргызстанда

Дордой базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" базары 23-марттан тарта жабылмай болду
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0