Бишкекте троллейбустар иштей бермей болду

Жазылуу
Буга чейин коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында Бишкекте 22-марттан тарта автобус, троллейбус жана маршруткалар убактылуу токтотулары айтылган.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкекте троллейбустар ишин уланта бермекчи. Бул тууралуу муниципалитеттен бидиришти. 

Буга чейин коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында Бишкекте 22-марттан тарта автобус, троллейбус жана маршруткалар убактылуу токтотулары айтылган.

Мэриянын жаңы маалыматына караганда, Бишкекте троллейбустар иштей бермей болду.

Коронавирус Кыргызстанда

Мектептеги карантин жарыяланган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептеги окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылабы? Расмий жооп
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0