Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропортто медициналык бет капчан жүргүнчүлөр. Архив
Аэропортто медициналык бет капчан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 14кө жетти. Алардын бардыгы чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктурган эки адамдын бири 24, экинчиси 26 жаштагы жигиттер. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта, Бишкекте дагы эки адамдан коронавирус аныкталды. Жуктурган бир адам Франциядан келип, "Манас" эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу. Ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайтып, Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында изоляцияга алынган.

Бийлик коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн 22-марттан тарта Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режими ишке кирерин жар салды.

Киши медициналык бет капчан аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкекте ишин токтото турган жайлар
Өзгөчө кырдаалдын өзгөчө абалдан айырмасын материалдан окуңуздар.

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.

Ушу тапта жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0