Коронавирустан улам бала бакчалар убактылуу жабылды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБала бакчада ойноп жаткан бала. Архив
Бала бакчада ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирусту алдын алуу максатында мектептер жана ЖОЖдор үч апталык карантинге жабылган эле.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik.  Республика боюнча 20-марттан тарта эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бала бакчалар ишин токтотту. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

“Республикалык штабдын сунушу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги 20-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (балдар бакчалары) ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу максатында мектептер жана ЖОЖдор үч апталык карантинге жабылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0