Кезек болбойт дейт. Бишкектеги калкты тейлөө борборлору жаңыча иштей баштады

© Sputnik / Родионова ДиляКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми аталган борборлор 8.00дөн 19.00гө чейин түшкү тамактануу учурунда дагы иштейт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектеги калкты тейлөө борборлору 24-июндан тарта жаңыча тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчылыгы билдирди.

Водительское удостоверение гражданина Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулук күбөлүктүн ордуна эмнеге кагаз берилип жатат? Мамкаттоонун жообу
Мындай чечим Мамкызматтын жетекчиси Алмаз Мамбетов май айында аталган борборлорду кыдырып чыккандан кийин кабыл алынган.

Эми алар 8.00дөн 19.00гө чейин түшкү тамактануу учурунда дагы иштейт. Мурда бул борборлордун кызматын жарандар саат 9.00дөн 18.00гө чейин пайдалана алчу. Ортодо түшкү тамактануу учурунда кызматкерлерди күтүүгө туура келчү. Калаадагы калкты тейлөө борборлору күнүнө 1500-2000 жаранга кызмат көрсөтөт.

Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, Эмгек кодексинде иш мөөнөтү сегиз гана саат деп көрсөтүлгөндүктөн, кызматкерлер смен менен иштейт.

"Мындай өзгөрүүнүн негизги максаты — кезекти азайтып, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү", — дешти Мамкаттоо кызматынан.

Мындай иш тартибине төмөнкү борборлор өттү:

№1 Калкты тейлөө борбору (Медеров көчөсү, 44/1, Жукеев-Пудовкин көчөсү менен кесилишет);

№2 Калкты тейлөө борбору (Чокан Валиханов көчөсү, 2);

№3 Калкты тейлөө борбору (Жаш Гвардия бульвары, 4);

Ошондой эле Бишкекте калкты тейлөөчү үч чакан борбор бар. Алар аптасына жети күн бою саат 10.00дөн 19.00гө чейин иштейт. Экөө "Глобус" дүкөнүндө (Бишкек ТЭЦинин маңдайындагы жана Профессор Зима көчөсүндөгү) жана "Азия Mall" соода борборунда (Чыңгыз Айтматов проспектисинде) жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0