Ысык-Көл: 14 жаштагы баланы койдуруп кеткен айдоочу из жашырып кетти

© AFP / VINCENZO PINTOАйдоочу. Архивдик сүрөт
Айдоочу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын ата-энеси уулун 5-февралда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине алып келди.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 14 жаштагы баланы койдуруп алган айдоочу изин жашырып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 4-февралда, саат 12:00дөр чамасында болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабырланган балага медициналык алгачкы жардамды көрсөткөн соң дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Мындай окуя болгонун облустук милициядан тастыкташты.

"Баланы койдуруп алгандан кийин айдоочу качып кеткен", — деп айтышты тартип сакчылар.

Алар баланын ата-энеси уулун 5-февралда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине алып келгендигин кошумча билдиришти.

Тиешелүү тарап кырсыктан кийин из жашырып кеткен айдоочуну издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0