06:45 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Государственная служба исполнения наказания

Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берет? Процедура тууралуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бакыт Толканов
66710

Ырайым берүүдө эмнелер эске алынат жана кайрадан сунуш киргизүүгө болобу? Ушул жана башка нерселер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кечээ, 25-декабрь күнү, экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүндү. Бул демилгени Жогорку Кеңештеги алты фракцянын тең лидерлери колдоп берген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ырайым берүү процедурасы кандайча өтөрүн жана анда эмнелер эске алынарын тизмектеп көрдү. Бардык маалымат "Мунапыс жана ырайым берүүнүн жалпы принциптери тууралуу" мыйзамынан алынды.

Ырайым берүү деген эмне?

Ырайым берүү — абакта отурган кишинин жазасынан толук же жарым-жартылай бошотуу. Ал эми соттун өкүмүн жумшартып жазаны жеңилдетүү ырайым берүүнүн экинчи варианты болуп саналат.

Сунушту ким киргизиши керек?

Ырайым берүү тууралуу сунушту өкүм күчүнө киргенден кийин айыпкердин өзү киргизе алат. Бирок юристтердин басымдуу бөлүгү күнөөлүүлөрдүн ордуна башка киши да киргизсе болорун айтышат.

Ырайымды ким берет?

Ырайымды өлкө президенти гана берүүгө укуктуу. Тийиштүү акт мамлекет жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

Процедурасы кандайча өтөт?

Сунушту алгач ырайым берүү боюнча комиссия карайт. Ал президент тарабынан түзүлүп, курамына Жогорку Кеңештин депутаттары менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Эгер сунушту айыпкердин өзү киргизсе, анда колониянын администрациясы аркылуу сот өкүмдөрүнүн, жумуштан жана абактан берилген мүнөздөмөлөрү менен кошо аталган комиссияга келип түшөт.

Материалдарды карап чыккандан кийин комиссия сунушту президентке киргизет же аны четке кагат. Четке кагылганы тууралуу президент да кабардар болушу шарт. Өтө оор мамлекеттик кылмышка барган кишинин ырайым тууралуу суранычы Башкы прокурор жана УКМК жетекчисинин корутундусу менен кошо каралат.

Комиссия эмнеге көңүл бурушу керек?

Жасалган кылмыштын мүнөзү жана кооптуулук деңгээли, айыпкердин өздүгү, жүрүм-туруму, эмгекке болгон мамилеси, жаза өтөгөн мөөнөтү эске алынат. Мындан тышкары, түрмө администрациясынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттардын пикири менен эсептешүү кажет.

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандар ырайым сурай алабы?

Ооба, өмүрүнүн аягына чейин кесилгендердин ар бири ырайым кылуу өтүнүчү менен кайрыла алат. Алар өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылгандан тарта 10 күндүн ичинде сунуш киргизиши зарыл. Эгер белгиленген мөөнөттө сунуш киргизилбесе, четке кагуу тууралуу акт түзүлөт. Сунуш же четке кагуу тууралуу акт сунуш кабыл алынган 3 күндүн ичинде президентке жөнөтүлүшү керек.

Сунушту экинчи ирет киргизсе болобу?

Өтө оор кылмышка айыпталып абакка түшкөндөр экинчи ирет бир жылдан кийин гана сунуш киргизе алат, ал эми өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандарга мындай мүмкүнчүлүк 10 жылдан кийин гана түзүлөт. Башка кылмыш менен абакка түшкөндөр биринчи сунуш четке кагылгандан кийин алты айдан соң кайра ырайым кылуу тууралуу өтүнүч келтире алат.

Социалдык тармактарга Өмүрбек Текебаевге ырайым берилгени тууралуу маалыматтар тараган. Алмамбет Шыкмаматов мунун баары айың кеп экенин тастыктады.

Тема боюнча

Отунбаеванын Текебаевге ырайым берүү демилгесин 6 фракциянын лидери колдоду
Кыргызстандын абактарында 360 чет элдик жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат
Белгилер:
ырайым берүү, сунуш, абак, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ