Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрдүү айыптар тагылып камалган атка минерлер темир тор артында мыйзам жазып, англис тилин үйрөнүп, китеп окуп жана спорт менен машыгып күн өткөрүүдө.

Качандыр бир кезде баш мыйзамды жазып, маанилүү чечимдерди кабыл алып Кыргызстандын тагдырына түздөн-түз таасирин тийгизген айрым адамдар чоң креслодон кулап, түрмөгө отуруп калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол абактагы атка минерлердин абалына жана эмне менен алектенип жатканына кызыкты.

Өмүрбек Текебаев

© Sputnik / Расул УсеналиевӨмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты кезинде 2017-жылдын февраль айында камакка алынган
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты кезинде 2017-жылдын февраль айында камакка алынган

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда бир жарым ай дарыланып, 14-сентябрда кайра Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына кайтарылган. Адвокаты Искен Афиджанов учурда анын ден соолугу канааттандыраарлык экенин билдирди.

"Өмүрбек Чиркешович абакта китеп окуп, иштеп да жатат. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярданып, партиянын программасын жана стратегияларын түзүүдө. Мындан сырткары, мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана мыйзам долбоорлорун жазууда. Спорт зал жок, өзүнүн бөлмөсүндө чакан машыгуу жайы бар. Ооруканага жатканга чейин айына эки жолу үй-бүлөсү менен кезигип турган", — деди Афиджанов.

Садыр Жапаров

© Sputnik / Расул Усеналиев2017-жылдын 25-мартында чет жакта жүргөн экс-депутат Садыр Жапаров Кыргызстандын "Ак-Жол" чек ара постуна киргенде УКМК кызматкерлери кармап кеткен
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын 25-мартында чет жакта жүргөн экс-депутат Садыр Жапаров Кыргызстандын "Ак-Жол" чек ара постуна киргенде УКМК кызматкерлери кармап кеткен

Бийлик өкүлүн барымтага алган деп кармалган экс-депутат Садыр Жапаров Молдовановкадагы №1 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов экс-депутат өлкөнү өнүктүрүү планын жазып жатканын айтты.

"Садыр Жапаров менен 11-сентябрда жолуктум. Ал түрмөнүн ичинде мечитке каттап, беш убак намазын калтырбай окуп жатат. Спорт менен машыгып, футбол да ойношот экен. Китептерди көп окуйт. Канткенде Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, бирөөнүн буйругу эмес мыйзамга таянып иш жасай турган коом курабыз деп ой толгоп, пландарды жазууда. "Кумтөр" маселесине дагы деле кейип отурат. Ден соолугу жакшы. Бирок мыйзамсыз камалганына ызасы чексиз. Туугандары менен жолугуп турат", — деди Токтосунов.

Сапар Исаков

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалган
Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалган

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ал дагы деле спорт менен машыгуусун улантып, тил үйрөнүп жатканын белгиледи.

"Мурда түрмөгө түшкөндөр "оорудум" деп чыкчу эмес беле. Ал антпей өзүн катуу кармап жүрөт. Саламаттыгына даттанган жок. Абактын ичиндеги спорт залда машыгууда. Көбүнчө кыргызча китептерди жеткирип берүүнү суранууда. Андан тышкары, англис тилин өздөштүрүп жатат", — деди адвокат.

Осмонбек Артыкбаев

© Фото / пресс-служба ЖККСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев 6-июнда тергөө абагына киргизилген
Депутат ЖК Осмонбек Артыкбаев - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев 6-июнда тергөө абагына киргизилген

Бишкек ТЭЦтин айланасындагы чыр боюнча кармалган мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаевдин авдокаты Айжан Орозакунованын айтымында, анын саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап жатат. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тамак салып жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Исаков, Артыкбаев жана Сатыбалдиев эмне жейт. Түрмөдөгү тамак-аш
"Жакталуучумдун абалы начарлап жаткандыктан күндө барып жатабыз. Деми кысылып, кан басымы көтөрүлүүдө. Ошондой эле омуртка оорусу күчөп, баскан сайын буту ооруп жатат. Мурда маалымдалгандай өнөкөт жүрөк дарты да бар. Өзүн алаксытуу үчүн китептерди алдырып окуйт. Абактагы башка жарандар сыяктуу эле айына эки жолу жубайы менен жолугат", — деди Орозакунова.

Деген менен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Артыкбаев жакында кардиологияга үч жумадай жатып, жүрөгүнө операция жасатып, реабилитация курсунан өткөндөн кийин абалы турукташканын маалымдаган.

Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов

© Sputnik / Жоомарт УраимовКубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенден кийин ага кылмыш иши козголуп 5-июнда камалган
Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенден кийин ага кылмыш иши козголуп 5-июнда камалган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенден кийин ага кылмыш иши козголуп 5-июнда камалган
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкс-мэр Албек Ибраимов 19-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган
Экс-мэр Албек Ибраимов 19-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Экс-мэр Албек Ибраимов 19-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган
1/2
Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенден кийин ага кылмыш иши козголуп 5-июнда камалган
2/2
Экс-мэр Албек Ибраимов 19-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган

Тергөө абагында жаткан Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесаров экөөнүн тең ден соолугу жакшы экенин кабарлады.

"Жакталуучуларым тергөө абагында болгондуктан көп нерселер чектелүү. Компьютер, телефон жок. Болгону китеп окуганга мүмкүнчүлүк берилген. Жумасына эки-үч жолу сейилдөөгө чыгып турат. Кулматов камалгандан бери жубайы менен да жолугууга уруксат бериле элек. Албек Ибраимов болсо үй-бүлөсү менен жолугуп турат", — деди жактоочу.

Жантөрө Сатыбалдиев

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловМурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган
Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев  - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалып турган Жантөрө Сатыбалдиев медициналык кароодо жүрүп, 18-сентябрь күнү кардиологияга өзүнүн дарыгеринин көзөмөлү менен ооруканага жаткырылды. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кабарлады.

Саясатчы ага чейин абакта эмне менен алектенип отурганын жактоочусу Марат Эшперов кабарлоодон баш тартты. Ал Сатыбалдиевдин өзү менен жолугуп маалымат берүүгө уруксат алгандан кийин гана айта аларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0