АКШдагы визажист Айлин: европалык жолдошум мага калың төлөп, колдон алып кеткен

© Фото / предоставлено Айлин ДүйшенбиевойУспешный визажист Айлин Дүйшенбиева
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы Айлин Дүйшенбиева АКШда моделдерге визажист болуп жана актерлорго грим коюп иштейт. Жакында эле ал жолдошу менен Кыргызстанга келип, кыргыздын салты менен кыз узатуу тоюн өткөрүп кетти.

Океандын ары жагында акырындык менен ийгиликке жетип келе жаткан кыргыз кызы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлин Дүйшенбиева: кандай иш кылбайын, ойго келбеген идеяларды айтсам дагы апам "сенин колуңдан баары келет" деп мага ишенерин айтчу. Азыр ойлосом апамдын ошол сөздөрү мага аябай эле дем-күч берчү экен.
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Айлин Дүйшенбиева: кандай иш кылбайын, ойго келбеген идеяларды айтсам дагы апам "сенин колуңдан баары келет" деп мага ишенерин айтчу. Азыр ойлосом апамдын ошол сөздөрү мага аябай эле дем-күч берчү экен.

— АКШга кеткенге чейинки Кыргызстандагы жашоо-турмушуңуз тууралуу сурагым келип жатат?

Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева жубайы жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн менен - Sputnik Кыргызстан
Бактысын Жаңы Зеландиядан тапкан Биктисагүл: кыргыздын көйнөгүнө таңыркагандар көп
— Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылынан болом. Бирок атамдын кызматына байланыштуу 4-класска чейин Чүй облусундагы Беш-Күңгөй айылындагы мектепте билим алдым. Андан кийин Ат-Башыга көчүп кеттик. Беш-Күңгөйдө орус мектепте окугандыктан Нарынга барганда тилден аябай кыйналгам. "Адабий окуу" деген сабактан бир мүнөттө араң 10 сөз окуп уят болгонум эсимде. Бирок өжөрлөнүп эки-үч жылдын ичинде жакшы окугандардын катарына кошулдум. Кандай иш кылбайын, ойго келбеген идеяларды айтсам дагы апам "сенин колуңдан баары келет" деп мага ишенерин айтчу. Азыр ойлосом, апамдын ошол сөздөрү мага аябай эле дем-күч берчү экен. Өзүмдүн күчүмө ишенип, "мен кыла алам, жасай алам" деген дем менен чоңойдум.

Үй-бүлөдө беш кыздын кичүүсүмүн. Менден кийин бир иним бар. Атам бухгалтер, апам немис тилинен сабак берчү. Азыр экөө тең ардактуу эс алууда. Мектепти аяктагандан кийин Эл аралык университеттин каржы жана эсептөө факультетине тапшырып, кийин банк иши факультетине которулгам. 

© Фото / предоставлено Айлин ДүйшенбиевойДүйшенбиева: Америкага ойдо жок жерден кетип калдым. Бирок бир-эки жыл көнө албай, ыйлаган күндөр болду. Баарынан да тилден кыйналдым.
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Дүйшенбиева: Америкага ойдо жок жерден кетип калдым. Бирок бир-эки жыл көнө албай, ыйлаган күндөр болду. Баарынан да тилден кыйналдым.

— Америкага кандайча барып калдыңыз?

— Ал жакка ойдо жок жерден эле кетип калгам. "Кыргызстандан башка жакта жашабайм" деген патриот кыз болчумун. Университетте окуп жүргөндө Айсулуу деген курбум "классташтарымдын баары чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүрөт, кел экөөбүз дагы барып келебиз" деп калды. Кыйылып жатып макул болгом. Экөөбүз Work and Travel программасына барып анкета толтурдук. Бирок ага көп акча (4000 доллардай) керек болгондуктан, атам жибербейт деп ойлогом. Убагы келип баягы курбу кызым тыйын таппай калып, баарлашуудан мен өтүп кеттим. Атамдарга баарын түшүндүрүп айтсам, макул болуп жиберишти. Ошентип ойдо жок жерден Америкага жөнөп кеттим.

— Сизди күтүп жаткан бирөө бар беле? Бөтөн эл, бөтөн жерден кыйынчылыктар болбой койбосо керек…

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
АКШда айына 5 миң доллар тапчумун. Толкунбек Абдыгулов агынан жарылганда
— Кыйналдым. Бир-эки жыл көнө албай, ыйлаган күндөр болду. Баарынан да тилден кыйналдым. Чет тилдер сабагын мектептен эле жаман көрчүмүн, кызыгып окучу да эмесмин. Университеттеги англис тилчи мугалимим "Америкага барам" дегенди угуп "тил билбесең кантип барасың" деп күлгөн. Орусча сүйлөгөн жан жок, тил үйрөнгүчө "чайналгам". Негизи АКШга биринчи барган жылдар кинодогудан да жаман, кыйын. Бирок барам деп чыгынып, ата-энеме да сөз берип кеткенден кийин артка жол жок болчу. Үй кызматкери, дүкөнчү, мейманканада, кассада, айтор, көп эле кара жумуштарда иштедим. Ванна, даараткана жууганда "ушундай иштерди кыламбы" деп отуруп алып ыйлачумун.

Мен барган штат Алабама деген арзан шаар болгондуктан тапкан акчамды чогултканга мүмкүнчүлүк болду. 

— Канча жыл кара жумушта иштедиңиз? Кайра өз кесибиңиз боюнча окууну улантууга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Кара жумушта эки жылга чукул иштедим. Андан соң документтерим даяр болуп, тил үйрөнгөндөн кийин Кыргызстандагы окуу жайдан документтерди алдырып, Нью-Йорктогу "Барух" деген окуу жайдын каржы факультетине тапшырдым. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин кагаз менен кеңседе отуруп иштей албай турганымды түшүндүм. Бир күнү китеп-дептеримди жыйнадым да окуудан чыгып кеттим. Ошол бойдон сабакка барган жокмун. Дароо атама чалып абалымды түшүндүрсөм, "сага ишенебиз, жаккан нерсеңди жаса" деди. Ошентип өзүмдү издеп жүргүчө бир жыл өтүп кетти. Дизайнердин окуусуна барып көрдүм. Бир күнү курбу кызым "бет боеп көрчү" деп калды. Байкап көрүп көптөн бери мен издеп жүргөн кесип экенине ынандым. Иштеп акча чогултуп, бир жылдан кийин визаж боюнча АКШдагы алдыңкы мектепке тапшырдым. Ал жактан да жакшы жыйынтыктарды көрсөттүм. Бир күнү мугалим Imats деген эл аралык сынакка катышып күчүмдү сынап көрүүмдү сунуштады. Ал сынакта АКШ, Канада, Европадан 8 мыкты студенттин эмгегин тандап алып, алардын ортосунда жарыш уюштурушат экен. Мыкты делген 10 эмгегимди жөнөтүп сынактан өтүп кеттим. Ал жактан бизге Marvel компаниясынын "Стражи галактики" деген фильминдеги каармандарына кандай грим коймок элеңер деген тапшырма берилди. 8 студенттин ичинен менин ишим мыкты деп табылып, жеңүүчү аталгам. Ошондон баштап сулуулук чөйрөсүнө сүңгүп кирдим. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВизажист: кагаз менен кеңседе отуруп иштей албай турганымды түшүндүм. Бир күнү китеп-дептеримди жыйнадым да окуудан чыгып кеттим. Ошол бойдон сабакка барган жокмун.
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Визажист: кагаз менен кеңседе отуруп иштей албай турганымды түшүндүм. Бир күнү китеп-дептеримди жыйнадым да окуудан чыгып кеттим. Ошол бойдон сабакка барган жокмун.

— Учурда эмне иш кыласыз?

— Азыр ар кандай агенттиктер менен иш алып барам. Кээде мода жумалыктарына барып моделдерди боеп, чач жасалгалайбыз. Актерлорго грим коем. Айтор, агенттиктерге түшкөн буйрутмалар менен иштешем.

— Чет элдик моделдердин визаж боюнча талабы кандай?

— Нукура сулуулукка басым жасашат. Makeup коюлганы билинбегендей кылып боешуң керек. Кат-кат кылып бет май сүйкөнүшпөйт. Эртең менен супсулуу ойгонгондой кылып сулуулашың зарыл.

— Эмгегиңер кандай бааланат?

— Агенттиктер менен иштешсең, пайыз менен бөлүшүп аласың. Алар менен иштегендин жакшы жери өзүң кардар издебейсиң. Өзүмө жетет.

— Буйрутмалар көппү?

— Мисалы, менин иштөө графигим жарым жылга эрте жазылат. Үлпөт тойго даярданыш үчүн визажистке бир жыл эрте жазылып коюшат. Мода көргөзмө, мода жумалыктары дагы төрт-беш айга эрте пландалат. Алсак, февралда өтө турган мода жумалыгына чач жасап, боей турчу адамдарды августта эле жазып камдап коюшат. Быйыл тартылган тасмалар 2-3 жылдан кийин анан көрүүчүлөргө тартууланат. Жакында эле криминалдык тасмага тартылган актерлорго грим койдук, ал кино экранга 2020-жылы чыгат. Буйрутма көп эле.

— Кыргызстанга кыз узатуу тоюн өткөрүүгө келиптирсиз. Жолдошуңуз, жеке жашооңуз тууралуу да кеп кыла кетсеңиз?

— Жолдошум менен АКШдан таанышканбыз. Ата-теги европалыктар экен, бирок Америкада жашайт. Инвестиция тармагында эмгектенет. 

© Фото / Бакай ДуйшенбиевУспешный визажист Айлин Дүйшенбиева
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева

— Чет элдикке турмушка чыгууга ата-энеңиз каршы чыккан жокпу?

— Сүйлөшүп жүрүп колумду сураганда эч кандай жооп айтпай туруп: "Кыргызстанга барып ата-энем менен тааныш, алдынан өт. Эгер батасын, макулдугун беришсе турмушка чыгам",-деген талап койдум. Каршы болгон жок. Эки-үч күн мурун Бишкекте кыргыздын салты менен кыз узатуу тоюн жасадык. Күйөө баласы ата-энеме абдан жакты. Маңдайы жарык, жылдыздуу бала экен деп макулдугун беришти. Кыргыздын каадасын кылып калың дагы берди. Айтор, үрп-адатты унутта калтырган жокпуз. 

© Фото / предоставлено Айлин ДүйшенбиевойДүйшенбиева: жолдошум европалык, инвестиция тармагында эмгектенет. Ата-энеме күйөө баласы жакты. Кыргыздын каадасын кылып калың дагы берди
Успешный визажист Айлин Дүйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Дүйшенбиева: жолдошум европалык, инвестиция тармагында эмгектенет. Ата-энеме күйөө баласы жакты. Кыргыздын каадасын кылып калың дагы берди

— Кыргыздын тоюн биринчи жолу көрсө керек?

Менеджер Программы финансирования устойчивой энергии в КР Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келип башка чапкандай болдум. Сейрек кесиптин ээси менен маек
— Ооба, туугандар каалоо-тилек айтып жатканда менден өтүп толкунданып, ким эмне деп жатканын улам сурап, кийинки сапарында сөзсүз тил үйрөнүп келерин айтты. "Кийин балалуу болсок, ушундай салт менен балдарды тарбиялайлычы" деп биздин каадаларга баа берди. "Кыял" базарынан шырдактарды көрүп "үй алганда сөзсүз ушундай салабыз" деп кол өнөрчүлүгүбүзгө, маданиятыбызга суктанып кетип бара жатат.

P.S. Айлин маек берген күнү эле жолдошу менен АКШга учуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0