КР Улуттук банкынын төрагасы менен дал ошол коомчулуктун талкуусуна түшкөн батиринде баарлаштык. Темир жол бекети тарапта жаңы курулган үйлөрдүн бириндеги орточо баада ремонттолгон, эмереги жупуну үч бөлмөлүү турак жай экен.
— Жалпыга маалымдоо каражаттарына сизди доллар менен өлчөнгөн миллионер деп жазышты…
— Азыр экөөбүз үч бөлмөлүү батирде маектешип отурабыз. Доллар менен өлчөнгөн миллионер ушундай турмуш кечиреби? Менин турак жайым, унаам бар. Эгер чындап эле ашынган бай болсом, Улуттук банктагы ушунча жылдык ишмердигимде дароо дүң болбойт беле?
— Батирден кеп салынып калды, ушунча болду, эми сизге берилген ссуданын жоюлушу туурасында да айтып берсеңиз?
— Бул окуя үч баскычтан турат. Улуттук банктын бардык кызматкерлеринин социалдык топтомунда төмөнкү пайыз менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган. 2017-жылы банктын төрагасы болуп турганымда мага биринчи вице-премьерлик кызмат сунушталды. Ошол убакта ссудам бар эле, төлөгөнүмдөн калганы беш миллион сомдон азыраак көлөмдө болчу. Карызды жоюу чечими менин катышуумсуз кабыл алынган, ал кезде өкмөттө иштечүмүн.
Сооронбай Жээнбеков президенттикке келгенде мага Улуттук банкка кайра кайтуу сунушталды. Ошентип экинчи ирет төрага болуп калдым. Бул өлкөнүн тарыхында алгачкы көрүнүш, ченемдик актыларда мындай жагдайлуу мүмкүнчүлүк эч каралган эмес.
— Азыр айына 120 миң сом табарыңыз расмий булактар аркылуу элге дайын. Улуттук банкка жаңыдан келгениңизде айлыгыңыз канча эле? Дегеле кантип ал жакка ишке орношуп калгансыз?
— КР Улуттук банкына жумушка орношуунун бир нече жолу бар: же сени адис катары чакырышат, же алты айлык стажировкага келесиң, же ачык сынакка катышасың. Кыргызстандагы эл аралык университетте окуп жүргөнүмдө өндүрүштүк практикадан эки жолу Улуттук банкта өткөм. Дипломдук практиканын мөөнөтү аяктаганда алты айлык стажировкадан өтүүнү сунуш кылышты. Айына 200 сомдон төлөшчү, ар кыл жааттагы ар кандай иштерди табыштап жүрүштү, алардын баары кесиптик ар тараптуулукту өрчүтүү үчүн багытталат. Алты айдан кийин мени экономист катары ишке алышты, маянам миң сомдон ашыгыраак өлчөмгө көтөрүлдү. Албетте, иштен сырткары да каражат тапчумун. Кошумча сабак өтүп, түнкүсүн документтерди которчумун…
— Япония жана АКШда билим алдыңыз. Баарынан татаал тарабы эмне болду?
— Чет өлкөдө окуудан кыйналган жокмун, ал эми маданий жактан дендароо боло түштүм. Айрыкча Японияда ушундай болду. Билим берүү таптакыр башкача нукта экен, студенттерди окууга мажбурлоо жок. Болгону аларга окула турган, анан профессор менен талкуулана турган китептердин тизмесин беришет. Бизде мындай ыкма эки гана университетте ишке ашырылып жүрөт.
Андан тышкары, пенсионерлердин коомдогу өз ордуна карата мамилеси мени таң калтырган. McDonald's жайларынын биринде окуудан тышкары иштечүмүн, ал жерде 70 жаштагылар да эмгектенчү. Алардын бири такси менен келип, такси менен кетээр эле. Бул бир топ эле кымбат, карыя тапканынын дээрлик баарын эле жол киреге кетирчү. Чыдабай бир күнү мунун ага зарылдыгы канчалык экендигин сурадым. Көрсө, ал киши иштебей деле кое алмак экен, пенсиясы өзүнө жетиштүү. Бирок өз оюнда коомго пайда келтирүүгө тийиш тура.
— Эмнеге тез татым тармагында иштедиңиз?
— Стипендиям деле жетмек, бирок мени шефтикке алган профессор сабактан тышкары иш табууга кеңеш берди. "Эгер айына 30-40 саат иштей ала турган болсоң, демек иштөөгө тийишсиң" – деди ал. Дагы бир салмактуу жүйө — акча эч качан ашыкчалык кылбайт. Эт кууруп, фри бышыргычты тазалап, залды жыйначумун. Саатына 7 доллардын тегерегинде төлөшчү, а биз 5-6 саат иштечүбүз. Баса, Япониядагы тейлөө тармагынын кызматкерлеринен көптү үйрөнсөк болот. Маселен, кызматкер кардар башбагары менен саламдашат.
Кийинчерээк Японияга үй-бүлөмдү алпарганымда бөлөк иш издей баштадым, электрикке жардамчы болуп орноштум. Милдетим мастерге аспаптарды гана берип туруш болсо деле McDonald's жайына караганда көбүрөөк төлөшчү, андан жогорусуна менин билимим туура келчү эмес.
— Америкага кандайча барып калдыңыз?
— Капыстан эле кетип калдым. Досторум АКШга Эдмунд Маски программасы боюнча гранттык окууга документ тапшырышкан, алар менен бирге мен да күчүмдү сынап көрөйүн дедим. Экзамендин жакшы жагы — TOEFL (англис тилин чет тил катары билүүнү текшерген тест) тапшыруу университеттин эсебинен жүрдү, болбосо ага бир топ доллар жумшалмак.
Тесттен жакшы жыйынтык көрсөтө алдым, стипендиаттардын программасына кирдим. Жубайым ошол убакта кош бойлуу, экинчи балабызды күтүп жаткан чагыбыз. Ал мени менен бара албагандыктан, бир чечимге келиш мага кыйын болгон. Акыры баары бир учуп кеткем, октябрда уулум төрөлдү. Окууну аяктап, Дүйнөлүк банкка ишке кирдим. Кыргызстанга уулум бир жарым жашка толгон кезинде кайттым.
— Үй-бүлөңүздөн кеп салсаңыз. Жарыңыз менен кандайча табышкансыз?
— Ата-энелерибиз дос болгондуктан биз бала кезден эле тааныш болчубуз. Бой жеткенде кыз-жигит болдук. Баш кошконубузда ал студент, ал эми мен Улуттук банкта эмгек жолумду жаңыдан баштагам.
Төрт балабыз бар, тун уулум 19 жашта, эң кенжеси экиге чыкты. Экөө кадимки эле мектепке барат, улуусу жергиликтүү жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Үй оокаты менен негизинен жубайым алпурушат.
— Дүйнөлүк банкта 5 миң доллар тапчу экенсиз, кийин мамлекеттик кызматка кеттиңиз. Эмнеге?
— Ооба, чындап эле ошончо айлык алчумун. Кыргызстанга кайтканымда да Дүйнөлүк банкка иштөөнү уланттым, Борбор Азияда каржы тармагын өнүктүрүү маселелери менен алектенчүмүн.
Бир жолдош балам президенттик администрациянын социалдык жана экономикалык саясат бөлүмүндөгү мамлекеттик кызматка чакырганда этибарга деле алган эмесмин. Аз айлык баш тартуума негизги себеп болчу. Бир ай өткөндө кайра жолугуп, сүйлөшүүгө чакырды. Ак үйгө келдим, мени президенттик администрациянын ошол кездеги жетекчиси Медет Садыркулов күтүп жатыптыр. Ал мага баягы сунушту кайталады, так жооп берген жокмун, андай маянага үй-бүлөнү багыш кыйын экендигин гана айттым. Атам менен кеңешүүнү эп көрүп, баш тарткым келгенин андан жашырбадым. Соңунда анын кеп-кеңеши иш ордумду алмаштыруума түрткү берди.
— Бакиев менен иштешкенсиз…
Талапкерлигим Улуттук банк төрагасынын орун басарлыгына каралып жатканын 2014-жылдын май айында жаңылыктардан уктум. Ошол чактагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө чакырып, Улуттук банктын башчылык кызматын аркалоо колумдан келер-келбесин сурады. Эгерде андай ишеним көрсөтүлсө, жоопкерчиликти алып, иштөөгө даяр экендигимди айттым. Кызыгы, улуттук валютанын күнүндө мен банктын жамаатына башкаруу тобунун төрагасынын милдетин аткаруучу катары тааныштырылдым.
— Мындан кийин эмне менен алек болууну пландап турасыз?
— Улуттук банктын төрагасы жети жылга дайындалат. Билимим жана тажрыйбам талап кылынган жерде иштейм. Ал эми келечекте илим жаатына ооп, докторлук диссертация жактагым келет.