00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Цирктеги жаңжал. Директор менен кызматкерлердин тиреши эмнеден чыккан

Жазылуу
Апта башынан бери борбордогу Абубакир Изибаев атындагы Цирктин жамааты жетекчиси Курмангазы Исанаевдин ишине карата нааразычылыктарды айтып келет. Исанаев өз кезегинде даттануунун бардыгы аны кызматтан алуунун айла-амалы болуп жатат деп сыпаттоодо. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тараптардын пикирин укту.

Алгач депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Цирктин жамаатынын кайрылуусу боюнча баяндама жасаганын белгилеп өттү. Анын айтымында, Цирктин көйгөйү эки жылдан бери уланып келет. 

© Фото / Алишер АлиевДепутат Аида Касымалиева
Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аида Касымалиева

"Биз маселени чечүү үчүн тиешелүү органдарга кат жүзүндө кайрылганыбыз менен алгылыктуу жооп болгон эмес. Мен ошондуктан маселени комитетке чыгаруу демилгесин көтөрдүм. Дүйшөмбү күнү арызданган тарап менен жетекчи келип, өз ойлорун айтышты. Жыйынтыгында 1-февралга чейин тиешелүү органдарга тапшырма бердик. Исанаевдин тушунда Башкы прокуратура 60 ирет текшерүү жүргүзүп, эки жолу кылмыш ишин козгогон. Мындан сырткары, жамаат жетекчиге карата билеттерди сатуудагы өзүм билемдик, ижарага берүүдөгү башаламандык, Цирктин ичи-тышынын абалы, айлык акы тууралуу көйгөйлөрдү айтышты. Ушунча даттануу түшкөндөн кийин жетекчиси эбак эле кетиш керек эле. Маданият министрлигинин эч кандай чара көрбөгөнү түшүнүксүз", — деди депутат.

Касымалиева тиешелүү органдардын иши канааттандырбаса, депутаттык комиссия түзүүнү демилгелей турганын кошумчалады.

Аталган көйгөйлөр боюнча депутатка кайрылган адамдардын бири, КРдин Эл артисти Манатбек Эшимбеков дагы маданий жай коррупцияга белчесинен батты деп эсептейт.

"Мен жемкорлукту өз мисалымда айтып берейин. Цирктен алты жыл мурда кеткем. Андан мурун чет мамлекетте чыгармачылык иштер менен бир жылдай жүрдүм. Келсем, Исанаев "бир жылдык айлык акыңды албайм деп кол коюп туруп жумуштан кет" деп мажбурлады. Бул эмне деген акмакчылык? Бирөөнүн акчасын алганга анын кандай акысы бар?! Анан жумуштан кеттим", — деди Эшимбеков.

Ал эми Цирктин учурдагы кызматкери Аида Акматова жетекчиликке нааразычылык каты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирип, Исанаев жетектеген 14 жылдын аралыгында цирк өнүкмөк тургай, артка кеткен деген пикири менен бөлүштү. 

© SputnikЦирктин учурдагы кызматкери Аида Акматова
Художественная гимнастка Аида Акматова - Sputnik Кыргызстан
Цирктин учурдагы кызматкери Аида Акматова

"Маданият жайы ремонт боло элек, кирсеңиздер жагымсыз жыт мурунга урат. Артисттердин даярдык көрө турган жерин кафеге ижарага берип койгон. Реквизиттер жана костюмдар эскирген. Акыркы үч жылда жетекчиликке арыздануулар түшкөнү менен ал жолун таап кутулуп кетүүдө", — деди Акматова.

Ал ошондой эле Циркте кайрымдуулук концерттери, кечелер көп өтө турганын, түшкөн каражат каякка кетип жатканына бушайман экенин кошумчалады.

Ал эми Цирктин башчысы Курмангазы Исанаев айтылгандардын бардыгы аны кызматтан алуунун айла-амалы экендигин айтып, министрге даттангандардын көбү штаттагы кызматкерлер эместигин айтты. 

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаЦирктин башчысы Курмангазы Исанаев
Генеральный директор Кыргызского государственного цирка Курмангазы Исанаев - Sputnik Кыргызстан
Цирктин башчысы Курмангазы Исанаев

"Мага өткөн жума күнү Жогорку Кеңештен чалышып, биринчи күнү боло турчу комитет жыйынына чакырышты. Эмне жөнүндө маселе болуп жатканын сурасам, кесиптештер арыз менен кайрылганын айтышты. Биринчиден, даттануунун ана башында турган Манатбек Эшимбековду мен жумушка келбей жүргөнү үчүн илгери кетирип салгам, ал ошондон бери мага өчөшүп жүрөт. Экөөбүз далай ирет соттошуп, ал утулуп калган. Арыздангандардын бири Темиркул Мамбетов менин мурдагы орун басарым. Ал эки жылда үч айдан ашык суранганы үчүн келишимин узартпай койгом. Булар ар кайсы жакка кайрылып үстүмөн текшертет, аткаминерлерге арыз менен кайрылат. Анткен менен Башкы прокуратура бир да ирет кылмыш ишин аныктай алган эмес. Кыскасы, мага таарынгандар башкаларды да тукуруп, кызматтан кетирүүнү максат кылышууда. Мен ошондуктан депутатка (Аида Касымалиева. — ред.) маселенин ак-карасын чечишип алып анан жыйын кылалы десем, ортого киши салып маселени талкууга алып чыгышыма жолтоо болду деп ЖМКга айтыптыр", — деди Исанаев.

Жетекчи билет сатуу менен ижарага берүү боюнча башаламандык тууралуу төгүндөгөн оюн айтты.

Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки - Sputnik Кыргызстан
Студенттер имаратты жыйнап жатып кокусунан купуя сырын ачып алышты. Цирктин тарыхы
"Биз мамлекеттик маданий жайлардын ичинен эң көп каражат төгөбүз. Керек болсо Филармония дагы биз сыяктуу казынага айына 300 миң сом бере албайт. Учурда Цирктин айланасында 9 объект ижарада турат. Аны мен эмес, тендер аркылуу министрликтин атайын комиссиясы берет. Ижаранын акчасы бизге түшкөнү менен сокур тыйынына чейин мамлекетке санап беребиз. Анан кантип акча жейм? Ал эми билетти алып саткандар боюнча мен жооп бере албайм да. Ким кааласа бизден билет алып, анын үстүнө акча кошуп сата берет", — деди Исанаев.

Аталган көйгөйлөр боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен азырынча комментарий берилбей тургандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0