00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
16:53
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Туяк
Апама болгон ашыктыгы атамды искусствого жетелеп келген. Улугбев Маратовдун эскерүүсү
17:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
В Кыргызстане появился свой Илон Маск. Как будут реформировать госуправления в стране?
18:10
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Дүйнө чемпионатына тандоо — “Ак шумкарлардын” алдыдагы оюндарга даярдыгы кандай?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Тема дня
Герои Кыргызстана в ВОВ: неизвестные истории жизни людей, отдавших жизнь за Родину
20:10
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ышка каршы күрөштөгү бак-дарактын орду – Шаарда жашыл аймактар эмнеге керек?
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Студенттер имаратты жыйнап жатып кокусунан купуя сырын ачып алышты. Цирктин тарыхы

© Фото / Центральный Госархив КРАбубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки
Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цирк оюндарын көпчүлүк жактырат. Шамдагайлык, чебердик, юмор, үйрөтүлгөн айбанаттар — мындагы ар кыл жанрлар майрамдык шаң жаратат.
Кыргыз цирки — аудио
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Кыргыз цирки — аудио
Цирк оюндарын көпчүлүк жактырат. Шамдагайлык, чебердик, юмор, үйрөтүлгөн айбанаттар — мындагы ар кыл жанрлар майрамдык шаң жаратат

Калаанын аксакалдары тээ согуш жылдарында жыгачтан тургузулган циркти унутуша элек. Киров көчөсүндө (азыркы Абдумомунов) жайгашкан ал жай бардык жагынан жакшы эле болчу, тек гана кемчилиги – цирктин төбөсүн көтөрүп турган жыгач устундарынын аркасында калган орундарга билет тийген көрүүчүлөргө аренадагы оюндан жок дегенде бир нерсе көрүп калуу үчүн улам ордунан козголууга туура келчү.

© Фото / Центральный Госархив КРФрунзе шаарындагы эски цирктин имараты, 1931-жыл
Кыргызский государственный цирк имени Абубакира Изибаева - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе шаарындагы эски цирктин имараты, 1931-жыл

60-жылдары ал жайды бузуп, ордуна Кыргыз Компартиясынын шаардык комитетинин бөлүгү болуп калган Саясий агартуу үйүн тургузушкан. Шаардык комитеттин имаратында азыр Тышкы иштер министрлтги турат, ал эми Саясий агартуу үйү “Сейтек” Республикалык балдар жана өспүрүмдөр борборуна айланган.

Бирок борбор калаа цирксиз калган жок. Капиталдык курулуштун ордуна көп жылдар бою оюндар коюлуп келген шапито чатыры пайдаланылган.

Он жылча убакыттан кийин шаарда жаңы цирк пайда болгон. Оюндар көрсөтүлө турган жайга ылайыкталган ири имараттардын биринин курулушу1976-жылы аяктаган. Анын долбоорун оюн имараттарын жана спорттук курулуштарды долбоорлоо боюнча москвалык Борбордук илим изилдөө институтунун кызматкерлери иштеп чыгып, ал эми аны байланыштырууда "Фрунзешаардыкдолбоор" жергиликтүү институтунун кызматкерлери архитектор Алексей Нежуриндин жетекчилиги менен ишке ашырышкан. Бул иштин натыйжасында жаңы курулуш калаадагы имараттарга жакшы эле шайкеш келип калган.

© Фото / Центральный Госархив КРБорбор калаадагы жаңы курулган цирк биринчи көрүүчүлөрүн 1978-жылдан баштап кабыл ала баштаган
Кыргызский государственный цирк имени Абубакира Изибаева - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы жаңы курулган цирк биринчи көрүүчүлөрүн 1978-жылдан баштап кабыл ала баштаган

Объект өзгөчөлөнгөн калыбы — 70 метрден ашык диаметрлүү жана бийиктиги 20 метр болгон ири диск менен көңүл бурдуруп турат. Баш калаага учуучу тарелка келип конгондой элестетет. Долбоор конструкциясы менен да абдан айырмаланат. Көрүүчүлөр залы темир бетондуу “бүктөмдөрдөн” чогулгандай, алар да бүтүндөй имаратка бөтөнчө көрк берип турат.

Карматылган тирөөчтөрсүз эле керилген төбөсү (эски цирктин ыңгайсыз орундуктарын унута элек көрүүчүлөрдүн көзүнө алгач ушул нерсе урунган) уникалдуу 140 бөлүктөн куралган. Аларды даярдоо үчүн темир бетон конструкциялар заводунда атайын калып иштелип чыккан. Бир секция олуттуу көлөмүн баары жакындан баалай билүүсү үчүн ВДНХдагы “Курулуш” павильонунда куралган. Көмкөрүлгөн чыныга окшош “дисктин” үстүңкү бөлүгү 2000 кишиге эсептелген көрүүчүлөр залынын төбөсүн, ал эми алдыңкы жагы цирк аренасын курчап турган кенен амфитеатрды түзөт. Көрүүчүлөр үчүн ылайыкталган бөлүктүн ири көлөмү өтө жанашып ыкташа курулган өндүрүштүк багыттагы катмарланган эки кабат корпуска айкалышып турат.

Цирктин бет маңдайынын, кире беришинин көркөм жасалгаланышы, айланасындагы жакшыртылган аймагы да кызыктуу көрүнөт. Батыш тарабында мозаикага окшогон, цирк оюнун элестеткен ачык түстөгү көлөмдүү композиция орун алган. Имараттын ички жана сырткы жасалгаланышына табигый материалдар: мрамор, гранит, сары таш пайдаланылган.

Video Player is loading.
Азыркы убакыт 0:00
/
Duration 0:00
Жүктөө: 0%
Прогресс: 0%
Агымдын түрү ЭФИРДЕ
Калган убакыт -0:00
 
1x
SD
Студенттер имаратты жыйнап жатып кокусунан купуя сырын ачып алышты. Цирктин тарыхы
1:14

Курулуш үзгүлтүк менен жүргөн. Бүтө жаздап калганда, 1976-жылдын жайында курулуш аянтчасына студенттер топ-топ болуп таштанды чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн. Алар сахнанын алдындагы кандайдыр бир бөлмөлөрдү көрүп таңданышкан. Аларга курулуштагылар сыр ачып, бул жайлар иллюзионисттердин бөлмөсү экенин — фокусниктер жана алардын жардамчылары сыйкырдуу түрдө аренадан жок болуп турууга тийиш экенин түшүндүрүшкөн.

Жайкы күндөрдүн биринде каргашалуу бир окуя болот. Объектиге республика өкмөтүнүн төрагасынын орун басары жетектеген комиссия текшерүүгө келет. Ошол убакта комиссиянын мүчөлөрү кире бериштин алдында курулуштун жетекчилери менен сүйлөшүп турганда, алардын көзүнчө экинчи кабаттан – темир бетон “бүктөм” кармап турган эң кеңири шакекчеден бир жумушчу кулайт, анын өзү жыгылып же секирип кеткени белгисиз. Аны сактай албай калышат. Мындан кийин техникалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери техникалык коопсуздук журналын бир нече күн карап, бардык жумушчулардын эреже менен тааныштыгын текшеришкен.

Көп өтпөй ал кайгылуу окуя унуткарылат, жыл соңунда объект ишке берилет. Ошондо курулушчуларга жергиликтүү цирк кызматкерлери оюн коюп беришкен. Ал эми жалпы көрүүчүлөргө арналган алгачкы оюн 1978-жылы тартууланган.

Цирктин мыкты курулганын долбоордун авторлору жана курулушчуларынын СССР министрлер кеңешинин сыйлыгына татышы айгинелейт.

1/12
Калаанын аксакалдары тээ согуш жылдарында жыгачтан тургузулган циркти унутуша элек.

Цирк туурасында кеп козгоп жатып, качандыр бир кез имараттын батыш тарабында чоң зоологиялык дүкөн болгонун кантип кошпой кетели. Балдар менен ата-энелер оюндан чыгып, ага сөзсүз баш багышчу. Анда аренада көргөн ири айбанаттар болбосо деле балык, тоту куш, доңуз, дельфин жана хомяктарды соңуркай сатып алышчу. Дүкөндүн ордунда азыр кафе иштейт.

Батыш тарабындагы чоң аянттагы кооз цирк комплексинин композициясын жыйынтыктап тургандай болсун деп республикадагы алгачкы музыкалык фонтанды куруу пландалган. Атургай, баштап да коюшкан, бирок аягына чыга алышкан эмес. Чала курулган ал ишке 35 жылдан ашып барат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0