Балыкчынын чок ортосуна чоң комуз коюлду. Сүрөт

© © SputnikБалыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду
Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсталляцияны жасоо учурунда кадимки комуз үчүн керектелген материалдар колдонулган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.

© © SputnikБалыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду
Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду
© © SputnikКомуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу — 4 метр, туурасы — 1 метр, кылынын узундугу — 3 метр 80 сантиметр.
Комуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу — 4 метр, туурасы — 1 метр, кылынын узундугу — 3 метр 80 сантиметр. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Комуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу — 4 метр, туурасы — 1 метр, кылынын узундугу — 3 метр 80 сантиметр.
1/2
Балыкчы шаарынын чок ортосуна улуттук аспап — комуздун инсталляциясы коюлду
2/2
Комуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу — 4 метр, туурасы — 1 метр, кылынын узундугу — 3 метр 80 сантиметр.

Комуз Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан. Анын узундугу — 4 метр, туурасы — 1 метр, кылынын узундугу — 3 метр 80 сантиметр.

Шаардык Жашылдандыруу чарбасынын кызматкери Кубан Дүйшөмбиев улуттук аспапты кесиптештеринин жардамы менен жасаганын билдирди.

"Мен чебер уста эмесмин, бирок ар дайым жыгачтан кооз нерсе жасоого кызыкчумун. Инсталляцияны жасоо учурунда кадимки комуз үчүн керектелген материалдар колдонулду", — деди Дүйшөмбиев.

Ал ошондой эле келечекте башка буюмдарды да жасоону пландап жатканын кошумчалады.

Ал эми Балыкчы шаардык мэриянын маалымат кызматы улуттук колориттеги инсталляциялар мындан ары да калаа көчөлөрүнө орнотуларын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0