Маалкатпай тез өтчү! Жөө жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду өтүп бараткан аттын коюстюмун кийген адам. Архив
Жолду өтүп бараткан аттын коюстюмун кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин бир эле айдоочулар бузбайт, жөө жүргүнчүлөрдүн көрүнбөгөн, билинбеген каталары толтура. Анан кокус кырсык болуп кетсе, дароо эле айдоочуга асылмай жайыбыз бар.

Жөө жүргүнчүлөр кайсы учурда рулда отургандардын кыжырын келтирип, жанын кашайтат? Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эшикти катуу жапканда ыргып кетейин дейм! Жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
Шашпагандар. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийинден сейил бакта бара жаткансып шашпай өткөн кишилер аман эле болсун. Унаа ары-бери зуулдап турган жолдон кокустук болуп кетпесин деп деле ылдам өтөсүң да. Жолдун ортосунан телефонун чукулап бара жаткандарды айтпай эле коеюн. Анан да чийинден бийик шиштака менен шашпай, кеме сымал каалгып өткөн кыздарды көргөндө, өзүңдү мода көргөзмөсүндө отургандай элестетесиң.

"Керең кулактар". Кулакчынды тагып, музыканын үнүн болушунча чоңойтуп туруп, эки жагын бир карабай өткөн кыздар-балдарга жаның кашаят. Жашоодон ошончолук тажадыбы деген ой кетет. "Унаа жокпу?" деп эки жагын карап өтсө да жакшы эмеспи, капталда КамАЗ келе жатса деле аларга баары бир. "Токтойт да" деген таризде түп-түз өтүп кетишет. Кокус жол эрежесин карабаган дагы бир шалаакы айдоочу койдуруп кетсе эмне болот? Өх… Айтпаган сөздү айттырышат да.

Чуркап чыга калгандар. Тоодогу эликтен бешбетер жолго чуркап чыга калган адамдар да рулдагы кишинин кан басымын көтөрүп жиберет. Өзүңүз деле ойлонбойсузбу, айдоочу сиз жолго чыга калаарыңызды алдын ала билгидей көзү ачык эмес да. Анын үстүнө ар кандай ылдамдыкта айдаган кишилер бар.

WhatsApp группа - Sputnik Кыргызстан
Сүрөт жөнөтүп кууратасыңар! WhatsApp тайпадагылар кыжырды кайнатканда
Ой келди жүргөндөр. Жолдун ар кай жеринен өткөндөр кыжырга тиет. Кичине ары басса эле жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийин турбайбы, же аны мамлекет кыларга жумушу жоктон чийип койду дейсиңерби? Жол инспекторлору жөө жүргүнчүлөрдү айдоочулардай кыйнаса, эстерине келе түшөт эле.

"Жайылгандар". Маршрутка, автобус күтүп, туш келген жерге тура бергендерге таң каласың. Жол эрежесин өздөрү бузуп, маршрутканы ар кай жерден токтотуп жаман көндүрүшкөн. Аялдамада турса албай кетчүдөй жолдун ортосуна чыгып алганда айлаңды таппай каласың.

Жаңылыктар түрмөгү
0