БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина шаардын базарларында, супермаркеттеринде импорттолгон жашылча-жемиштер басымдуу экенин айтып, жергиликтүү азыктар рыноктон сүрүлүп чыгып жатканын айтты.
Учурда депутаттар Жоргорку Кеңештин жалпы жыйынында түрдүү маселелерди карап жатат.
Эл өкүлү өлкөнүн түштүк аймагында бир тоннадан ашык алма жыйналганына карабай ал базарларда, супермаркеттерде жок экенин белгиледи.
"Атамекендик товарлар рыноктон күч менен эле чыгарылып жатат. Мисалы түштүк аймакта миң тоннадан ашык алма жыйналыптыр, былтыр 50 сомдон сатышса, быйыл 25 сомдон дагы сата албай жатат. Бирок Кытайдан, Польшадан келген алмалар 60 сом, жүзүм 90 сомдон сатылууда", — деди ал.
Карамушкина ошондой эле Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермелердин көйгөйүн чечүүдө чабал болуп, айрым учурда эч нерсе кылбай жатканына токтолду. Ал өз сөзүндө Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин тийиштүү министрлик ыкчам аракеттерди көргөн эмес.
Депутат фермерлердин сата албай жаткан түшүмүн Россиянын түндүк аймактарына алып барып сатып, дыйкандарга жардам берүү жолдорун караштыруу керектигин белгиледи.