23:45 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3432
  • EUR80.3514
  • RUB1.0582
Өспүрүм кыздар. Архив

Бүгүн эл аралык кыздар күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
122 0 0

2011-жылы 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн, 11-октябрда эл аралык кыздар күнүнө карата Бишкекте бир нече иш-чара өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Балдарды коргоо борбору" фондусунан билдиришти.

Алгач Ак-Ордо жаңы конушунун кыздары менен алып баруучу Эркин Рыскулбеков, блогер Азиза Мурзашова жана IT адис Алтынай Нуркамилова жолугушат. Спикерлер өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, эмне үчүн кыздардын укуктарын коргоп келишкенин айтып берет.

Экинчи иш-чара "Бишкек Парк" соода борборунда өтөт. Анда "Тирүү айкелдердин үнсүз театры" көргөзмөсү болот. Мында келген балдар зордук-зомбулукка кабылган кыздардын жашоосу тууралуу сахналаштырылган сценкаларды көрө алат.

"БУУнун аялдар түзүмүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 15-49 жаштар арасындагы бардык аялдардын 23 пайызы зордук-зомбулукка кабылат. Алардын көбү мигранттардын кыздары", — деп айтылат маалыматта.

2011-жылы 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган.

Тема боюнча

Дене тарбиячы, физик, информатик. Бишкектин ажарлуу мугалимдери сүрөттө
Белгилер:
жолугушуу, Эл аралык кыздар күнү, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ