00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Безопасность еды по правилам ЕАЭС: готов ли бизнес к новым требованиям
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курулуш секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тармактагы эң чоң көйгөй кайсы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси

Жазылуу
27-май түнү Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдалы кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 20 жашка чыкмак. Кечээ 10-августта ата-энеси, туугандары туулган күнүнө карата маркумдун эстелигин орнотушту.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан агенттиги анын акыркы жолу түшкөн сүрөт, видеолорун топтоп материал даярдады (сүрөт, видеолору маркумдун туугандарынан алынды).

Турдалы Кожоналиев кызын өтө аракетчил, токтоо мүнөз болчу деп сыпаттайт. Кичинесинен дарыгер болууну кыялданган Бурулай окууга өз күчү менен өтүптүр.

"Кызым бирибизге да жүгүн арткан жок. Токтоо, бир мүнөз болчу. Медициналык колледжге тапшырган. Сабактан чыгып тигүү цехине барып иштечү. Колунан баары келчү эле. Окуусунун акчасын өзү төлөп, апасына телефон сатып берген", — деп жашыды Турдалы Кожоналиев.

Маркумдун эжеси Миргүл Турдалиева да анын аябай эмгекчил, күйүмдүү экенин кошумчалады.

Убийство Бурулай в здании Жайыльского РОВД - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги Бурулайдын денесиндеги жазуу боюнча үн катты
"Аябай жоош эле. Бирдеме айтсак күлүп эле койчу. Акыркы күндөрү "тойго чейин айылга барып турсамбы" дегенинен биз жөнөтпөй койгонбуз. Көрсө өзүнүн деле жүрөгү сезип, коркуп жүргөн окшойт. Марс (шектүү) "мени менен бир күн болосуң, андан кийин Нурланга тие бер" деп телефондон да коркутуптур. Ата-энесин ойлоп, түнгө чейин тигүү цехинде иштеп акча таап апама берчү. Башкача күйүмдүү эле", — деди эжеси.

Эске салсак, 27-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызы алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери бүтө элек. Кыздын өлүмү боюнча бир эмес эки жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын денесиндеги кескиленип жазылган жазууну эксперттер жокко чыгарып, ал жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деп жыйынтык чыгарышкан.

Бирок Турдалы Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кызынын денесиндеги кескиленип жазылган жазууну өз көзү менен көргөнүн айтып, анын сүрөтүн кабарчыларга да көрсөткөн.

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы: милиция бөлүмүндөгү видеолор өчүп калганын айтышты
Кожоналиев кызын шектүү биринчи ирет ала качып кеткенде Нурлан аттуу сүйлөшкөн жигити чочулап, ата-энеси менен келип сөйкө салып кеткенин, эки жаш үйлөнүү тойду 26-августка белгилеп коюшканын кошумчалады.

Бурулайдын иши боюнча сот качан болоору азырынча белгисиз, бирок жакында эле Турдалы Кожоналиев 28-майдагы Жайыл райондук милиция бөлүмүндөгү видеокамералардын файлдары өчүп калганын айткан.

Акыйкат издеген ата милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигине тийиштүү деңгээлде баа берилбей жатканын, тергөөчүлөр алардын күнөөсүн жашырууга аракет кылып жатат дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0