21:45 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0500
  • EUR81.2442
  • RUB1.0501
Шариат тартиби менен берилчү насыя. Архивдик сүрөт

Шариат тартиби менен берилчү насыянын жол-жобосу. 10 суроого жооп

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
651 0 0

Шариат мыйзамдары боюнча иш жүргүзгөн банк алкоголь өндүрүшү, түнкү клуб жана чочко фермаларына байланышкан бизнестерди эч качан каржылабай тургандыгын билчү белеңиз?

Исламдык банкинг мусулман динин туткан өлкөлөрдө гана эмес, бүт дүйнөдө кеңири тарап баратат. Маселен, Улуу Британияда шариат принциптерин толук түрдө жетекчиликке алган эки банк жана кадимки каржылык уюмдардын алдында уюшулган 25 бөлүм — "ислам терезелери" иштейт.

Каржылоонун исламдык принциптери Кыргызстанда 12 жыл мурун пайда болгон. 2016-жылы исламдык банкингдин толук кандуу өнүгүшү үчүн мыйзамдарга шариат шарттарын аткарууну караган өзгөртүүлөр киргизилген. Исламдык эрежелер боюнча кантип насыя алууга болот? Мусулмандарга кайсы багыттагы бизнестерди жүргүзүү тыюу салынат? Шариат боюнча каржылоо принциптери жаатында жаралчу суроолорго Исламдык каржылык борбордун директору Талант Керимбаев жооп берет.

Директор Исламского финансового центра Талант Керимбаев
© Фото / Айзада Алиева
Исламдык каржылык борбордун директору Талант Керимбаев

1. Исламдык банкинг деген эмне? Ал кадимки банк тутумунан эмнеси менен айырмаланат?

Исламдык банкинг шариаттын принциптери менен стандарттарына негизделген. Кадимки банктардан айырмасы төмөнкүлөр:

— сүткөрлукка тыюу салынат;

— адамдардын экономикалык жактан акталбаган, тобокелге салынган амалдарды жүргүзүүдө кумарга жол берилбейт;

— белгисиздик жок (кадимки банктарда жылдык пайыз кошулуп, жыйынтыгында кайтарымга канча кошулары кээде анык болбосо, бул тутумда кардар соңунда канча төлөй тургандыгын так билет).

2. Башка динге ишенген адамдар исламдык банкингдин кызматынан пайдалана алышабы?

Ооба, шариат тартибиндеги насыялар мусулмандарга да, христиан, атургай, атеисттерге да берилет.

3. Каржылоонун исламдык принциптери боюнча келишим түзөрдөн мурун мен эмнелерди билишим абзел?

Кардар исламдык банкинг шарттары кенен түшүндүрүлгөн келишим менен таанышып, суроолорун бере алат. Маселен, исламда сүткөрлукка — үстөк пайыз менен карыз берүүгө тыюу салынат. Мындай нерсе бай менен кедейлердин ортосундагы социалдык ажырымды чоңойтот деп эсептелет.

Сизге бир сом берилет, сиз эки сом кайтарасыз — акчаны сизге акчага сатышат. Шариатка ылайык, акча жана убакыт сатылбайт. Акча — айырбаштоо каражаты, убакыт — адамдан көз каранды эмес, ошондуктан буларды товар катары саноо натуура.

4. Эгер исламдык банкингде үстөк пайыздык насыяларга тыюу салына турган болсо, банк мындай келишимден кандай пайда көрөт?

Иш ачып, банктан насыя алууну чечкен бир кыргызстандык жарандын мисалында карайлы. Иши оңунан чыкпай, сызга отуруп калса да, ал бардык каражатты кайтарууга тийиш, каржылык уюм анын көйгөйлөрүнө көңүл да бурбайт.

Исламдык банкингде баары башкача: кардар бизнес үчүн дал эмне зарыл, маселен, кайсы бир жабдык керектигин түшүндүрөт. Анын тапшырыгы менен банк тандалган товарды сатып алат, катталган бир бааны коет да, кардарга узартып төлөө шарты менен сатат.

5. Эгер мен насыялык каражаттын эсебинен жабдык эмес, имараттын ижара акысын, сырье же кызматкерлердин маянасын төлөөнү көздөсөм кандай болот?

Кыргызстанда азыр каржылоонун исламдык принциптери боюнча кардарга зарыл болгон материалдык объектилердин соода-сатык келишими түзүлүүдө. Ижара акысы бул талапка жооп бербейт. Бирок исламдык банкингдин дүйнөлүк практикасында инвестициялык келишимдер түзүлөт, Кыргызстанга да бул амалды киргизүү пландалууда. Банк кардардын долбоорун карап чыгып, ишке өз каражатын салып, кайсы бир убакка чейин кардарынын өнөктөшү болуп, тапкан пайда жана чыгымдарды бирге бөлүшөт. Булардын баары бизнес-планында жана келишимдерде сүйлөшүлөт.

6. Банктын пайдасы эмнеден көз каранды?

Ар кыл таасирлерден, мисалы, каржылоонун түрүнөн көз каранды. Товардын, бизнеске керектелчү жабдыктын же айыл чарбалык объектинин бааланышы ар башка болот. Кандай болгон шартта да банк өлкөнүн каржылык рыногундагы кырдаалды эске алат.

7. Кардар кандай пайда көрөт?

Кардар бизнесине зарыл товар же жабдыкты өзү сатып алганда чоң тобокелге барат. Банк товарды өз балансына алгандыктан, бардык маселелерди, анын ичинде юридикалык жагын да чечүүнү өз мойнуна алат. Ушул себептен кардардан мурун банк өзү зыян тартышы ыктымал. Андан тышкары, башка тобокелдиктер да болбой койбойт.

8. Бизнестин бардык түрлөрүн каржылоо үчүн насыя алууга болобу?

Шариат эрежелерине ылайык келбеген эч бир каржылык келишим түзүлбөйт. Банк тамеки, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, көңүл ачуу жана оюн жайлары (клуб, казино, букмекердик жана лотереялык конторалар) менен байланыш жүргүзбөйт. Ушул тизмеге чочко этин өндүрүү жана сатууга байланышкан бизнестер да кирет.

9. Кичи толкундуу меш сатып алууга насыя алгым келет. Эмне кылуум керек?

Арыз жазасыз, ага соңку бир жылдагы өз кирешеңиз тууралуу тастыктаманы кошо тиркейсиз. Эгер сатып алгыңыз келген товар – кичи толкундуу меш сымал өтө кымбат болбосо, банк анын өзүн күрөөгө алат. Мындай учурда сиз баштапкы салымын – товардын наркынын 40 пайыздан кем эмес бөлүгүн төлөйсүз. Эгер жабдык кымбатыраак турса, сизден кошумча – кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюшуңузду өтүнүшү мүмкүн.

Адистер сиздин төлөө жөндөмүңүздү, товардын наркы сиздин кирешеңизге ылайык келер-келбесин талдап чыгышат. Эгер баары жайында болсо, банк кичи толкундуу мешти сатып алып, сизге кайра сатат, бирок сиз баштапкы салымдын эсебинен кийинки баасын төлөйсүз. Ошондой эле мекеме сизге төлөм мөөнөтүн так коюп берет, маселен, бул бир нече айдан беш жылга чейинки мөөнөткө чейин белгилениши ыктымал.

10. Эгер каражатым банкта сакталып, андан киреше алгым келсе, кандай кылуум зарыл?

Банк өз кирешесинен сизге үлүш кошот, башкача айтканда, кирешесине жараша сиз менен бөлүшөт. Сизге берилчү үлүш салынган каражат көлөмүнөн жана сактоо мөөнөтүнө жараша эсептелет. Шариат принциптерине ылайык аманаттын эки түрү бар: биринчиси — "кард хасан" – талап боюнча берилчү эсептин окшош түрү. Мында салым кардар сурап калган убакта кайтарылат. Экинчиси — "мудараба" – тез аманат. Бул шартта банк салымын сактоо мөөнөтү так белгиленет.

Сурамжылоо:

КР Жарандык кодексинде шариат стандарттарынын камтылышына кандай карайсыз?

— Диний жоболор укук булагы болбош керек. Мен каршымын!

— Туура кабыл алам. Бул болгону бир нече гана жобо, мамлекеттик түзүлүшкө эч таасир этпейт.

— Бул жакшы нерсе. Насыялардын бир нече түрү пайда болот, банктар ставкаларын төмөндөтөт.

— Мага баары бир. Мен эч качан үстөксүз да, үстөгү менен да насыя албайм.

Тема боюнча

Банктык карталарды колдонуучулар үчүн 7 кеңеш
Белгилер:
шарият, банк, насыя, ислам
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ