00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө (Түштүк магистралдан жогору) жайгашкан турак жай комплексиндеги премиум-класстагы батирлер октябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу прораб Бектур Назаров билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, азыр 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан алынган арматуралар пайдаланылган. Айрым блоктордо соңку этаптагы иштер жүрүүдө. Кээ бирлери үчүн орундар эми казылып баштап, пайдубалы курулууда.
Британиялык депутаттардын тобу өлкөнүн тышкы иштер министрине Кыргызстандын айрым аткаминерлерине карата санкция киргизүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу The Guardian жазды. 20дан ашуун депутат менен лорддор кол койгон катта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев жана Финансылык жөнгө салуу органынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаровдун аты аталган. Британиялыктар бул адамдардын Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө байланышкан аракеттерге тиешеси бар деген пикирде. Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык чектөөлөр салынган аракеттер уланып жаткан аймак катары берилген.
Реестрге кирбей калган уюмдар кайра каттоодон өтүп, же ишин токтотушу керек Минкаб юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо боюнча жаңы жобо бекитти. Ага ылайык, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган, бирок мамлекеттик реестрге кирбей калган уюмдар жыл соңуна чейин кайра каттоодон өтүшү же ишин токтотушу керек. Ошондой эле 1-мартка чейин катталган юридикалык жактар 1-августка чейин бенефициардык ээлери тууралуу маалыматты каттоочу органга берүүгө милдеттүү.
Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан объектинин ачылышына мэр Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Долбоор жер төлө жана беш кабаттан туруп, жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат. Имараттын фасады заманбап металл панелдери менен жасалган, LED-экран менен жабдылып, заманбап архитектуралык көрүнүш берилген. Имараттын чатырында үч теннис корту бар спорттук зона жайгаштырылган. Ошондой эле жанаша аймактар жакшыртылып, жолдор, тротуарлар, балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы жаңыртылды.
Кыргызстанда өндүрүлгөн жоолук, кашне жана моюн орогучка чет өлкөдө суроо-талап бир нече эсеге өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында өлкө бул товарлардан 26,7 миң даана экспорттогон, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде көрсөткүч 800 даанадан да аз болгон. Продукциянын дээрлик бардыгын Россия сатып алган, калганы Тажикстанга жөнөтүлгөн. Адистердин баамында, мындай өсүш кыргыз текстиль продукциясына болгон кызыгуунун жогорулаганын көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0