БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы эки айдын ичинде Кылмыш жана Кылмыш процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Алмазбек Атамбаев 16-декабрда "Улуттук банк, банктар жана банктардын ишмердүүлүгү" жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койгон. Анда Жарандык кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, ислам принциптеринин негизинде каржылоо жүргүзүү ыкмасы дагы каралган.
Жаңы нормалар
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган мыйзамдын негизги бөлүктөрүн сунуштайт. Булардын бардыгы Жарандык кодекске киргизилип кол коюлгандан жарым жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
738-берене (5-бөлүмчө). Мудараб келишимине ылайык каражат алуучу тарап бизнес-долбоор шариаттын стандарттарына жооп берерин инвесторго далилдеп бериши керек.
738-берене (18-бөлүмчө). Шарика келишиминде ар бир өнөктөш юридикалык жактарды түзүүдө шариаттын эрежелери менен принциптерин сакташы керек.
Шарика — эки же андан көп жактардын кызматташуусу. Ар бир өнөктөш акча менен активдерди жалпы бир компанияга салат. Кийин андагы активдерди колдонуу менен өзүнүн ишин жүргүзүүгө укук алат.
738-берене (25-бөлүмчө). Ижара келишиминен түшкөн пайда шариаттын мыйзамдары менен талаптарына жооп берүүсү керек.
Кабыл алынган бул мыйзамды айрымдар колдоп жатса, кээ бирлери каршы чыгууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы аталган мыйзамды ким иштеп чыкканын жана ислам принциптеринин негизинде каржылоо деген эмне экенине жооп издеп, тараптардын пикирин укту.
Ислам принциптеринин айырмасы
Эрежелер ислам дининин тартиптеринин негизинде кабыл алынгандыктан ичимдик, баңгизат, порнография, тамеки, этти кайра иштетүү жана башка халал эмес тармактарга инвестиция жасоого тыюу салынат.
Кыргызстандагы абал кандай
Ал эми Улуттук банктын берген маалыматына караганда, өлкө аймагында 25 финансылык-насыялык мекеме бар. Депозиттердин жалпы көлөмү 107 миллиард сомду түзөт. Ал эми 93,5 миллиард сом насыя иретинде берилген (маалымат декабрдын аягына туура келет). Бирок каражаттын канча бөлүгү ислам принциптеринин негизинде берилгени белгисиз. Себеби бөлүп караган эсептөөлөр жүргүзүлбөйт.
Абдраев коммерциалык банктар Улуттук банк менен биргеликте ислам принциптеринин негизинде каржылоонун укуктук нормативдик жактарын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышканын кошумчалады.
Светтик түзүлүшкө соккубу?
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жаңы мыйзамга караманча каршы экенин билдирди. Ал шариат укуктун булагы болбошу керек деген ойдо. Сооронкулованын айтымында, ислам принциптеринин негизинде каржылоо системасы Улуттук банктын мыйзамдык актыларында жазылган болсо, эми Жарандык кодекске киргизилди. Судья буга жол берүүгө болбой турганын белгилеп, аны Жарандык кодекс мааниси жагынан Конституциядан кийинки орунда тургандыгы менен түшүндүрөт.
"Ислам принциптеринин негизинде түзүлгөн келишимдер шариаттын тартиптерине жооп бериши керек. Эгер ортодо пикир келишпестиктер пайда болуп иш сотко өтсө, иш шариаттын негиздерине ылайык каралышы керек болот. Бирок бизде андай мыйзамдар жок. Ошондо сот эмнеге таянып чечим чыгара турган болот?" — деди Сооронкулова.
Ал ошондой эле диний принциптер укуктук системанын негизин түзбөш керектигин баса белгиледи.
Улуттук банктын пикири
Мыйзам долбоорду иштеп чыккан Улуттук банк соттор эркин экенин айтып, алар Баш мыйзам менен өлкөнүн мыйзамдарына гана баш ийе турганын билдирди.
"Шариаттын стандарттары — бул эл аралык уюмдар тарабынан колдоо таап кабыл алынган эреже менен нормалар болуп эсептелет. Мындай система ислам финансылык кызматтарын көрсөткөн насыялык уюмдарга карата чыгарылган", — деп Sputnik агенттигине кат аркылуу берилген жоопто айтылат.
Банк ошондой эле мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр улуттук экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилеген.
Теологдун пикири
"Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү жогорку пайыздык насыяга белчеден батып калганын айтты.
"Рынокко атаандаштык керек. Ошондуктан жаңы оюнчулардын келиши эл үчүн жакшы. Кытайда насыялар сегиз пайыз менен берилип жатса, бизде 20-30 пайызды түзөт. Ислам инвесторлору келсе, коммерциалык банктар атаандашып насыянын пайыздарын төмөндөтө баштайт", — деди Маликов.
Теолог кыргызстандыктардын 80-90 пайызы мусулмандар экенин белгилеп, өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеген исламдын укуктук нормаларын колдонуудан качпаш керектигин кошумчалады.
Банкирдин пикири…
"Кыргызстандын банктар союзу" аттуу юридикалык жактардын бирикмесинин президенти Анвар Абдраевдин айтымында, Россия менен Европанын айрым банктары каржылоону ислам стандарттарынын негизинде жүргүзөрүн билдирди. Ал белгилегендей, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин финансылык ресурстары абдан күчтүү.
"Бул нормалар арзан жана узак мөөнөттүү каражаттарды тартууга шарт түзөт. Бул биздин банктар үчүн абдан пайдалуу. Каражаттын агымы көбөйөт", — деди Абдраев.
Банкирдин пикиринде жаңы финансылык курал светтик мамлекеттин стандарттарына залакасын тийгизе албайт.
РИА Новостинин маалыматтарына караганда, 2016-жылы Россияда ислам принциптеринин негизиндеги кызматтарды "Барс", "Амаль", "ЛяРиба" уюмдары сунуштап келген.
Ал эми ЖМКнын маалыматтары боюнча Европадагы ислам банкингдин борбору болуп Лондон эсептелет. Казакстанда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү ислам банктарынын эки бөлүмү иш алып барат.
Материал орус тилинен которулду.