00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
Майра Керим кызы: Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар
17:11
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Киноблог
Говорухин как повод, кино как профессия: что случилось на панораме в Бишкеке
18:11
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Дастан Бекешевдин коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда жазылган. Демилгеге ылайык, шайлоочулар өз шайлоо участкасынан тыш жүргөнүнө карабастан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан улам "шайлоочунун дареги" түшүнүгүн жоюу сунушталууда. Ошол эле учурда аралыктан добуш берүү тартиби так жөнгө салынып, депутаттарды тандоодо бир шайлоо округунун ичинде башка участокто добуш берүүгө чектөө киргизилет.Талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды булуттук электрондук кол тамга аркылуу онлайн чогултууга шарт түзүлөт. Үгүтчүлөрдүн саны боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталган. Учурдагы мыйзам боюнч президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1000ге чейин үгүтчү тартууга уруксат берилсе, эми ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчү иштетүү деимлгеленди.Мындан тышкары, талапкерлер документ тапшырган учурда шайлоо фонду түзүп, милдеттүү төлөмдү киргизиши керек. Ансыз документтер кабыл алынбайт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын биринчи жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана тартылган уюмдардын долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы боюнча отчеттору угулуп, негизги уюштуруучулук жана инфраструктуралык маселелер каралды.Жыйында белгиленгендей, учурда долбоорду ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча иштерди баштоо зарыл, анын ичинде долбоордун таасирине туш болгон жер тилкелери менен байланышкан маселелер, трассанын башкы планын бекитүү, ошондой эле курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу. Көрсөтүлгөн багыттар боюнча мындан аркы координацияны күчөтүү жана кыска мөөнөттө макулдашылган чечимдерди кабыл алуу талап кылынат. Отурумдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга негизги маселелер боюнча макулдашылган чечимдерди ыкчам иштеп чыгуу, анын ичинде жер мамилелерин жөнгө салуу, макулдашуу процедураларын тездетүү, ресурстардын туруктуу жеткирилишин камсыз кылуу жана инженердик коммуникацияларды көчүрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Нью-Йорк шаарында белгилүү уз, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү Айдай Асангулованын жаркын элесине арналган иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу анын ишин улантуучу Нуржамал Асангулова билдирди.Демилге Айдай Асангулованын америкалык өнөктөштөрү тарабынан көтөрүлгөн. Алгач Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында үткүн "Walking with the Earth" аттуу эл аралык көргөзмөгө уздун колунан чыккан кийиз буюмдары коюлду. "Андан соң эскерүү кечеси өтүп, өмүр жолу, кылган эмгеги, чыгармачылыгы жана маданий мурасы тууралуу айтылып, даректүү тасма тартууланды. Өзүнүн жаңы эле реставрацияланган туш кийизи бар эле, эскерүүгө келгендер кагазга Айдай эжем тууралуу ой-пикирин, көксөөсүн жазып илип кетишти. Ушу тапта кийиз жасоо боюна мастер-класстар өтүп жатат. Иш-чара эки күнгө созулат", — деди Нуржамал Асангулова. Эскерте кетсек, белгилүү уз, этнограф, дизайнер, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш курагында оорудан улам үстүбүздөгү жылдын 25-январында көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0