https://sputnik.kg/20260426/1100997645.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Балдар үчүн медкамсыздандыруу 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекет эми 18 жашка чейинки балдардын... 26.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-26T16:59+0600
2026-04-26T16:59+0600
2026-04-26T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1a/1100997479_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1a477aca68ba416485265577fbfd4494.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Балдар үчүн медкамсыздандыруу 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекет эми 18 жашка чейинки балдардын камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөйт. Бул өспүрүмдөргө милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу акысыз же жеңилдетилген шартта дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. Бийлик бул чара жаштардын медициналык кызматтарды алуусун жеңилдетип, сапатын жакшыртат деп эсептейт.
Бишкекте Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү Иш-чарага кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар, алардын үй-бүлөлөрү, шаар мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Митинг учурунда курман болгондор эскерилип, эстеликке гүл коюлду. Ошондой эле аза мөөнөтү жарыяланып, үч жолу залп берилди. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, учурда борбордо Чернобыль кырсыгынан жабыркаган 263 адам каттоодо турат.
Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан турак жай комплексиндеги премиум-класстагы батирлер октябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу прораб Бектур Назаров билдирди.Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, азыр 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан алынган арматуралар пайдаланылган. Айрым блоктордо соңку этаптагы иштер жүрүүдө. Кээ бирлери үчүн орундар эми казылып баштап, пайдубалы курулууда.
Иран президенти Масуд Пезешкиан Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө опуза, коркутуп-үркүтүү алдында катышпай турганын айтты. Бул тууралуу Press TV каналы кабарлады. Өлкө башчы мындай позициясын Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен сүйлөшүп жатып билдирген. "Иран жолугушууга кысым же Ормуз кысыгын бөгөттөө опузасы алдында калып катышпайт. Диалогду жандантуу үчүн АКШ азыркы тоскоолдуктардын баарын жок кылышы керек", — деген өлкө башчысы. Белгилей кетсек, ишемби күнү Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи Вашингтон менен Иранга арачы түшүп жаткан Пакистанга келди. Эртең менен АКШнын да өкүлдөрү келмек, бирок америкалык лидер Дональд Трамп андан кайра баш тарткан. Ошол эле күнү Ак үйдүн ээси Ирандан "алда канча жакшы сунуш" түшкөнүн билдирген болчу. Бирок Иран америкалыктар менен жолугуу планы болбогонун башынан эле айтып келет. 8-апрелде тараптар эки жумага атышпай турууну макылдашышкан, бирок андан кийин уюштурулган жолугушуу эч кандай натыйжа берген эмес. Вашингтон Ирандын портторун блокадалап, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын билдирди. Тегеран жооп иретинде Ормуз кысыгын жаап, жаңы сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан. Ал арада Трамп эч ким менен кеңешпестен эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартты. Президенттин айтымында, чечим Иран абалды жөнгө салуу боюнча сунуш даярдап, делегациялар жолукмайынча күчүндө болот.
Балдар үчүн медкамсыздандыруу 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, мамлекет эми 18 жашка чейинки балдардын камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөйт. Бул өспүрүмдөргө милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу акысыз же жеңилдетилген шартта дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. Бийлик бул чара жаштардын медициналык кызматтарды алуусун жеңилдетип, сапатын жакшыртат деп эсептейт. Бишкекте Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү Иш-чарага кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар, алардын үй-бүлөлөрү, шаар мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Митинг учурунда курман болгондор эскерилип, эстеликке гүл коюлду. Ошондой эле аза мөөнөтү жарыяланып, үч жолу залп берилди. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, учурда борбордо Чернобыль кырсыгынан жабыркаган 263 адам каттоодо турат.Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан турак жай комплексиндеги премиум-класстагы батирлер октябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу прораб Бектур Назаров билдирди.Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, азыр 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан алынган арматуралар пайдаланылган. Айрым блоктордо соңку этаптагы иштер жүрүүдө. Кээ бирлери үчүн орундар эми казылып баштап, пайдубалы курулууда.Иран президенти Масуд Пезешкиан Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө опуза, коркутуп-үркүтүү алдында катышпай турганын айтты. Бул тууралуу Press TV каналы кабарлады. Өлкө башчы мындай позициясын Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен сүйлөшүп жатып билдирген. "Иран жолугушууга кысым же Ормуз кысыгын бөгөттөө опузасы алдында калып катышпайт. Диалогду жандантуу үчүн АКШ азыркы тоскоолдуктардын баарын жок кылышы керек", — деген өлкө башчысы. Белгилей кетсек, ишемби күнү Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи Вашингтон менен Иранга арачы түшүп жаткан Пакистанга келди. Эртең менен АКШнын да өкүлдөрү келмек, бирок америкалык лидер Дональд Трамп андан кайра баш тарткан. Ошол эле күнү Ак үйдүн ээси Ирандан "алда канча жакшы сунуш" түшкөнүн билдирген болчу. Бирок Иран америкалыктар менен жолугуу планы болбогонун башынан эле айтып келет. 8-апрелде тараптар эки жумага атышпай турууну макылдашышкан, бирок андан кийин уюштурулган жолугушуу эч кандай натыйжа берген эмес. Вашингтон Ирандын портторун блокадалап, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын билдирди. Тегеран жооп иретинде Ормуз кысыгын жаап, жаңы сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан. Ал арада Трамп эч ким менен кеңешпестен эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартты. Президенттин айтымында, чечим Иран абалды жөнгө салуу боюнча сунуш даярдап, делегациялар жолукмайынча күчүндө болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1a/1100997479_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ffb513e284dd9b4e6fb3aed484a35d80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио